Кыргызстанда дале оту өчпөгөн отузунчу жылдардагы репрессиянын курмандыктары миңдеп саналат. Бир топ тарыхчылардын пикиринде, ошол жылдары калкы миллионго жетпеген Кыргызстанда эле репрессия курмандыктарынын саны 40 миңге жеткен.

Миңдеген адамдардын сөөгү кайда көмүлгөнү ушул күнгө чейин белгисиз. Болгону жүз отуз сегизинин сөөгү Бишкектен алыс эмес жерде табылган. Атылып, сөөгү табылгандардын арасында саясий жана мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов да болгон. Кабарчы Абдыбек Казиев репрессия курмандыгы Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова менен маектешти.

Роза Айтматова: Мен атамдан айрылганда беш айлык эле кезим экен. Атам жөнүндө эч кандай өзүмдүн эскерүүм жок, болгону апамдын, эжелеримдин айтып бергендеринен билем. Бирок кайда экенин так билчү эмесмин. Апам эч кимге сөз кылбагыла, унчукпагыла, атаңар келет бир аздан кийин дечү. Балалык кылып ишенчүбүз, күтчүбүз.

Кийинчерээк айылга согуштан келген башка балдардын аталарын көрүп, атам кайда болду экен деп, биз да жол карадык. Ошондо атам өмүрүмдө биринчи жолу түшүмө кирди. Анан “Ата-Бейит” ачылгандан кийин, кандайдыр бир көп окуялар, көп эскерүүлөр болгондон кийин дагы бир жолу түшүмө кирди.

Түшүңүздө атаңызга байланыштуу эмнелерди көрдүңүз?

Эми бул мамлекеттин жетекчилерин, башкаларды көрүп эле жүрдүм да. Түшүмдө атам ошолордун арасында, жакшынакай, келбеттүү, жакшы кийинген, анан кандайдыр бир мамлекеттик маселелерди чечип аткан учуру экен. Жанына барып сүйлөшө алган жокмун, сүйлөшөм деп умтулуп аткан мезгилде түшүм аяктап калды. Бул түшкө чейин мен атамды сүрөтүнөн эле билчүмүн.

Роза Айтматова: Түшүмө киргенге чейин мен атамды сүрөтүнөн гана билчүмүн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Роза Айтматова: Түшүмө киргенге чейин мен атамды сүрөтүнөн гана билчүмүн

Нагима апа сиздерди тарбиялоодо эмнеге өзгөчө көңүл бурган?

Атаңар жакшы киши эле деп айтат, бирок жашырчу. Анткени балалык менен бир жакка чыгып айтып койбосун деп коркот. Себеби ал кезде апам да камалып кетемби же балдарды колонияга берип коёбу деп коркуп жашаган кези экен. Аны кийин түшүндүм. Аябай коркуп бизди ушундай үйрөтчү эле, сөз кылбагыла, айтпагыла дей турган. Атаңар акталып келет акыры, ал ак деп, анан бизде атабызга карата абдан жакшы ойду жаратчу.

Нагима апа кыйынчылыктан же болсо сагынып, сарсаана болуп, жашырынып ыйлап калган учурларды байкагансызбы?

Абдан да, түнүчүндө отуруп, байкуш ыйлап калчу. Ыйлап отурганын көрчүбүз, бизге көрсөтпөй ыйлайт да, болбой эле байкап калчубуз. “Эрте жаздагы турналар” деген кино бар эмеспи, ошол жерде энеси түндө олтуруп ыйлайт. Ошону көргөн сайын апамдын ошол абалы эсиме түшөт.

Сиздин “Тарыхтын актай барактары” китебиңизде, Чыңгыз агаңыз бала чагында булакка барып, буулугуп ыйлаган учурлар жазылган. Буга эмне себептен болгон?

Мен комсомолго өткөндө өмүр баянымды айтып беришим керек эле. Ошондо атам жөнүндө эмне деп айтам деп катуу ойлондум. Кокус Москвада төрөлгөм десем, а сен Москвада төрөлсөң, эмне үчүн бул жакка келип калдың деп сурайт деп коркуп баарын ойдон өткөрдүм. Айла жок билгизбей мен ушул жерде төрөлгөм деп койдум, эч ким байкаган жок, байкап калышса такымак эле да. Бала кезде мындай нерселерди көтөрүш абдан кыйын, балдардын арасында да ар кандай ойлор болот, ыза кылат баланы. Бул балага өтө кыйын.

Силер “эл душманынын” баласысыңар, силердин атаңар мындай деп тескери мамиле кылган адамдар учурунда аз болбосо керек?

Жөнөкөй элдер түшүнчү, абдан жакшы мамиле кылчу. Буга байланышкан суроолорду да беришчү эмес. Бирок Илгиз Төрөкуловичти мугалими сен ушундай кишинин баласысың деп ыза кылганы бар.

Атаңыз кабары чыкпай абдан көп убакыт өтүп кетти. Согуш да бүттү, эл кайтып келип баштады. Сиздерге кандай ойлор келди?

Эми ошондо да кабар келбегенден кийин ишенип, бир жерде жүрсө керек, Сибирде же түндүктө деп апам ойлоп жүрчү. Жыйырма жыл күттүк, андан кийин өлгөндөн кийин акталды деп гана коюшту.

Кийин “Ата-Бейитте” сөөгү табылып, ошол кабар чыкканда сиз кайдан уктуңуз, сиздердин үй-бүлө кандай кабыл алды?

Абдан оор маселе болду, жеке мен өзүм абдан кайгырдым, ойлондум. Эмне болду, кандай акыбалда болду ошол акыркы сааттары, кандай болду экен деп ойго баттым. Ошол сезимдеримди, эмне деп ойлодум китепке жазганга аракет кылдым. Абдан оор болду.

Бул эми албетте абдан кайгылуу окуя, бирок такыр кабары жок кеткенче, бир дайыны чыгып кеч болсо да сөөгү табылганы сиздерди соорото алдыбы?

Сөзсүз да, Чыңгыз Төрөкулович “Саманчынын жолунда” жазгандай, атабыздын сөөгү табылбайт турбайбы деп биз баш ийип калганбыз. Апам каза болгондо апамдын мүрзөсүнө кичинекей белги коюп бир гранит тактага экөөнүн сүрөтүн түшүрүп ал жерге, экөөнүн фамилиясын, туулган жылдарын жазып, экөө тең ушул жерде көмүлгөн деп ойлоп жүрөбүз, келгенде ушул жерден экөөнү тең эскеребиз деп эстелик да койгонбуз. Андан жыйырма жыл өткөн соң сөөгү табылганда, айрыкча документ кагаз табылганда нес болдук. Муну эми сөз менен айта албайм…

Нагима Айтматова (үстүңкү катардо ортодо)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Нагима Айтматова (үстүңкү катардо ортодо)

Бирок ошону менен бирге табылганына кубандык. Чыңгыз Төрөкулович айтканы бар, багыбыз бар экен, түндүктө же Сибирде, Ыраакы Чыгышта эмес, кыргыздын жакшынакай кооз жерине көмүлүптүр. Эми ушул жерде жатат сөөгү деди эле.

Жылдап күткөн Нагима апа ушул чындыкты билбей көзү өтүп кеткенине көп өкүнсөңүз керек?

Ооба, апам 1971-жылы каза болду. Сөөк болсо жыйырма жыл өткөндөн кийин 1991- жылы табылды. Албетте апам ушуну угуп кетсе, көмүлгөн жерин көрүп кетсе жакшы болоор эле. Кандай кылабыз, тагдыр ошондой экен.

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си