Түркиянын учурдагы президенти Режжеп Тайып Эрдоганды баары исламчы катары билишчү, бирок ал шайлоочулары исламчы болгондуктан, алар түшүнгөн тилде сүйлөөнү чечкен, керек болсо, исламга тиешелүү да китептердин бетин ачпаган, күчкө кудайга ишенгендей эле ыйман келтирген, баардык маселени күч менен чечкенге аракет кылган прагматик экени билинди.

Экинчи жакты карасак, учурда, кылымдар бою жеке бийликти колдоо өнөкөтү алдында калыптанып калган ислам укугун карманган факихтерди көрөбүз. Аларга жакшылап көз салсак, эч бир чыныгы исламдык принциптерди туура карманбаган кишилер экенин көрүүгө болот.

Азыркы молдокелер мамлекеттик казынаны талап-тоногондорду да, аларды көрүп сындаган журналисттерди куугунтуктуктаган укук-коргоо органдырын да актаган фатваларды чыгарып берип жатышат. Демек, бири-бирине сиам-эгиздериндей жабышып калган заалым бийлик менен аларды актаган түрк молдокелери, бийликти кармап калыш үчүн, каалагандай фатва чыгарууга даяр.

Бирок күнөө бул фатвачыларда жана алар чыгарган коньюктуралык фатваларда гана эмес. Учурдагы түрк же башка мусулмандарды карасак, алардын арасында да күчкө жана бийликке чаңкап, мындай бийлик жана күчтү колдонуп, коомдук мүлктү талап-тоноого даяр динчилдердин көп экенин байкасак болот. Алардын дүнүйө үчүн аттап кетпеген исламдык принциптери жок экени айдан ачык билинди.

Эрдоган жети-сегиз жыл саясий кызыкчылыгы үчүн колдонгон египеттик ихвандарды (мусулман агайыңдары) бир күндө сатканда, аны колдогон, ихвандар үчүн жан берем деген электораты эмне үчүн шок болбойт? Эмне үчүн Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясын бирге түзгөн досторун текейге теңебей орто жолдо калтырганда эч ким ага эч нерсе дей албайт? Израилге “Мави Мармара” деген гуманитардык кемени өзү шаан-шөкөт менен узатып, кийин ал кемедеги кишилерди израилдик чек арачылар атып өлтүргөндө, айласы кетип айып пулга ыраазы болго Эрдоган, нааразы болгон электоратына “аттанып атканда, менден бир ооз сурадыңарбы” деп ыйманын жесе, эмне үчүн талкан сугунуп алгандай унчукпай калат?

Эрдогандын айта берип, кайра кайта бергени тууралуу сөз кылсак, китеп жазыш керек болуп калат. Мындай абал ал үчүн табигий көрүнүш. Анткени ал принциптери да, идеологиясы да жок лидер. Ал, коомдун олуттуу бөлүгү динчил жана диндар болгону үчүн, консервативдүү диний саясат жүргүзөйүн деп чечкен саясатчы.

Мисалы, эгер Туркиянын 70%ы коммунисттик идологияны колдогон болсо, Тайып Эрдоган да солчулдук саясаттын түсүнө боенуп, социалисттик идеологияны колдонмок. Анын күчтүү жеке бийлигин орнотуу жана аны кармап калуу деген гана максаты бар. Мындан сырткары нерсенин баары, ал үчүн жогорудагы максатына жеткирчү жол, шылтоо жана курал гана.

Учурда ал ушунчалык коркунучтуу абалга түштү дейсиң, бир планы, долбору жок, дүйнөнү туура окуй алган командасы да жок. Бирок ушуга карабай эмне үчүн күчүнөн тайыбай келет? Учурда ал анча-мынча маалыматы жана билими бар жакындарын топтоп, аларды угуп, өзүнүн тажрыйбасынан өткөрүп, ошол күндү кечкирткен лидерге айланды. Жакындарынын бири аны: “Ким эрте турса, пикирин таңуулап койчу киши”, – деп сурөттөгөн.

Окуган китеби, принциби жана учурдагы дүйнөнү тааныгандай көрөгөчтүгү болбогон киши, байыркы – кылып жана ката кетирип көрүү ыкмасы менен 80 миллиондук мамлекетти башкарып келет.

Араб жазынан берки мусулмандар көпчүлүк болгон же мурунку советттик өтмүшү бар мамлекеттерге көз салсак, мындай ыкма менен башкарылган онго жакын өлкөнүн саясий-экономикалык банкротко учураганын байкасак болот. Алардын жүз миңдеген калкы өлдү, миллиондогону селсаяк болуп тентип кетти.

Тайып Эрдоган ошондой лидерлердин эталону десек болот. Өлкөсү банкротко учураганына карабай, күчкө жана бийликке чаңкап, тойбогон 30%дан ашык колдоочулары бар лидер, үйдө баатыр жоодо жок, мылжың саясатын гана жүргүзө алаары билинди.

Каяша айткан интеллектулдарга, журналисттерге, өспүрүмдөргө, кары-картаңга, боюнда бар аялдарга, кыз-келиндерге, ымыркайларга арстан болуп күркүрөп, аларды капаска тыккан Эрдоган, “акмак болбо” деген Трамптын, “диктаторсуң” деген италиялык премьер-министрдин алдында мышык болуп жатып бергенин далай көрдүк.

Эрдогандын мындай эки анжылыгына таң калбаш керек. Анткени аркасында аны колдогон, күч жана бийликти сактап калыш үчүн ошондой эле эки анжылыкта жашаган молдокелер менен 30%дан ашык түрк калкы бар. Алар тообо кылып, туура жолго бет алмайынча, араларынан Эрдоганга окшогон ойнок лидерлер чыга бермекчи.

Жансакта Сарбашов