Күрттөрдүн ХДП партиясы 2023-жылкы президенттик шайлоого өзүнүн талапкерин чыгарабыз деди. Мындай чечим шайлоонун жыйынтыгын экинчи турга калтырышы мүмкүн. Анткени анкеталар боюнча, Эрдоганга берилчү добуштар 2014 жана 2018-жылкы шайлоолорго караганда азырак…

Эгер Тайып Эрдоган биринчи турда 50+1%га жетпей калса, алты партиядан турган оппозициялык блок экинчи турда күрттөрдүн ХДП партиясына ого бетер карыздар болуп калат. Учурда жабылуу алдында турган ХДП жүз миң кол топтоп, саясат кылууга тыюу салынбаган эң күчтүү талапкерин шайлоого аттандырмакчы.

Буга чейин, бийлик террорчуларга жан тартат деп күнөөлөгөн, ХДПга дистанция кармаганга аракеттенген оппозициячыл “Алтылык үстөл” күрттөргө карата ниети, тили жана аракетин бир аз өзгөртүүсү шарт.

Анткени, ХДПнын күрт шайлоочуларын өз талапкери үчүн жандандырганы “Алтылык үстөл” үчүн да пайдалуу. Эгер күрт партиясы талапкерин чыгарбаса, “Алтылык үстөлдүн” талапкери Эрдогандын медиасы менен “укук менен кордоочу” органдарынын зомбулугуна туруштук бере алмак эмес.

ХДП талапкер чыгарам дегени – “биз силерди колдобосок, экинчи турда ойрон болосуңар” деген каңкуусу менен “Алтылык үстөлдү” мурунга соккону. Ошондуктан мындан нары саясий соода ачык-айкын боло баштайт. Кир саясий соодага көнүп алган Эрдоганды карап туруп, “Алтылык үстөл” менен ХДП таза саясий соода эмне экенин көрсөтүшү керек.

Анткени “Алтылык үстөл” 10%дык күчү бар күрт партиясына канчалык муктаж болсо, ХДП да, Эрдогандан эң көп запкы чеккен партия катары, ИЙИ партиясынын түрк улутчулдары менен ЖХПнын социалисттеринин 40%дык күчүнө муктаж. Эгер саясий соодалары ишке ашпай калса, Түркиянын бардык адилеттүүлүктү талап кылган демократтарына чыккынчылык кылган болушат.

ХДП өткөн шайлоодо түрмөдө жаткан лидери Силахаддин Демирташты президенттикке талапкер көрсөткөндө, ал 8,4% (4,2 млн) ой алган. Ошол эле датада өткөн партиялык шайлоодо ХДП 10,76% (5,8 млн) добушка жеткен. Талапкери менен партиясынын топтогон добуштарынын айырмасына карап туруп ХДП да, “Алтылык үстөл” да туура талапкер жана ураандарды тандап алышы керек.

Эрдоган учурда күрт партиясы жана улутуна көө шыбоого өттү. ХДПны жаптырып, Сириядагы күрттөргө каршы аскердик аракеттерди кылып, түрк улутчулдугун ого бетер ырбатуу аракетинде. Бирок мунун баарын жеке бийлигин улантуу үчүн гана кылып жатканын катардагы түрк шайлоочудан бери түшүнүп калды. Ошондуктан “Алтылык үстөл” күрттөргө карата тилин жаңыласа гана алардын көңүлүн жана оюн ала алат.

Эрдоган экинчи турга калса, эң биринчи кезекте оппозиция тараптагы улутчул жана динчил шайлоочуга май-талкан сунуштайт. Алар тарапка “капкайдагы күрттөрдүн”, “дин эмне экенин унуткан алевилердин” талапкерине ой бересиңерби деп шайтаний ураандарын ыргытат.

Жансакта Сарбашов