Коомубузда баары жасалма, караңгылык, түркөйлүк, эки жүздүүлүк, наадандык, билимсиздик жылдан жылга күч алып бара жатат. Айткан сөздөрүбүз менен кылган иштерибиз, ойлогон ойлорубуз менен сүйлөгөн сөздөрүбүз дал келбейт, көрүнгөнүбүз башка, ичибиз такыр башка

Орто кылымды чагылдырган кинолорду көрүп, “жакшы, ошол чакта, караңгы доордо жашабаптырбыз” деген ойлор, бүгүн андан беш бетер күндөргө туш болгонубуз тууралуу ойлор менен кесилишип, бир чети таң калсак, бир жагынан кайгырабыз.
Ойлорубуз, түшүнүгүбүз, деңгээлибиз белден ылдый жактан, бирөөнүн жеке турмушундан, ушактардан жогорулабай койду.

Жерлерибиздин одоно мыйзам бузулуп, жең ичинен кетип жатканын, мыйзам бузууларды, жарандардын укуктарынын тебеленишин – бирөөнүн чечинип, жылаңач болуп калганын талкуулагандай талкууласак жерлерибиз да кетпей, алмашуу жана башка болсо да ачык айкын шарттар, мыйзам чегинде чечилет беле, жарандарыбыздын, мекендештерибиздин укуктары тебеленбейт беле, балким.

Бирөөнүн эч кимге зыян келтирбеген сүрөт үчүн каргап шилеп тилдегенден көрө, жоопкерчилигин сезбеген, функциясын аткарбаган бийликтен, б.а. элдин кызматкерлеринен тыкылдатып отчет сурап, күнөөсү эбак эле далилденген казынага кол салгандарды, мамлекетке зыян келтиргендерди, табакташ кылбай жоопко тартуусун талап кылсак, өлкөдө мыйзамдуулук үчүн текке кеткен энергияны ошол багытта сарптасак болбойт беле.

Кыргыздар ыйык эле ыйык деп кыйкырабыз, ал ыйыктыкты күчүк кийип койгон калпак, чечинип койгон кыз, жигит бузат да, добуш сатуу, эки жүздүүлүк, кошоматчылык кылуу, элдик кызыкчылыкты жеке кызыкчылык үчүн сатуу такыр бузбайт да э? Бийликтин кошоматчылары ар дайым кошоматтануу үчүн ыңгай, шылтоо издешет, миң бир жаман окуяларга көз жумуп, кичинекей бир жакшы окуяны бийликтин укмуш эрдиги катары ырдап, сайрашат.

Постсовет өлкөлөрүнөн башка өлкөлөрдүн телеканалдарында бийликтин жасаган иштерин мактап-жактаган 24 сааттык ПИАР дээрлик болбойт, ал объекттер ансыз деле элдин акчасына салынган нерселер жана бийликтин, элдин кызматкерлеринин түздөн-түз функциясы, аны кыйраткансып элге милдет кылганга акылары жок.

Унчукпай эле жолдор, ооруканалар, мекемелер салына берет. Биздикилерчи?
Бүтө элек объект фонунда укмуш видео, фотолор тартылат го чиркин, кечке ал, боло элек иш, телевизордо бүткөн иштей укмуш рекламаланат, аны күнү-түнү кайра-кайра тегеретишет, анан анысы ошол боюнча бүтпөй да калат. Эч кимден талап отчет суроо да жок, жоопкерчилик да жок. Кошоматчылар аны кылынган иштер списогуна кошуп алып сайрай берет, тигилер да жасап салгансып укмуш сүйлөп, укмуш жүрүшөт, акыры жасап койгондоруна ишенип да алышат окшойт.

Кошоматчыларга сөз жок, кошоматтануу үчүн любой мүмкүнчүлүктү колдонушат го жанталашып.

Коомдогу жаман көрүнүштү айтып чыгышса, “мына эми буга да бийлик күнөөлүүбү” деп акылдуусунушат. Муну айтып чыкканы да мамкызматкер күйдүрүп, ушундай базисный нерселерди түшүнбөгөн, терең байланышын аңдабаган мээ кайгылар отурат жоопкер орундарда, алар өзүнүн деле функциясын так билишпейт, жоопкерчиликтерин да сезишпейт, албетте.

Коомду ар бир жаран түптөйт, элине жараша башчысы жана башка “бла-бла” сөздөр бар. Алардын тууралык жагы да бар, бирок ООБА коомдо болгон баардык көрүнүштөрдөн бийлик жоопкерчиликтүү!!! Жаман кызмат көрсөтүлүп жатат ар кайсы жеке жана мамлекеттик мекемелерде, таштанды ташталды, жана башка баардык майда-чүйдө көрүнүштөргө чейин бийлик күнөөлүү.

Анкени пенде, адам баласы дайыма оңой, кыска жолдор менен жүргөнгө, жаман жактарга барганга шыктуурак, эгерде системада мүмкүнчүлүк, жыртык бар болсо, аны колдонот. Бирок аны ооздуктап турган туура куралган система, мыйзамдуклук, туура түзүлгөн шарттар коомдогу менталиттети, тарбия таалимди, жүрүм турумду түптөйт, аныктайт.

Бул манипуляция бийликтин чабалдыгын актоонун бир түрү. Башка түрү – “сен эмне кылдың, андан көрө өз салымыңды кош, сүйлөгөндөн көрө пайдалуу иш жаса, кечке мамлекеттен талап кылбай, өзүң кыл” ж.б.у.с.

Бул абдан парадоксалдуу жана күлкүлүү манипуляция жана каяша оозду басуунун дагы бир түрү. Анткени ансыз деле жылдар бою эл өзүнүн жүгүн өзү артып, өзүн эле эмес бийликти да кошо багып, бийликтин функцияларын аткарып келе жатат. Ошентсе да чаржайыт аракеттер эч качан эффективдүү натыйжа бербейт, сазда эле эптеп чөгүп кетпей, сүзүп, калкып жүрө беребиз. Ал эми масштабдуу, түп тамырынан өзгөрүүлөрдү жасоо күчү, рычагы дайыма бийликте, биздин кылганыбыз океанда тамчыдай болуп, баары бир баардыгы бийликтин аракеттерине байланыштуу болот. Өлкөдөгү жалпы коопсуздук, жарандардын жеке коопсуздугу, жакшы билим берүү, медициналык коопсуздук, укук коргоо, жашоо шарттары жб.

Азыр резонанстуу болгон медициналык кызматкерлерин камоо боюнча эки тараптуу ойлор да ар бир тараптыкы өз алдынча туура көрүнүмүш эткен менен, эки жактыкы тең туура эмес жана ары радикалдуу, ары манипулятивдүү.

Туура, камалсын, биздин медицина канча кишилердин өлүмүнө себеп болгон деп камалганына сүйүнгөндөр айткан сөздөрүндө жүйөө, чындык болгону менен абдан радикалдуу ой жүгүртүшөт. Анда баардык жарандардыбызды эч кандай тергөөсүз, сотсуз, далилсиз, одоно укук бузуу, мыйзам тааныбастык менен камай берели.
Аны териштирүү убагындагы отчеттор менен чыныгы иш-чаралардын дал келбестиги, адистик, көз карандысыз баа берүү бул маселенин такыр башка бир чоң кыры, “а судьи кто” дегендей. Биз, негизи, баардык көрүнүштөрдө бир чыкпас айлампага кирип тегеренип калабыз. Анткени, системанын эч бир чынжыры жакшы иштебейт, баардык тармактарда чабалдык бар.

Ал эми медиктерде эмне күнөө, шарттар болбосо деген актоолор да такыр суу кечпейт. Медиктер ансыз да аз, анда баары кетет деген актоолор да туура эмес. Укмуш шарт түзүлгөн, баардык жабдыктар болуп, маяналар көтөрүлгөн учурда да билимдин оордун эч нерсе алмаштыра албайт жана көптөгөн каталар дал ушул фундаменталдык маселеден башталат.

Биздин медицинанын эң негизги маселеси жабдыксыз ооруканалар, аз маяналар эмес, биринчи кезекте төмөн сапаттагы билим. Бул жаңы кабар эмес, баарына маалым болгон факт, билимдин төмөнкү сапаты медицина эле эмес, баардык сфераларда бар.
Козу карындай болуп жыбырап кеткен саны бар сапаты жок, акча жасаш үчүн ачылган университеттер жана алардын деңгээли белгилүү.

Башка тармак жана бөлүмдөрдү айтпай эле коеюн, бирок 15 жылдан ашык убакыттан бери айтып келгеним – биз Акаев убагында эле толугу менен мамлекеттин бюджетинен болбосо да, мамлекет жөлөп, таяп, колдоп, жол ачып берип, башка мамлекеттин жардамы менен эчак Америка, Манас университтеринин негизинде факультет базасы болгон оорукана салынып, медицина факультеттери ачылып, ал жакта жалаң гана чет элдик профессорлор окутса, биздин медицина башка өлкөлөрдүн колу менен башка деңгээлге жеткирилмек.

Бирок Акаев да, андан кийинкилер да андай шарт түзүшкөн жок, чет элдиктерге керек болгонсуп, “откат”, “доля” каалашты, өз чөнтөктөрүн элдин кызыкчылыгынан жогору коюшту. Жадагалса салып берген оорукананы интрига, парда аркасы согуш, ачкөздүктөр, алдым-жуттумдук айынан жылдар бою ача алышкан жок.

Университтетер салып берген ооруканаларын ташып кетмек эмес, биздин жерде калмак. Алар өстүргөн, такшалткан кадрлар жаңы дем берип, системаны түп тамырынан өзгөртүп, жарандарыбызды ар кайсы жакка темселетпей ошол ооруканаларда өздөрү даарыламак. Чет элдик профессорлордон сабак, тажрыйба алган биздин жаңы докторлор ал билимдерди улам кийинки муунга өткөзмөк.

Негизинен баары кадрдык суроолордон башталат, бир киши баардык жактан көрөгөч, билгич боло албайт эч качан. Лидердин эң негизги функциясы – артынан чуркап, “мага чыккынчылык кылбайт, бийлигимди кармаганга жардамчы болот” деп дос тууганды эмес, “өлкөнү өнүктүрөт” деп ич күйдүлүксүз, эгосуз эң жакшыларды тандап, күчтүү команда куруу. Баардык президенттерибиз бул негизги функциясына келгенде абдан чабал болду. Ошого жараша баардык жакта чабалдык болду, өзгөрүү болгон жок, эл да мындай орунсуз жумуш орноштурууларга көнүп, нормалдуу кабыл алып калды.

Ошондуктан эл да өзүнчө отдел кадров болуп алды. Фейсбуктан мага окшоп көбүрөөк пост жазып койгон бирөөнү, анын таржымалын, постко ылайык кишилигин, пост үчүн адистигинин жеткиликтүү болоорун билип-билбей туруп эле өзүнүн тааныштарын, досторун, туугандарын ар бир макамга татыктуу деп кишиге чаптамай.

Ал кандидаттар да өзүнө укмуш уверенный, баары нарцисс. Башында эчтеке жок болсо деле, коомдо ар бири өзүн кеминде бир хан көрөт, мен барсам эле укмуш кылып салам деп ойлойт жаман ойунда. Иш жөнүндө түшүнүгү болгон да, болбогон да, баардык жоопкерчиликтин жүгүн терең сезе албайт. Баары көкүрөк чаап мактанат, бирок өзгөрүү жок.

Уулуларымдан, мугалимдеримден, жашоодон алган тажрыйбамдан – киши канча улук болсо ошончо жөнөкөй болоорун көрдүм, андайларга таң калдым, суктандым.

Канча баш даарыгер алмашты. Баардыгы алдындагы жоопкерчиликтен апкаарып, адыраңдап, сүйүнүп кетпестен, “кыла аламбы”, “колумдан келеби” деп кооптонуп турду. Коллегалардан келчү сын, жөлөк, колдоого, сунуштарга, эски баш дарыгердин кеңештерине ачык экендигин белгилешип, башында эле “ката кечирсек кечириңиз, оңдоңуз, ишибизди аткара албасак башка кесиптешибизге өткөзүп берүүгө даярбыз” деп кеп салышты. Бизде кандайдыр бир тармактын ар кайсы деңгээлинде бул мүмкүнбү? Ар ким өзүн реалдуу баалап, жоопкерчиликти сезе билеби?

Бул фейсбук отдел кадрынан мага да бир канча жолу министр болуу сунушу келген эле.
Мен бир хирургмун, өзүмдүн гана ишимди билем. Керек болсо, океандай болгон медицинанын баарын билбейм, керектүү жерде пациентим үчүн өз адисине кайрылам. Бир тармакты башкаруу ал тармак жөнүндө билимден тышкары, иштетүү (менеджмент) негиздерин билүүнү, белгилүү бир характеристикага таандык болууну да талап кылат. Мен бул талаптарга жооп бербейм. Катуу кетсем, балким, өзүмдүн пикиримди бөлүшкөн бир кеңешчи боло алаармын.

Бир канча жеке ооруканадан жаңы ачылып жатышкан кезде “пластикалык бөлүм, кафедра ачалы башчысы болбойсузбу” деген сунуш келген. Мен килейген бир тармакка эмес, ушул бөлүм башчылыгына да тажрыйбамды жетиштүү деп санаган жокмун, анкени педагогика боюнча жетиштүү тажрыйбам жок.

Анын ордуна, күчтүү кафедра ачканга ниет коюлса, мен сүйлөшүү жүргүзүп, өзүмдүн кыйын мугалимдеримден алып келип, алардын алдында үйрөнчүк болуп иштемекмин. Анткени, бир нерсени толугу менен эффективдүү өзгөртөм десең, ал иштеги эң жакшыларын, ар түрдүү жакшы шарттар менен ишке тартышың керек. “Орто”, “жакшы” дегендер менен каанаттанбаш керек.

Өлкөдөгү кырдаалдардан улам жылдар бою мамлекетибизден мигрант болуп, экспат болуп, окуучу болуп миңдеген, миллиондогон жарандар тышка чыгышты.

Салыштырууда баары тагыраак көрүнөт эмеспи, көп нерселерге көз ачылат. Бирок биздин өлкөдө төбө чачы тик турчу окуялар болгондо; ар кайсы факторлор, шылтоолор, манипуляциялар менен актаганын көргөндө, биздин коомубузду, биздеги жаман көрүнүштөргө такыр эле жат, өөн болгон, биздин коом үчүн жылдар бою нормалдашып калган көрүнүштөрдү нормалдуу көрбөгөн, эч кандай шылтоо айтып актабаган, аларды принциптүү түрдө кабыл албаган гана адамдар өзгөртөт деген ойго келдим.

Анткени, биз чет элге чыксак да, калыптанып калган көрүштөрдү, ага болгон мамилебизди кээде такыр өзгөртпөй коет экенбиз. Менталитетибизди, түптөнүп калган туура эмес көз-караштарыбызды да кошо ташып жүрөт экенбиз.

Дос, тууган, коллега, тааныш деп эле укмуштуу, кээде үрөй учуруучу көрүнүштөрдү, башка коомдордо кабыл көрбөгөн нерселерди деле ар кандай шылтоого ороп актай берет экенбиз. Коомубузда уулу, кызы, апасы, атасы, тууганды кой, тааныш, улуу, кичүү, кесиптеш, тиги бу деген түшүнүктөр менен эле көбүнчө калыс, адилеттүү нерсе айтылбайт экен, так, туура баа бербейт экенбиз.

Биздин көп структураларды да толугу менен, түп тамыры менен өзгөртүү үчүн, эң профессионалдуу чет элдик адистерди ар түрдүү шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берип, иш аракеттерине жолтоо болбой, тескерисинче, аларга тирек болуп, кызыктырып, өлкөбүзгө тартышыбыз керек.

Чет элге чыгып келсе деле аң сезими, менталитети, ар кырдуу көрүнүштөргө көз карашы өзгөрбөгөн, кайра эле трайбализмди, укуктуулук эмес тааныштык, билиштикти жактагандарды эмес, мындай көрүнүштөргө өөн кесипкөй адистердин жардамы менен бул саздан чыга алабыз деп терең ишенем.

Бул жолду жолдоп, өлкөнүн реформаларын экспаттардын колу менен кылган өлкөлөр тарыхта да көп болгон, учурда да бар. Мисалы, түрк медицинасын көптөгөн европалык окумуштуу, окуутучулары түптөп, кийин ошолордон өлкө ичинде билим алгандар, ал өлкөлөргө барып окуп келгендер уланткан. Азыр болсо ал өлкөлөрдөн да Түркияга даарылануу үчүн келишет. Арап өлкөлөрүндөгү университтерде, мектептерде жалаң экспаттар сабак берет, иштин баарын, менеждментти экспаттар жүргүзөт, ал эми жергиликтүүлөр кагаз үстүндө партнер болгону менен дээрлик иштерди алып баруу, жүргүзүүгө катышышпайт.

Бизде да ар кайсыл тармактарда иштеп чет өлкөдө жүргөн, адистигин өстүргөн, тажрыйбасын топтогон, көз караштары өзгөргөн көптөгөн жарандарыбыз бар.
Алардын бир бөлүгү келип, өлкөдө аз-аздан өзгөртүү жасоодо. Бирок бул абдан жай жана эффективдүү эмес жол. Алардын баарынын адистик, кишилик досьелерин изилдеп, массалык түрдө өлкөгө тартуу, иштөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү бул жолду бир кыйла кыскартат. Бирок бул да баары бир масштабдык түрдө жетишсиз болот. Аны менен чогуу баардык тармактарга, башкаруу, менеджмент жагына жакшы шарттар менен абдан кесипкөй, бул жаштарыбыздын мугалимдери болгон экспаттарды да кошумча тартсак, баардык тармактарда, кыска убакытта, түп тамырдан эффективдүү өзгөртүү жасоого чоң шарт түзүлөт.

Айнура Сарыбаева