Бүгүн 7-апрель, 2010-жылдын 13 жылдыгы. Ага карай, байкуш журналисттер ар жыл сурачу суроолорун дагы сурап башташты. Аларды да түшүнсө болот. Бул жерде бул маселе боюнча бир-эки ойлорду айта кетейин

Ал окуялар элдин жыргап кеткенинен болгон эмес. Жашоо шартына жана ошол шартка алып барган башкаруу ыкмаларына каршы нааразылыктын бышып жетилишинен болгон. Ал нааразы кылган шарттар эмнелер эле? Адилетсиздик эле, мыйзамдын бийлик каалоосуна курман болгондугу, бийлик тобунун өз билгенин кылганы, президенттин туугандары, балдары бийликти колго алып, аны өз чөнтөгүн толтурууга ап-ачык колдонуп киргени. Ошондой жол менен бараткан бийликке “болбойт, токтот” дей алган, тең салмактуу бийлик бутактары жок болгон. Парламент “чөнтөк парламент” болгон. Соттор, дайымкыдай эле, чөнтөк соттор болгон. УКМК, прокуратура, жана башкасы, баарысы бийлик башчыларынын, өзгөчө бийлик “балдарынын” ыктыярына каршы боло алган эмес. Ошол арбыган өзүм-билемдик бийлиги, анын мыйзамды курал катары колдонгону, адилетсиздиги, элди буулуктуруп отуруп, Таластан баштап көтөрүлүп чыгууга түрткөн.

Баса, анчалык деле жакырчылык, экономикалык кыйынчылыктар себеп болгон эмес экен. Азыр ошол жылдардын экономикалык көрсөткүчтөрүн карасаң, тескерисинче, жакшыраак эле өнүгүү болуп жаткан. Демек, ал ыңкылап ач калган кекиртектин эмес, жүрөктөгу адилеттик өксүгүнөн болгон.

Анан азыр, 13 жыл өтүп, “2010-жылкы ыңкылап максаттарына жеттиби” деп сурап жатабыз, жообун соп-сонун эле билип туруп. Бирок мен айтайын дегеним – бираз кылдат карасак, ал окуяларда, ошол жылы, конкреттүү, бардык катышкан кишилер макул болгон, же бүткүл өлкө макул болгон максаттар болгон эмес. Максаттар ыңкылаптарда коюлбайт. Жалпы самоолор, каалоолор болгон, жакшыраак, адилеттүүрөөк бийликке умтулуу, үмүт болгон, жана начар бийликтен арылуу каалоосу болгон. Бирок так коюлган максат болгон эмес. Андыктан, жыл өткөн сайын, “максат ишке аштыбы” деп, экзамен сыяктуу сурай бергенибиз бираз орунсуз.

А жакыш бийликке, адилеттүүлүккө болгон каалоолор ишке аштыбы, ошондой бийликке жетиштикпи деп сурачу болсок, албетте, жооп берсек да болот. Андан жакшыраак бийликтин бир татаал, комплекстүү жолун карап көрдүк – парламенттик башкаруу жолун. Айтууга оңой, элестетүүгө да оңой болгон бул түшүнүктүн ишке ашуу жагы эң эле татаал маселе. Жүздөгөн мыйзамдар, жүздөгөн коомдук институттар, бир нече жылдар, миңдеген мамлекеттик саясат ишкерлери, жалпы коомчулук, жана толтура башкалар – баарысын тизмектеп, ошол максатка шайкеш келтирүүбүз керек эле. Арийне, 10 жыл аракеттин натыйжасында, ал ыкма ишке ашпай калды. Негизинен, аны ишке ашырчу, колуна ошол бийликтин учтарын кармап келген жуздөгөн, миңдеген кишилер парламенттик башкаруу эмне экенин да түшүнбөдү, туура, элге пайдалуу нукта алып да баралбады. Коррупция, билимсиздик, кыска мөөнөт кызыкчылыктар, туруксуздук, жана башкалар акырында ал адал багытты жокко чыгарды.

Анан, ал багытты четке кагып, 2020-жылдын октябрында, башка бир жолго түштүк. Ошол жаңыдан баштаган багытты улап келатып, бүгүн, апрель ыңкылабын эскерип, “ал ыңкылаптын максаттары ишке аштыбы” деп сурабай, мүмкүн “ошол ыңкылапка себеп болгон шарттар азыр эмне болду” деп сураганыбыз оң болоттур. Ооба, жакыр деле эмеспиз (бирок жакыр жашаган элдин пайызы кескин өстү), экономика өсүү динамикасын деле көрсөтүүдө. Бирок, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук, бийликти бир муштумга үйүп алып каалагандай калчаган көрүнүш. Ошондуктан: “Так ошол 7-апрелге алып барган көрүнүш – азыр орун алып калбадыбы? Эски жолго кайра түшпөдүкпү?, – деп сурап туралы, жок дегенде.

Эмилбек Жороев