Орусия Федерациясынын Госдумасына сунушталып жаткан мыйзамдарга карасак, орус бийлиги Украинага каршы согушту үч жылга чейин пландап жатканын байкаса болот. Ага байланыштуу репрессивдик мыйзамдар менен аракеттер көбөйүп, орус экономикасы бара-бара согуштук рельстерге өтчүдөй көрүнөт

Согушту колдобогон жана ага каршы чыккан жарандарына карата чара колдонуу жөнүндө мыйзам долбору бул аптада Госдуманын экинчи жана үчүнчү (акыркы) окуусунан өтүп жатат. Ал боюнча душман тарапка өтүп кетүүгө, ОФ’га каршы куралдуу кагылышууга катышууга жаза каралган. Бирок, эң коркунучтуусу, “шпиондук” деген айып менен Орусиянын ар бир жаранын камап коюуга, же камайм деп коркутуп, каалаган “атайын аскердик операцияга” жолдоп жиберүүгө жол ачылат дейт эксперттер.

Анткени аталган мыйзам долбору боюнча, “согуштук каршылаш” катары “согуштук кагылышууда же башка аракеттерде курал же аскердик техника менен ОФ’га каршы келген” чет мамлекети жана чет өлкөлүк уюм менен кызматташкан киши шпион катары каралат. Мындай айып боюнча соттордун дээрлик бардыгы жабык өтүп, ага эксперт катары ФСБ’нын кызматкери тартылат. Бул долбор боюнча минималдык жазалардын мөөнөтү көтөрүлүп, кээ бир беренелеринде максималдык мөөнөттөр каралган.

Шпиондук берене боюнча, киши, кандайдыр бир себеп менен, ОФ катышкан атайын аскердик операцияга байланыштуу, ага зыян келтирчү маалыматты чогултуп же сактаса, анысы шпиондук аракет катары бааланышы мүмкүн. Мисалы, интернеттеги соцтармактагы лентаңыздан, каналыңыздан же баракчаңыздан “ФСБ’нын эксперти” ошондой нерсе таап алса, кылмыш жазасына тартылышыңыз мүмкүн.

Учурда, мисалы, ОФ’да Фейсбук менен Инстаграмм “экстремисттик уюм” деп табылып, алардын логолору “экстремисттик символика” катары каралат. Аларды, б.а. “экстремисттик уюмдун атрибутикасы менен символикасын” “элге ашкере көрсөтсөңүз” (публичное демонстрирование) кылмыш жазасына тартыласыз. Бирок “элге ашкере корсөтүү” деген формулировка мыйзамда ачыкталган эмес. Телефондо мындай тиркеменин болгону бул беренеге туура келип калбайбы, деген суроо да пайда болот.

Экономикалык мыйзам долборлору

Орусия Федерациясынын Госдумасына “Кыска мөөнөттүү өтө зарыл муктаждыкка” байланыштуу деген формулировка менен, премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон мыйзам долборлору келип түштү. Жүйөөсүнөн көрүнүп тургандай, сунушталган мыйзамда талап кылган мөөнөт жана муктаждык так аныкталган эмес. Аталган долбор биринчи окуудан өтүп, ушул же күзгү сессияда кабыл алынганы турат.

Бул мыйзам долбору, согуш кошумча жумуш күчү менен жабдыктарды талап кылып жатканын, айтып турат. Ал орус өкмөтүнө экономикада атайын чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи. Демек, аты аталбаса да, ОФ’да өзгөчө жана согуш кырдалындагы чаралар киргизилип баштады десек болот. Ал боюнча кишилерди жумушка тартуу, жеке менчик унааларды конфискация кылуу, менчик ишканаларды согуш үчүн иштетүү каралат.

ОФ’нун президенти Владимир Путин, мыйзамда каралгандай, өзүнүн Указы менен согуштук кырдал жарыялап, ансыз деле өлкөсүнөн кача баштаган жарандарын үркүтпөш үчүн, өкмөттүн атынан “Кыска мөөнөттүү өтө зарыл муктаждыкка” байланыштуу чараларды киргизип атканы анык. Мыйзам долборунда, орус бийлиги айтмакчы, согуш эмес ”атайын аскердик операция” “ОФ’нун сыртында жүрүп аткан” деген формулировка менен такталган.

Бул долбор боюнча “резервдерди жана резервдик фонддорду консервациядан чыгаруу” чарасы да каралган. ОФ’нун коргоо министрлиги, согушка катышам деген кишилер жана жеке менчик ишканалар менен келишим түзүүгө, жана, эң кызыгы, ал келишим ишке кирген учурда, кырдалга жараша, аны өзгөртүү укугун алмакчы. Мындай аракеттер да согуштук кырдалга ишарат кылып турат.

Ушул эле мыйзам долборун ОФ’нун Эмгек кодексине киргизилчү өзгөртүүлөр коштоп келген. Анткени, жогорудагы, “ОФ’нун сыртындагы атайын аскердик операция”, жумушчуларды нормадан сырткары (түндө, дем алышта, өргүү учурунда) да иштетүүнү талап кылганы турат. Эгер согуш кырдалы киргизилсе, жумушчунун нормадан сыркары иштегени үчүн (биринчи сааты үчүн 2, кийинки сааттар үчүн 1,5’кө көбөйтүлгөн акы) мамлекет компенсация төлөмөк. Учурдагы өзгөртүүдө компесация тууралуу эч кандай сөз жок.

Жогоруда аталган өзгөртүүлөрдөн сырткары ОФ’нун Каржы министрлиги “бюджеттик оптимизация” деген формулировка менен, экономисттердин тилинде “бюджеттик секвестр” (чыгымдарды кыскартуу) деп аталган чара киргизүүнү сунуштап жатат. Ал боюнча кээ бир багыттагы госпрограммаларды, келерки үч жыл бою, эң аз дегенде, 500 млрд рублга кыскартуу каралган. Эң көп каражат транспорттук системасы менен илимий-технологияны өнүктүрүү тармактарынан кесилмекчи.

Бул кыскартуулар мунай-газдын баасы эбегейсиз өскөнүнө жана ОФ’нун бюджети, кээ бир анализдер боюнча, күндө миллиард долларга толукталып жатканына карабай киргизилмекчи. Эксперттер мындай кыскартуулар согушка кеткен чыгымдар катуу өсөрүнө ишарат кылып турат деген ойдо.

Таалайбек Маматов