Калктын ачка курсагы түрк бийлигин кетирүүгө жеткиликтүү күч болуп бербей калды дей серепчилер. Түркиянын коомдук пикирди изилөө боюнча үч (Метрополь, Йөн эйлем, АРЕА) институтунун жыйынтыктары бул ойду тастыктагандай

Түрк коомунун саясатташуусунун позитивдүү тарабы – жаштарынын шайлоого барганы. Ошондуктан саясий күчтөр “быйыл биринчи жолу добуш берген” деген тайпаны да сөзсүз эсепке алат.

Жогоруда аталган сурамжылоо институттары алган натыйжалардын бири-бирине жакын болгону, түрк коому 2023-жылы кандай талапкерди күтүп атканын көрсөтүп баштады. “Так жана даана чечимге келе электерди” сурамжылоону анализдөө эрежесине жараша таратканда, (эгер ушул жекшемби өтсө) болочок шайлоодо:

  1. Учурдагы президент Тайып Эрдогандын АКП партиясы – 33,2% алмакчы;
  2. Бийликти колдогон МХП партиясы – 8,7%.

Бул эки партия добушун бириктиргенде 42% алып атат. Акыркы сурамжылоолордун натыйжалары боюнча, бийликчил АКП менен анын ортогу, ультра-улутчул МХП, ай сайын добуштарын жогорулатуу трендине кирди. Өткөн айда АКП 30%, МХП 6% тегерегинде болчу. Экөөнүкүн кошкондо 5%дан ашык жогорулоо байкалып турат.

Эгер мындай тренд улана берсе, Эрдоган менен партиясынын кайра бийликте калуу ыктымалы барган сайын жогорулайт.

Оппозициылык партиялардын добуштары төмөнкүчө:

  1. Негизги оппозициялык, социалисттик ЖХП партиясы – 24,8%;
  2. Оппозициялык түрк улутчул ИЙ (Жакшы) партиясы – 16%;
  3. Негизин күрддөр түзгөн, демократиялык ХДП партиясы – 10,3%;
  4. Эрдогандан кеткен мурунку экономика министри Али Бабажандын Дева (Чакырык) партиясы – 2,1%.

Тизменин башындагы үч негизги партиянын (айрыкча тизмедеги 1 жана 3 партияныкы) салттуу добуштары десек болот. Баарынын добушун кошкондо 53%дай болуп атат. Бирок бул жердеги ХДП “алтылык кеңеш” деген оппозициялык блоктон сырткары турат.

Демек, АКП менен МХП блогу 42% алса, “миллет иттифакы” деген каолицияга кирген партиялар 43% алып атат. Ошондуктан оппозициялык партиялар “шайлоодо кантип жеңип чыгабыз деген” суроого баш оорутуп, стратегиясын аныкташы керек.

Майда делип, көз жаздымда калтырылып аткан париялардын добушу 4,2%. Мындай үзөнгүлөш жарышта бул пайыздагы добуштар да таразада оор басат. Атаандаштан тартып алынган 4,2 сага кошулганда, эң эле аз дегенде 8,4%дык утуш деп эсептелет. Ошондуктан Эрдоган тарап бул майда партияларды бир эркелетип, бир коркутуп өз катарына киргизүү аракетинде.

2023-жылкы бир убакта өтчү президенттик жана парламенттик шайлоого чейин бул көрсөткүчтөр өзгөрбөйт дешет түрк аналитиктери. Демек, көбүнчөсүн күрттөр болгон ХДП партиясынын шайлоочулары Түркиянын келерки жылдан кийинки тагдырына эң чоң таасир бермекчи.

Президенттик башкаруу орногон мамлекетте маселени партиянын планы, долбору же аракеттери эмес, талапкер чечет. Күчтүү бир лидер чыгып, партиясыныкынан да өтө жогору добуш алат. Өкмөттүн башкаруусу да, шайлоо стратегиясы да анын тегерегинде курулат.

Түркиядагыдай теңме-тең болуп калган жерде, шайлоого барбаган же ошол жылы биринчи ирет шайлоо акысын алган тайпанын салмагы артат. Мындай “мобилизация болгон” деп аталган шайлоочу ар бир өлкөдө 30%га чейин жетип турат. Бул шайлочу жеке, топтук жана жалпы элдик кызыкчылыктарды, баалуулуктар менен принциптерди таразалап туруп добуш берет.

Мындан жарым жыл мурун, Түркияда экономикалык кризис жаңы эле башталгандыктан жана оппозиция “алтылык кеңешти” түзгөндөн улам, бийлик тарап ала турган добуштар азая баштаган. Эл экономикалык проблемаларга көнүп калып, оппозиция болсо жаңы экономикалык стратегияларды ачыктай албагандыктан, бийлик тараптан чыгып кайда барарын билбей турган шайлоочу кайра эски, көнүп калган ордуна кайта баштады.

Ошол эле убакта шайлоо учурунда, кыска мөөнөттүк болсо да кошумча акча жана жумуш орундарын берген, “шайлоону жеңип чыккан машина” атаккан Эрдогандын өткөн айда жаадырган “сүйүнчүлөрү”, качып бара жаткан шайлоочусун кайрып келгенге жарап баштады.

“Экономика ушунчалык чөккөн, инфляциянын пайызы менен доллардын курсу апта сайын арткан өлкөдө 20 жылдан ашык бийликте турган партия эмне үчүн ушунча жогору добуш алууда?”

Бул суроого жооп издеген АРЕА институту түрк жарандарга бир нече майда суроо узаткан:

  • Эрдогандын өкмөтү шайлоого чейин экономиканы оңдоп кетет дей аласызбы? Ооба – 24,2%; Жок – 69,1%.
  • Акыркы бир жылда коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдө кыйналдыңызбы? Жок – 19,2%; Ооба – 80%.
  • Акыркы бир жылда азык-түлүк алууда кыйналдыңызбы? Жок – 17,1%.

Түрк жараны экономиканын оңолуп кетүүсүнө ишенбейт, бирок баары бир 20 жылда бери отурган бийликке минимум 42% добуш берет. Оппозиция бул тууралу ойлонуусу керек. Демек Түркиядагы экономикалык кризис 2023-жылкы шайлоолорго чечүүчү таасир бербейт.

Түрк оппозициясы, учурда Туркияда бардык маселеге таасир бере алган президенттик макамды алыш үчүн, саясий багытына карабастан, эң күчтүү орток талапкерин чыгаруусу зарыл болуп турат.

Жансакта Сарбашов