Учурда илим техника ушунчалык өнүгүп, адамдын өзү тууралуу канчалаган ачылыштар, жаратылыш тууралуу көптөгөн жаңылыктар   болуп жатат. Мен да бир китепти окуп отуруп «Адамдын мээсиндеги  клеткалардын саны, адамзат жашап өткөн жылдардын санынан да көп», – деген маалыматты окуп калдым. Аны окуп жатып менде «Биз ушунчалык өзгөчө дене, кол, көз, бут менен жашоого болгону күнүмдүк нан таап жеп, бир там салып, машина алып, аны да жашоого таштап кетүү үчүн келгенбизби?» – деген суроо туулду.

Менин бул суроолорума Стив Жобсдун: – «Биз дүйнөгө жеке өз салымыбызды кошуу үчүн келгенбиз, болбосо жашоодон эмне максат?» – деген сөзү менин суроомо жооп, изилдөөлөрүмө жаңы жол болуп берди. Ошондон бери бир канча изилдөөлөрдү жүргүзүп топтогон маалыматты сиздер менен бөлүшөйүн дегем. Мен бүгүн: «Адам жашоодо кантип ийгилике жетет, өз миссиясын кантип аткарат? Максатына кантип жетет?» – деген суроолорго жооп болчу ийгиликке жетүү үчүн “жети кадам” деген теманы айтып берем. 

Ар бир адам жашоодо жеке өзүнө берилген бир мисияны ишке ашырганы, ошол мисияны ишке ашыруу менен глобалдык көйгөйдү чечкени келген. Мисалы, сиз врач болушуңуз керек болчу, бирок жөнөкөй эмес, СПИДге дары тапкан, ракты дүйнөдөн жок кылган дүйнөлүк деңгелдеги врач врач болушунуз керек болчу. Же сиз акчаны чогултуп кедейлерге тараткан, мамлекетте бир да ач адам калбагыдай кылып баккан миллионер болушунуз керек эле. Бирок сиз бүгүнкү күнгө чейин мындай максатты карай эч бир кадам, эч бир аракет жасабадыңыз.  Эмнеге? Себеби сиз бул жөнүндө ойлоно элексиз. Сиз өзүңүздүн миссияңыз, жашоодогу максатыңыз тууралуу ойлонбодуңуз.

Биз жолдо бара жатып бир чычкан тамак издеп жатканын көрсөк канчалык көнүл бурабыз? Бул нерсеге өзгөчө карап, өзгөчө ой жүгүрткөн Уолт Дисней дүйнөнү өзгөртүп, дүйнөнү багындырды.

Алма баарынын башына түшөт, бирок бир гана Ньютон өзгөчө ойлонуп дүйнөгө жаңылык ачты.

Көп адам мектептен айдалат, бирок Эдиссондун апасы башкача ойлонуп, башкача аракет жасады эле дүйнөдө өзгөчө нерсе ойлонуп табылып, жаңы жашоо башталды.   

Сиз канчалык туура ойлонсоңуз, канчалык оюңузду глобалдаштырып, жогорку деңгелде ой жүгүртсөңүз ийгиликке бир кадам таштадыңыз десек болот.   Себебин мисалдар аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылалы.  Кечке жуук жолдо бара жаткан үч жигит бир кызды көрүп үч түрдүү ой жүгүрткөнүн мисал берели:

  1. Карындашым жалгыз калыптыр үйүнө жеткирип койоюн;
  2. Бул кыз кеч эмнеге жүрөт, ойноп койсом болот сыяктанат;

3) Бул кыздын тарбия берген ата-энеси жок бекен;

 – деп ойлонушса бул иштин кандай бүтөрүн өзүңүз жыйынтыктап көрүңүз. Ошондой эле келечекте машина алам деп ойлогон жигит менен, шофер алам деген жигиттин айырмасы. Залга барам деген жигит менен жансакчы алам деген жигиттин иш-аракеттери эки түрдүү болуп, алардан ар башка жыйынтык күтөбүз.

  Эгер сиз байкаган болсоңуз ийгиликтин биринчи кадамы бул – ой.

Ой тууралуу учкул сөздөр:

Ой – бул нерсе!

Сиздин келечегиңиз сиздин ойлоруңуздун жыйынтыгы!

Ой бул тирүү күч.

Сражидин уулу Бектур