Жакында Кемпирабад суу сактагычы боюнча документ тиешелүү комитеттен колдоо тапты. Өзбекстанда тез арада ратификациядан өттү. Өзбек өкмөт башчысы жашырбай-этпей эле анын мазмуну жөнүндө түшүндүрмө берип атат. Андай болгон соң биздин бийлик үчүн аны жашыруун режимде кармоонун кандай зарылдыгы калганы түшүнүксүз

Жеке менин пикиримде, Абдулла Арипов берген түшүндүрмө боюнча биз тарап уткан түрү жок.

Кемпирабад суу сактагычынын ЖЕРИ бардык документтер боюнча Кыргызстандыкы экенин, аны талашууга өзбек тарапта эч кандай документалдуу негиз жок экенин буга чейин далай жолу жазганбыз. Бул жүйөгө каршы кыргыз өкмөтү эч кандай далил келтире албай койгон. Маселени көтөргөндөр камакта отурат. Арты бир сыйра сурак берип чыкты.

Кемпирабадды алып калуунун жолу – парламенттин бул келишимге каршы берген добушу болору далай жолу айтылган. Анткени азыр жоопкерчилик парламентке ооду. Демек мындан нары бул документтин тагдыры биздин депутаттардын жалпы жыйынынын колунда. Садыр Жапаров кийин “жалаң мен чечкен эмесмин, парламент толугу менен макул болгон” деп сөзсүз айтат. Демек, кокус наалаты болсо, депутаттар кошо көтөрөт.

Азыркы доордо ким кандай добуш бергенин жашырыш мүмкүн эмес. Үзөңгү-Кууш, Каркыра боюнча ким кандай добуш бергени ушул убакка чейин кашкайып көрүнүп турат. Кийинкилерге да кала берет.

Албетте, мурун да, кийин да өлкөгө зыяндуу келишимдердин пайдасына кол койгондордун көбү жазаланбай келатат. Бул жагынан алганда “депутат берген добушу үчүн жазаланбашы керек” деген принцип туура эмес. Мазмуну ачыктан ачык чыккынчылык болгон документтер үчүн башкалар менен катар эле жоопкерчилик зарыл. Ошолор жазаланбай калганы үчүн азыр да пайдасынан зыяны көп келишимдерди кабыл алуу коркунучу бар.

Экинчи коркунуч – жашырганда эмне, кыргызда көсөөнүн акылы түштөн кийин. Биз билгенден биле элегибиз көп келишим жактырылып, кол коюлуп, сөз болуп жаткан жерлер башка тараптын пайдасына тосула баштаганда нааразылык чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Албетте, азыр эмес, бул демаркация иштеринин башында билинет.

Депутаттар үчүн да опурталдуу жагы бар. Жашоо ушуну менен эле бүтүп калбайт. Тез эле шайлоо болот. Элибиздин аң-сезими азыркыдай болсо көбүнчө ушулар эле чыгат. Эсил кайран Элмирбек айтмакчы:
Мерт болгон кимдер – жаш балдар.
Мээнетти арбын тарткандар.
Мен-менсингендер ким десең,
Кайра эле
Менчикке көптү баскандар…

Илгери Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Кумтөр боюнча элге каршы добуш бергендер шайлоого аттанганда ушул боюнча какап калып атышат. Сөзү кыска болуп атат. Жанындагы эле оппоненттери таап чыгып, жарга такап коюп атат. Элдин, жердин тагдырын ойлобосо да ошону ойлоп коюшса өздөрүнө эле жакшы.

Азыр Интернетте 3-4 эле депутаттын так, даана позициясы айтылганы болбосо, калганы көз карашын элге-журтка расмий айта элек экен. Комитеттен өткөрүп жиберген депутаттардын гана аты-жөнү белгилүү. Бул бийликтин бүтүндөй бир бутагы болгон парламенттин коомчулукта ушунчалык резонанс жараткан ишке карата позициясы БЕЛГИСИЗ деген кеп.

Мындайда коомчулук эмне кыла алат? Ушу тапта журналисттер депутаттардан көп. Жакшылап уюшуп алып ар бири бирден депутаттан интервью алып келип жарыкка чыгарса эле кимисинин позициясы кандай экени ачыкка чыга түшчүдөй. Түшүнбөсө Абдулла Ариповдун түшүндүрмөсүн окута коюп, ошондой чечимге макул же макул эмес экенин сурап коюш жетиштүү. Анткени биздин дипломатия ал түшүндүрмөгө каяша айткан да жок. Демек, макул болууга даяр.

Бул эмне үчүн керек? Биринчиден, депутаттардын айткан позициясы менен берген добушун мониторингге салыш үчүн зарыл. Экинчиден, кимдер кандай позицияда экенин эл эмитен эле билип калган атат. Үчүнчүдөн, мындай мониторинг депутаттардын өзүн да тарбиялап, аз да болсо жоопкерчилигин арттырмак.

Бул шайлоочулардын өзүнө да пайда. Кыргыз мамлекетинин аймактык бүтүндүгүн сактоого умтулган депутаттарды шайлагандар башын бийик көтөрүп жүрсө болот. Калгандарынын жактоочулары кыргыздын салты боюнча экинчи сүйлөгүс болууга тийиш.

Депутаттарга бериле турган 2 эле суроо, алардын 3 эле жообу бар:

1) Кемпирабад боюнча келишим менен таанышпы же тааныш эмеспи?
а) Тааныш болсо – 2-пункт. б) Тааныш болбосо – эмнеге тааныша элек? Бул депутаттардын жоопкерчилиги, кесипкөйлүгү тууралуу жыйынтык чыгарганга негиз болот.

2) Кемпирабад боюнча келишимге макулбу же макул эмеспи?
а) Макул эмес болсо – жүйөсү. б) Макул болсо – ага да айтылчу жүйөсү.

3) Жооп берүүдөн баш тартса, даяр эмес болсо – жөн гана аты-жөнү. Артынан ээрчип, улам жеңинен тартып, кабинетине жулунуп кирүүнүн эч кандай кереги жок. 🙂

Бул иш ийгиликтүү жүзөгө ашса, элге маалымат берүүдө да, талдоодо да жеңил болот, коомчулуктун кызыгуусу депутаттардын чечимине да таасир этет.

Жыргалбек Касаболот