Түркиянын мамлекеттик бюджетинен каржыланган, бирок Улуттук билим берүү министрлигине баш ийбеген “Маариф” фонду Кыргызстан үчүн канчалык кооптуу?

Жалпысынан алганда, түрк саясатынын эзелтен бери келе жаткан эки кыймылдаткычы бар. Алар: түрк ультра-улутчулдугу жана саясий ислам.

Түрктөрдүн саясий партияларынын баарында ушул эки түс бар. Кээ бир партиялардын негизги түсү – саясий ислам, кошумчасы түрк ультра-улутчулдугу. Башкаларыныкы ушунун тескериси.

Тайып Эрдоган жетектеген жана учурда бийликте турган Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы (AKП) менен дагы бир нече майда партиялар саясат үчүн ислам динин колдонуп келет. Метрополь изилдөө компаниясынын 2022-жылдын февральдагы сурамжылоосу боюнча, алар электоралдык саясий токочтун 35%дан ашык үлүшүн алып, экономикалык мүчүлүштүктөрүнө карабай, учурда Түркиянын эң таасирдүү саясий күчү бойдон калууда.

АКПнын эң күчтүү атаандашы болгон, түрк улутчулдугу менен бирге мамлекеттүүлүккө сыйынган Республикачыл элдик партия (ЖХП) 27%га чейин добуш алмакчы.

Толугу менен ультра-улутчул Улуттук элдик партия (МХП) менен Мераль Акшенердин “Жакшы” (ИЙ) деген партиясы жалпысынан 19%дан ашык добушка жетчүдөй.

Бир гана, көбүнчөсүн күрд саясатчылардан турган,  Калктын демократиялык партиясына (ХДП – 12%) улутчулдук жана исламчылдык вирусу жукпагандай көрүнөт. 

Бул саясий арифметиканы көргөн окурман, түрк мамлекеттик бюджеттен каржыланган, бирок бул өлкөнүн Улуттук билим берүү мекемесине баш ийбеген Маариф фонду учурдагы АКП жана анын башчысы болгон президент Тайып Эрдогандын исламчыл-улутчул саясатын жүргүзмөкчү экенин түшүнө алат.

Эгер 2024-жылкы кош шайлоону ЖХП баш болгон “Улут” коалициясына Эрдоган менен АКП  уттуруп жиберсе эмне болот? Анда “Маариф” фонду же Түркиянын билим берүү министрлигинин алдына кирет, же бийликке келген улутчул-мамлекетчил-исламчыл топтун саясатын жүргүзөт.

Ошондуктан, кыргыз саясатынын буга чейинки өзүнө жана өз жарандарына тиешелүү Сапат билим берүү мекемелерин Маарифге бербестен, “эгер анча эле жакшылык кылгыңар келип атса, анда башка билим берүү мекемелерин ачкыла” деген ниети менен аракети туура десек болот.

Биз бул кызыктуу фонддун жана анын колдоочуларынын Кыргызстандагы кыймыл аракеттерин окурманга жеткирип турууну улантмакчыбыз.