Рахат Акматова – 19 фев. 2016-жыл

“Жылкы жылкы жылкыдыр, жылкы элдин мүлкүдүр” демекчи жылкы баласы ар убак адамга атакты, байгени жана ийгиликти алып келип турган асыл жандык. Бекеринен аргымактын жакшысы чапса байге, сатса пул деп айтылбаган чыгар. Бүгүн биз ат спортуна из салуу менен тарыхта аты калган Абсент аттуу тулпар туурасында сөз кылмакчыбыз

Ахалтекин асылдуу айгыры Абсент 1960-жылы Римдеги Олимпиадада 1-орун алган. 1964-жылы Токиодо үчүнчү келген. 1968-жылы Мехикодо өткөн Олимпиадада 4-орун алган. Постсоветтик мамлекеттердин арасынан бир дагы ат мындай сөзгө аларлык натыйжа көрсөтө элек. Абсент тукумдуулугу жагынан, тукумунун сапаттуулугу тарабынан да башка айгырларды алдыга чыгарган эмес. Азыркы кезде да анын балдары жарыштарда мол байгелерди алып келүүдө.

Күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт

Абсент 1952-жылы Жамбыл облусундагы Мерке районуна караштуу «Луговской» совхозундагы №49 жылкы заводунда туулган. Атасы Араб (аскердик аты – Казбек) маршал Жуковдун сүйүктүү аттарынын бири болсо, энеси атактуу ахалтеке тукумундагы Баккара аттуу бээ болгон. Абсенттин тулпар болушу атасы менен тыгыз байланыштуу десек жаңылышпайбыз. Себеби атактуу аргымактардын бири Араб 1935-жылдагы Ашхабад-Москва ат чабышына катышып, байгелүү орунду алган. Араб мындан сырткары да бир канча союздук мелдештерди утуп жүргөн буудан. Мына ошол атактуу тулпардын мыкты сапаттары Абсентке да өткөн десек болот.

Саяпкери жарашса, күлүктөн күлүк чыгаар

Абсентти 1955-жылдан тарта Алма-Атадагы ат спорту мектебинде машыктыра башташкан. Болочоктогу атактуу аргымак 1956-жылы СССР элдеринин спартакиадасына катышып, 4-орунду алган. Ушундан кийин Абсентти жылкы заводуна кайрадан кайтарып беришкен. Кийин 1958-жылы бүткүл союздук айыл-чарба көргөзмөсү өтүп, ал жерден советтик мыкты саяпкер Сергей Филатов Абсентти көрүп калган. Андагы тулпарлык сынды байкаган саяпкер аны таптоо ишин өз колуна алган. 1959-жылдан баштап Абсент Филатовдун колундагы негизги аттарынын бири болуп калган. Атактуу саяпкердин тулпар тууралуу төмөндөгүчө эскергени бар: «Абсент таптоодо баладай тил алчаак жана бөтөнчө жеңил. Бирок азоо. Аны камчылоо тууралуу ойлоп да койбош керек. Андай жазаны көпкө чейин унутпайт. Абсент менен иш алып барганымда аны катуу жазалаган жокмун».

Римди багындыруу

Абсент СССРдеги эң атактуу аргымак. Филатов аны менен 5 жыл ичинде, тактап айтканда, 1959-жылдан баштап 1963-жылга чейин удаасы менен 5 жолу СССРдин биринчилигин багындырган. Спорттук карьерада удаасы менен 5 ирээт биринчиликти камсыз кылуусун эң мыкты көрсөткүч десек болот. Абсентке болуп көрбөгөндөй атакты алып келген жеңиш 1960-жылы Римде болуп өткөн 17- олимпиадалык оюн болду. Андагы ат чабышта Филатовдун тулпары марага биринчи келип, бүткүл СССРдин желегин желбиретти. Бул ошол мезгилдеги дүйнөнү дүңгүрөткөн окуя эле. Советтик ат спорту үчүн биринчи жолу космоско учкандай эле эбегейсиз зор жеңиш да, жаңылык да болгон. Абсентти таптаган Сергей Филатов Советтер Союзундагы ат спорту боюнча эң биринчи олимпиада чемпиону катары тарыхта калган. Абсент баш-аягы Римде, Токиодо жана Мехикодо өткөн 3 олимпиадага катышып, үчөөнөн тең байгесиз кайткан эмес. Атактуу аргымак советтик ат спортуна 18 жылдан ашуун кызмат өтөгөн.

Даңазалуу аргымактын сыны

Эзелтен күлүктүн күлүктүгү сынынан эле байкалат эмеспи. Жарыктык буудан караган көздү кадалткан келбетке ээ болгон. Маңдайындагы кашкасы бөтөнчө жарашык берип, көркүнө көрк кошуп турган. Бардык жагынан шайма-шай келген тулкусу Москвалыктарды бөтөнчө суктандырар эле. Ар бир кыймылына бүтүндөй ат спортунун өкүлдөрү таңданып да, тамшанып да бүтө алчу эмес. Айрыкча, өтө жөндөмдүү жылкы болгондуктан саяпкерин кыйнабай, тапка тез келген. Анын мындай кыймылынын жеңилдиги, арышынын кеңдиги, келишкен мүчөсү, элпектиги, айтор, бардык сапаты аны 1 жыл ичинде СССРдеги сай күлүктөрдүн чыгаанына айландырган.

Абсенттин тукумдары

Абсентти кийинчерээк, спорттук карьерасы аяктаган соң, өз мекенине жиберишкен. Андан кийин ал Ысык-Көлдүн жээгиндеги №54 жылкы заводго алынып келинген. Негизинен Абсенттен спорттук карьерасы менен катарлаш эле тукум да алып турушкан. Жалпы жонунан андан жетимиштен ашуун тукум алынган. Алардын арасынан рекордчу катары Аметист эсептелсе, Эльба, Домбай, Абакан, Аргумент, Аконит деген балдары жакшы жетишкендиктерди көргөзгөн. Советтик спортун чебери, дүйнө чемпиону, Европа жана олимпиада оюндарынын чемпиону Елена Владимировна Петушкова Абсенттин тукуму Абакан менен бир нече жеңиштерге жеткенге үлгүргөн. Бирок бул тулпардын эрте өлүп калышы анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн ачууга мүмүкүнчүлүк берген эмес. Абакан 1976-жылы дүйнө чемпиону болуп, курама команданын катарына кошулуу менен ат спортунун тарыхына өз изин калтырып кеткен.

Абсенттин кийинки тукумдары да чыгаан күлүк чыгып, дүйнөдөгү күчтүү күлүктөрдүн катарын толуктоо менен байгелүү орундарды ээлеп келет.

Тасмада калган Абсент

1975-жылы “Казахфильм” студиясында Ораз Абишевдин режиссёрлугу менен “Абсент – Араб жана Баккаранын уулу” деген аталыштагы даректүү тасма тартылган. Атактуу тулпар көз жумар алдында 8 жыл таптаган саяпкери Сергей Филатов жолугуп кеткен. Мына ошол эки даңазалуу спортчунун жүрөк ооруткан коштошуусун жогорудагы даректүү тасмадан көрсөк болот. Сергей Филатов Абсент жана анын тулпарлыгы, тапталуусу тууралуу “Рим кубаттайт” аттуу кызыктуу китебин жазган. Мындан сырткары, даңазалуу тулпардын урматы үчүн № 97 “Луговской жылкы заводунун” кире биришине анын эстелиги орнотулган. Белгилүү скульптор, эмгек сиңирген сүрөтчү Иосиф Иванович Козловский тарабынан тартылган Абсент менен Филатовдун Римдеги жеңишинен кийинки керемет портреттери да бар.

Рахат Акматова