Лондондун экономика жана саясий илимдер университетинин (Англия) профессору Дарон Ажемоглу менен АКШнын Сан-Диего мамлекеттик университетинин профессору Ахмет Курунун сырттан (заочный) полемикасы баштады десек болот.

Окурмандын эсине сала кетсек, Түркияда төрөлгөн армян Дарон Ажемоглу Чикаго университетинин профессору Жеймс Робинсон менен бирге 2012-жылы атактуу “Өлкөлөр эмнеге ойрон болот: бийликтин, өнүгүүнүн жана жакырчылыктын келип чыгышы” деген китепти жазган. 2019-жылы эки профессор “Кууш өтмөк” аттуу китеп жазып, анысы учурда катуу талкууланып жатат.

Адамзаттын адилеттүү башкаруу системасын куруу аракетинин оош-кыйыштарын кызыктуу сүрөттөгөн бул эки автор, акыркы китебинде “өлкө белгилүү бир кууш коктудан өткөн соң гана бакубат өнүгүү жайытына чыгат” деген теория сунушкан. Мындай кууш өтмөктөн мамлекет да, коом да күчтүү болуп, бири-бирине оппозиция болгондо гана өтө алат дешкен.

 Учурда мусулман интеллектуалдары катуу талашып аткан “Ислам, авторитаризм жана начар өнүгүү: глобалдык жана тарыхый салыштыруу” деген китебинде профессор Ахмет Куру “саясатчылар менен ислам аалымдары бири-бирин мактап-жактаган кезден тартып мусулман өлкөлөрү туңгуюкка кептелген” деген тезис сунуштаган.

Ахмет Куру: “Дарон Ажемоглу мненен Жеймс Робинсондун теориясында мамлекет менен коом тирешип атып, ортодо өлкөнүн саясий институттарын куруп чыгат дегени менен, ал институттарды ким кураары айтылган эмес”, – дейт.

Ахмет Курунун тезисин Дарон жана Робинсондун теориясына салганда, ислам аалымдары жана интеллектуалдары калыс болбой, мамлекет тарапка ооп кеткенде, коомдун өнүгүү потенциалы жапшырылып, кууш өтмөктүн жолу жабылат.

Ахмет Куру мамлекеттин күчүн саясатчылар, коомдун күчүн бизнесмендер (айрыкча чакан жана орто ишканалары барлар) багыттайт дейт. Бул тезисин жактаганда мусулмандардын өтмүшүнөн бир нече мисалдарды келтирет. Ал мусулмандардын өнүкпөй калганына ислам да, Батыштын колониалдык саясаты да негизги себеп эмес дейт.

Анткени ислам күнөөлүү десең, мусулман олкөлөрү 5-8-кылымдарда гуманитардык, техникалык жана интеллектуалдык жактан Батыштан алдыда болгон. Саясий философ Жеральд Аллан Коэндин изилдөөлөрү боюнча, ал кезде диний аалымдардын 8%ы гана мамлекетке көз-каранды болгон. Батыш колонизациясы башталган 10-11-кылымдарда мусулман өлкөлөрү небак стагнация болуп артта калган. Керек болсо колониялаштырууга бышып жетилген десе да болот.

Батыш ренссансынын үч символу бар деп айтылат. Алар дүрмөт (порох), компас жана басмакана. Мусулман дүйнөсү алардын арасынан дүрмөттү гана колдонгон. Мисалы, басмаканага келгенде, аалымдар бийлик менен бирге 278 жыл ага каршы чыгып, басмакананы колдонтпой койгон. Учурундагы түрк премьер-министрдин уулу менен бирге Ибрахим Мутафарика жалдырап жүрүп, “диний эмес гана китеп басылса болотт” деген фатваны араңдан зорго алышкан. 50 жылдан Курандан башка диний китептерди басса болот дешкен. Кийин арабча Куран болот, котормосу болбойт деп, бир котормону жок кылыдырышкан. Натыйжада 19-кылымга чейин Батыш 1 млрд китеп чыгарса, типографияны колдонгон Осмон дөөлөтү 50 миң гана китеп чыгарган.

“Жарандарына бир кылка карап, аларды ырктарга бөлбөгөн маданият интеллектуалдык, экономикалык жана башка тараптардан өнүгөт”, – деген Ахмет Куру пайгамбарыбыз азрети Мухаммаддын аракеттерин мисал кылып,  анын доорунда жарандардын динине, улутуна жана коомдогу ордуна каралбай бирдей, б.а. адилеттүү мамиле кылынган дейт. Бирок, эгер 9-кылымда 1 млн калкы бар Багдаддын эң ири бейтапканасын христиан дининдеги жөөт жетектеп, бейтапканаларда өтө көп кайырдиндер иштесе, төрт кылымдан кийин Каирдин Мансур бейтапканасынын жобосуна “кайырдин доктур иштегенге болбойт” деген берене кирген.

Жогорудагы тарыхий окуяларды изилдеген Ахмет Куру “ислам дини (б.а. учурдагы же келечектеги аалымдардын шариат түшүнүгү) коомдун бардык маселесин чечсин” дегенден да мурун “дин – ибадат рамкасында калсын” деген ойго жакын экенин айткан.

Анткени, учурда “ажаатканага баргандан тартып, мамлекетти башкарууга чейин бизден сурайсың” деген калпыс түшүнүк бара-бара “башка аалымдар жана жамааттар эмес, мен жана менин жамаатым айткан нерселер гана туура” дегенде, жана бийлик ошолорду колдогондо, өнүгүү токтойт деген ойдо Ахмет Куру.  

Ошол эле учурда Ахмет Куру Батыштын интеллектуалдарды коомдун мүлкү болгон, мамлекеттик бюджеттен каржыланганын туура көрөт. Бирок биздикиндей, саясатчы бюджетти өз чөнтөгүндөй көргөн мамлекетте аалымдардын аларга жакындаганы кооптуу дейт.  

Ошондуктан Дарон Ажемоглу жана Жеймс Робинсон айткан “кууш өтмөктөн” өтүш үчүн кыргыз саясатчылары да, кыргыз коому да күчтүү болушу зарыл. Ислам интеллектуалдары болсо коом менен саясатчылардын отросундагы тең салмактуулукту сактоо аракетинде болгону жакшы дейт Ахмет Куру.

Дискуссия кылчу абалдар:

Бир да ислам аалымынын саясатчылар менен мамилеси бир өңчөй болбоптур.

Эгер учурдагы сунний төрт мазхабдардын (исламий укук-ченемдик мектептер) башчылары саясатчылардан алыс болууга аракет кылып, алардан куугунтук жесе, Ибн Рушд, Ибн Халдун сыяктуу ислам интеллектуалдары саясатчылар менен кызматташып, коомдук мүлктүн эсебинен каржыланган экен. Саясатчылар менен болушунча кызматташкан аалымдардын көч башында болгон деп сыпатталган Имам Газали, 40 жашынан өткөндө, азрети Ибрахим пайгамбардын кабырына зыярат кылып үч нерсеге тообо кылган дешет: биринчиси – мамлекеттен айлык албоо; экинчиси – бийлик мекемелериндеги тартышууларга катышпоо; үчүнчүсү – мамлекеттик окуу жайда сабак бербөө.