Кечээ Kanye West деген жигиттин акыркы интервьюсу боюнча оюму сурап калышты.

Алгач, тааныбагандар үчүн, Kanye – атактуу америкалык рэп-акыны. Музыкалык альбомдору эң көп сатылгандардын бири. Дүйнөдө он миллиондогон күйөрмандары бар.

Саясий көз-карашы, ачык сөздүүлүгү, түрдүү скандалдары менен белгилүү. 2024-жылы президенттикке талапкер болсун деп сүрөгөндөрү да бар. Психикалык жактан анча-мынча даарыланып жүргөнүн да жашырбайт. Айтылуу Kim Kardashian деген теле-жылдыздын экс-жубайы.

Акыркы интервьюсунун негизги темасы, бул достун жакынкы убакытта Instagram жана Twitterде жөөттөргө карата жазган сөздөрү жана анын кесепеттери болчу.

Анын маегин талдагандын ордуна, мен бүгүн ал жигиттин мүнөзү жөнүндө кеп кылгым келди. Себеби, сөздөрүнө караганда, эмне кылып атканы жана эмнеге аракет кылганы маанилүү деп ойлойм.

Менин кыска жеке мүнөздөмөм боюнча бул дос кадимки эле “козголоңчу” (башка сөз таппадым). Кыргызча айтканда кызыктай угулат десек анда англисче Rebel, же орусча Бунтарь десек деле болот.

Тарыхта из калтырган адамдардын дээрлик көпчүлүгү дал ошол козголоңчулар болгон деп эсептейм.

Алардын ой-пикирлери жашаган коомунда көбүнесе жат же тескери кабыл алынат. Көпчүлүккө баш ийе беришпейт. Дүйнөнү өзгөртүп жиберерине терең ишенишет. Кээде түрдүү фантазияларга бөлөнүп кетишет.

Өз учурунда аларды бузуку, желмогуз, саткын, эл-бузар, шайтан, фитначы ж.б. деп куугунтуктап, камап, өрттөп салган учурлар да көп болгон.

“Козголоңчуларга” куугунтук жагынан мисал катары көптөгөн саясатчы, окумуштуу, философ, чыгармачыл кишилерди жана дээрлик баардык пайгамбарларды атасак болот.

Андай адамдар учурубузда деле арбын. Болгону эркин өлкөлөрдө алардын саны көбүрөөк болот.

Козголоңчулардын таасири оң же терс болушу мүмкүн, бирок коом алдыга жылышы үчүн андайлар сөзсүз керек. Баарынан шек санай берсек коомубуз орто кылымдардагыдай болуп калат.

Сиздер тарыхта же күнүбүздө кимдерди “козголоңчу” деп атамаксыздар? Алар сизге жагышы же жакпашы мүмкүн.

Евраз Осмон