2018-жылы АМАЗОН “PillPack” аттуу бир онлайн-аптеканы сатып алат. Амазондун бул тармакка киргенин көргөн башка фармацевтикалык компаниялар тынчсыздана башташат. Себеби Амазон кайсы тармакка кирсе, ошол жактын монополисти болуп чыга келет

Амазондун колундагы куралдар өтө күчтүү болчу. Чындап эле ошол түнү башка фармацевтикалык компаниялардын акциясынын баасы дароо 6-11%’га азайып кетет.
Амазондон бир эле чакан компаниялар эмес жадагалса GOOGLE мене META (FACEBOOK) да корко баштады. Себеби анын колундагы эбегейсиз чоң каражат жана ыңгайлуу инфраструктурасы кардарларды өзүнө тарта баштайт. Анын Alexa аттуу үн менен издөөчү сервиси Гугл менен теңтайлашып иштеп жатат. Элдер жазып отурбай эле үн менен каалаган нерсесин издеп калышты. Гуглдун тынчсызданганы ушундан улам.

Дагы бир кызыктуу окуя. 2009-жылы Амазондун бир менеджери QUIDSI аттуу балдар буюмдарын саткан интернет-магазиндин жетекчисин чайга чакырат. “Кел эми брат, магазиниңди бизге сат”? – дейт. Тиги макул болбойт. “Кой эми, сата берсең жакшылык менен сурап атканда”, – десе да сатпай коет. “Анда өзүңдөн көр, байкеси”, – деп чыгып кетет. Барып дароо AMAZON MOM аттуу долбоор ачып, баалар боюнча агрессивдүү демпинг кыла башташат. Бир канча айдан кийин тиги байкуштар өздөрү Амазондун эшигине келишет. Бул жолу AMAZON аябай чоң скидка менен тигилерди сатып алат.

FACEBOOK LIVE жана FACEBOOK WATCH менен атаандашуу үчүн TWITCH жана AMAZON PRIME VIDEO сервистерин ишке салат. Жарнамалардын агымы Амазонго бурула баштайт. Фейсбук 2019-жылы расмий түрдө “биздин эң ири атаандаштарыбыздын бири – бул Амазон” деген билдирүү таркатышат.

Амазон APPLE’ге атаандаш болуш үчүн акылдуу гаджеттерин чыгарууда. MICROSOFT өзүнүн AZURE аттуу веб-сервисин атайын Амазонго атаандаш болуу үчүн чыгарат. Бирок дагы деле Амазонго жетпей жатат. Мисалы НЕТФЛИКСТИН кинолорун биз дал ушул Амазондун AWS-сервиси аркылуу көрүп келатабыз.

Элестеткиле эми, бир эле компания продукты сатат, китеп сатат, дары сатат, гаджеттерди сатат, кино тартат, кино сатат, башка кино саткан компанияларга серверин сатат, анысы аз келгенсип бардык саткан товарларын өзү жеткирип берет. Мында Амазон FedEX жана UPS менен атаандаш.

Кыскасы Амазон бардык тармактын баш оорусу болуп келатат. Ал эле эмес былтыры Илон Маскка атаандашып космоско уча баштаганына эмне дейсиң?

Ошон үчүн Амазонду жөнеле IT-компания деп айтуудан алыс болуш керек.

Амазон бул – ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК КОМПАНИЯ. Ал бизнестин диктаторуна, тиранына окшой баштады.

Сүйүн Өткеев