Мен ушу жашка келип түшүнгөн бир чындык бар. Айтпайын дедим эле. Анткени чындап түшүнгөндөр аз болот, көбүнө жакпайт, асыресе кимдерге багытталса биринчи ошолор өпкөсү казандай болуп таарынат. Айрымдары менен бет карашкыс болосуң. Бирок айтпаса да болбой турат. Ар ким түшүнүгүнө жараша жыйынтык чыгарар

Адам болобу, калайык калк болобу, дүйнөдөгү жалпы эл болобу, айтор өз жашоосунан сабак албаганда Теңирдин, Кудайдын, Жараткандын сабактары жардамга келет деп ойлойм.

Вируска айланган адам баласы

Мунун бир мисалын жакынкы жылдары баштан өткөрдүк. Жер бетиндеги адам баласы жашоонун маани-маңызын жоготуп, каякка өнүгүп атканын билбей, жаратылышка жырткычтык менен мамиле кылып, прогресс белгисиз маршруттай кетип баратканда коронавирус чыкты. Өзү капысынан чыктыбы, биологиялык курал катары иштелип чыктыбы – анын баарыcынын эч кандай принципиалдуу айырмасы жок. Килейген дин борборлору бош калып, Кудай бардык диндерден улуу экенин, эч кайсы динге батпай турганын бир жылда далилдеп койду. Жаратылыш эс ала түшкөнү, Венецияда ушунча жылдан бери көрүнбөгөн балыктар көзгө уруна баштаганы, бу табият дегенге адам баласы гана кыянат кылып келатканын, чындап келсе адамзат өзү Жер бетиндеги вируска айланып баратканын аныктады. Жакын адамдарыбыздан баалуу эч ким жана эч нерсе жок экенин, биз кубалаган өлүү дүйнө менен атак-даңк, байлык-бийлик түккө турбаган нерсе экенин тастыктады.

Менимче бул өтө чоң сабактардын бири. Адам баласы аны канчалык өздөштүргөнүн албетте, убакыт көрсөтөт.

Саясий сабатсыздыктын кесепети

Бийликте турганда кыргыздын далай мыктыларын өлтүрүп, аягында кетип баратып да жөн кетпей 90 баланы кырып кеткен неменин көздөй кадрларын элдин кыйла бөлүгү эсине жара чыгып, кой десе болбой шайлоодо колдоп берди эле. Ийри жыгач түз болбойт, бүкүрдүн бели түзөлбөйт. Мурунку көч кайда барса кийинки көч ошого барат. Алма сабагынан алыс түшпөйт.

Азыр жыйынтыгын көрүп атабыз. Туура түшүнгөн кишиге бул ачуу сабак болуп чыкты. “Ушунча белги бердим эле, эми ким экенин көрүп жаткыла”, – дегендей эле болду. Бир топ кишилер өз катасынан, 90 баланын арбагына түкүргөн наадандыгынан сабак алдыбы же далайлары түшүнүп-түшүнбөй беттен алган адатына салып кедерине кеттиби? Кандай жыйынтык чыккан күндө да Теңирдин кылы кыйшайбайт. Анын сабагын албасак өзүбүзгө эле жаман.

Бир кезде жакшы-жаманын ажыраткысы келбей ураалаган, кыйла бөлүгү ачык эле реваншисттик маанайга алдырган мекендештерибиз курун мойнуна салып “ит болгон экенбиз, ушунун баарына күнөөлүү биз турбайбызбы” деп тобосуна келмейинче өлкөбүз алга жылбайт. Анткени ар бир адамдын тазалануусу өзүнөн башталат. Туура эмес ойлонгондор туура жыйынтык чыгарып, катасын моюнга алмайынча өлкөнүн кыйла бөлүгү алдырган жана азыр да алдырып жаткан куру дымакка тыгылып тура беребиз.

Сууга аккан кожолор

Кечээ жакында муфтият коррупциялык иштерге аралашканы далилденип, айыбын төлөп чыккан киши анын имаратын салып бергенге көмөк көрсөтүп жатканын моюнга алды. Албетте, окуянын өзүндө эч кандай кылмыш жок. Эки тараптын ниети деле жакшы болсо керек. Бирок бул кыргыздын көзүн ача турган чоң сабак. Адал-арамды диндин позициясынан элге үйрөткүсү келген кишилердин моралдык принциптерин кашкайта көрсөткөн карикатуралык сүрөт. “Эл-журт, кимдин ким экенин көрүп алгыла”, – деген окуя. Сабак алабызбы? Же күнөө кылсам деле мечит салгандан кийин жуулуп кетет дегендердин жетегинде жүрө беребизби? Кудайды милдет кылбай эле бир кишилик абийирибиз менен бетме-бет сүйлөшкөнгө духубуз жетеби? Элибиздин кыйла бөлүгүн ушул күч кимдер менен колтукташып, кайда жетелеп баратканын түшүнгүдөй деле болдук. Кудай мындан артык дагы кандай көрсөтүшү керек эле?

Жамандык чакыргандар

Кыргызда кылымдар бою жакыны өлгөн аял заты гана кара кийип келген. Тилекке каршы, башка элдердин диний түшүнүктөрүн туу тутуп алып жаман жорук баштаган эже-карындаштарыбыз көбөйдү. Кой десе болгон жок эле. Акыры Кудай кара кийген кандай болорун көрсөтүп отурат го. Же калппы? Мындан артык дагы кандай сабак болушу керек? “Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” дейт кыргыз. Болгону жамандын кесепетин жалпы эл тартып жаткан учурлар гана өкүндүрөт.

Касиет кесирди кечирбейт

“Манас” – кыргыз үчүн ыйык түшүнүк, зор касиет. Тилекке каршы, акыркы жылдары кыргыздын аң-сезимин ээлеп алгысы келгендер так ушул баалуулугубузга туш тараптан кол салып, бири халтура деңгээлиндеги жасалма версиясын чыгарды. Бири тээ Европадан келип жөөттөрдүн санжырасына жакындатууга аракет кылып кыргыздын жибин тартып көрдү. Бири түбүн түшүнбөй эле динге сүйрөп дарс окуп жүрөт. “Манастын” касиети бойдун узунунан тойдун узунуна чейин кирген Гиннестин китебине да, сырткы күчтөрдүн таасирине да муктаж эмес. Ал өз касиетин кенедей эле жеке кызыкчылыкка пайдалангысы келгендерди өзү эле адаштырып, эсин эңгиретип, оозунан сөзүн алып, кимдин ким экенин дапдаана көрсөтүп коет. Бүгүнкү күндө ага көбүбүз күбө болуудабыз. Түшүнгөн кишиге ушунун өзү чоң сабак.

Болбосо Саякбайдын, Сагымбайдын, Чоюкенин жана башка алптардын “Манасы” эчак эле дүйнөлүк мураска айланып, далилдечүсүн далилдеп койгон. Анын ичиндеги сабактарды өздөштүрмөк тургай чети оюла элек.

“Манаска” туура эмес мамиле кылгандар өзү эле бети ачылып, бою эки метрден ашпаса да килейген Гималайды чөнтөгүнө салып кеткиси келген эси жоктугун гана айгинелейт.

Кул мүнөздүк жана Элмирбектин улуу мурасы

Баягыда Хабиб деген мушкер келгенде төкмөлөрүбүз башка тилде ырдап, кыргыз почтасы анын АТАСЫНЫН урматына марка чыгарып, кул мүнөздүктүн бир өрнөгү болду эле. Улуттун уюткусу болот дегендер ошентип атса кечээ эле кашаадан секиргендер кыргыздын кызыкчылыгын түшүнө калат дегенибиз да баеолук. Ошондо да кимдин ким экени көрүнүп калды. Аккан арыктан суу агат экен. Менин сыймыктанганым – Элмирбектин бир да шакирти ошол уят боло турган иш-чарага катышкан жок. Мен ал инилериме, карындаштарыма ушунусу үчүн абдан ыраазымын.

Өнөр жоопкерчиликти талап кылат

Өнөр – Теңирден айрым бир адамдарга берилген аманат. Ал адамдарды моралдык жактан жакшы да, жаман да кылбайт. Ал эч кимибиздин менчигибиз да эмес. Тескерисинче, кайсы гана жөндөм болбосун аны булгабай, элдин өзөгүнө каршы койбой, көпкөнчүлүккө, жеңил ойлуулукка алдырбай, ошол өнөргө, өнөр аркылуу элдин өзөгүнө чын дилден, чоң жоопкерчилик менен кызмат кылуу – ар бирибиздин милдетибиз.

Согушка аттанаарда жан найзанын учунда, жан кылычтын мизинде болгон салгылашты оюн көрүп, октун ордуна бок салып алгандар акыры түбү башкаларга жем болору чын. Өнөр адамдары антип өз башын сайбаса да эл алдындагы жоопкерчилиги андан кем эмес. Албетте, ошонун баркын билсе! Билбесе комуз менен ырдап аты чыккандар “Манасыңар” деп кесир сүйлөп суу ичкен кудугуна даарат ушата берет.

Кайткан көңүл – качкан куш…

Душмандын душмандыгы – бул жашоодо боло келген нерсе. Душмандын эмне кылары белгилүү. Же өлөсүң, же өлтүрөсүң. Үзөңгүлөш, максатташ, тилектеш болуп жүргөн адамдар өзөгүнөн адашканда таянып турган жериң борпоң тартып урап кеткендей болот экенсиң. Кирди кол менен кармагыс нерсең акыр-чикирге түшкөндөй, кетип калсаң кесири тийчүдөй, кечирсең өзүң булганчудай болуп тегеренип турганың турган. Бул да бир сыноо болсо керек. Ар бирибизге берилген суроо болсо керек.
Бирок мен бул суроого азыр деле жооп таба элекмин…

Жыргалбек Касаболот