Өткөндө Стамбулда «Исмаил ага» жамаатынын лидери Махмут Уста-Османоглу 93 жашында көз жумду. Бул жамаатка мүчө болгондордун так санын айтыш кыйын. Бирок 100 000ден ашуун студенти (илим талабасы), б.а. ошол жамааттын доктринасын медреселеринде активдүү окуган окуучулары бар…

Активдүү окубаганы менен, жамааттын иш-чараларына катышкан, мечиттерине барып баян уккан, китептерин окуган, интернеттеги видео-сабактарына катышкан кишилерди кошкондо, канчалык чоң экенин сиз ойлонуп көрүңүз… Бул жамаатка мүчөлөрү тарабынан белек, хадия, мүлк багыштоонун көлөмү, көпчүлүктү туура жолдон чыгара турганчалык бар…

Кыскасы өткөндө лидери көз жумган соң, жаңы лидер ким болот деп ызы-чуу болушту. Уста-Османоглу бир учурларда кудасынын бирин дайындап кеткен экен. Анан ал киши мен лидермин деп жатса, жамааттын ичиндеги «оппозиция» буга макул болгусу келбеди окшойт.

Жамааттын Түркияга эң таанымал шайыктарынан (баян, масала айткыч) Чепкенчен Ахмет (Жуббели Ахмет) деген дамылласы: «Ооба, шейхибиз убагында кудасын келерки лидер деп дайындаган, бирок өмүрүнүн соңуна жакындаган учурда, ал оюн өзгөрткөн. Андыктан жамааттын лидери дагы деле Уста-Османоглу десек болот. Уста-Османоглуна чейинки лидерибиз болгон азрети шейх Али Хайдар деле өлгөндөн кийин, 2 жылдай жамаатты башкарган. Андыктан, азыр азрети Уста-Османоглу өзү эле мазардан башкарып тура берет, лидер издештин кереги жок. Мазарда жатып алтургай тирүү кезинен дагы да жакшы башкарат. Керек болсо, өткөндө менин түшүмө да келип кетти…» деген имиш…

Кызык, «…лидер эски бойдон калсын. Болгону анын ал менин түшүмө кирип мага айтат, мен силерге айтам»,- дегени, бир сөз менен айтканда, «шустрыйлык» да. Бул, адамдын өлүгүн да колдонгонго жатат. Чепкенчен Ахмет бир учурларда жамааттын мүчөлөрүнө күйбөй турган кепин, чокту кечсе да тешилбей турган тапичке рекламалап жүргөн; кыскасы, “алгыла, көргө киргенде оттон, азаптан сактайт” деп… Бир учурларда бел кубаттан тайган эркектерге арнап бир китеп чыгарып саткан. Башкача айтканда, андагы дубаларды окуса «айгырдай» болуп кетет имиш…

Эми мынтип «Менден кийин сен болосун»,- дебей койгон экен, өлгөн кишини да тынч уктаткысы келбей жатат окшойт. Ыраматылык Чубак ажынын көзү өтөөрү менен «Тирүү болгондо мен менен шайлоого бармак, мени колдомок, мага минтип сөз берген эле…» деп биздин саясатчылар да ошол пастыкка барган болчу…

Не дейбиз эми?

Булардын баары караңгылыктан улам болуп жаткан көрүнүштөр. Андыктан агартууну күчөтүү – шарт. Демек, Кудай, жазалагысы келген кишинин, өзү тиккен кийим менен тосуп коюусуна, «дуба медицинасына», «мазардан башкаруу» системасына ынанган жүздөгөн миң үммөт бар экен да… Бул үммөт мындай аң сезимге ылайык болбошу керек эле. Тилеке каршы, аң-сезимдик кризис ушуга алып келди…

Биздин өлкөдө абал буга жете элек, бул жагы жакшы. Бирок, кудум ушул нукта илгерилеп баратат, мунусу жаман. Мисалы, дем салынган суу, окутулган кара зире (тмин) саткандар бар. «Менин компаниям менен барсаңар көп сооп болот» дей албаса да, катарынан тизилген тур-компанияларды ачып алып, кийин баяндарында умрага баруунун пазилеттерин максималдуу жаадыргангар, «Менден алып же/ич» деп түз айтпаса да, бир тараптан бал, кара зире, зам-зам суу ж.б, бизнести ачып коюп, булардын пайдаларын пайгамбардын хадистерине ороп туруп жаадыргандар – мындай абалды так көрсөтүп турат…

Андыктан, сөз ээсин тапкан кишилер кыргыз коомун кайда жетелеп баратканын бир ойлонуп койсо жүдаа жакшы болот. Оңой-олтоң бир өтүнүч айтпай, “Ойлон!” деп, сиздерди кыйнап жаткандыгыбызды билебиз. Сиздерге кыйын…, үзүр эми бул үчүн… Бирок айла жок, ой жүгүрткөн сиздерге түйшүк жараткан иш болсо да сунуштаганга мажбур болуп жатабыз да… Себеби, абал тим койгонго такыр болбой турганчалык абалга кептелди …

Кыскасы окуш керек. Анан да, азырынча буларга алданбаш үчүн, эмне кылыш керек десеңиздер, урматтуу идиректүү окурман «Биздин дамылланы гана угуңуз!» деген сөздү угуп калган жерден, дароо алыстаңыз демекчимин…

Элмурат Кочкор уулу