Адамзат жеке жашоосуна, үй-бүлөлүк жашоосуна жана коомдук жашоосуна тиешелүү кабат-кабат үйүлгөн көйгөйлөрү менен кармашып келет. Бирок тилекке каршы, бул көйгөйлөрдү чечүү жаатында узак мөөнөттүү жана чечкиндүү кадамдар ташталган жок. Эгер айыкпачудай сезилген илдеттер айыга турган болсо, чечилбечүдөй сезилген маселелер чечиле турган болсо, анда анын баары бышып жетилген эрлердин мээнети менен чечилет.

Тээ алгачкы жаралгандан бери адам атпайдын баарына жол башчы катары жиберилген пайгамбарлар адам пендени мына ушундай деңгээлге жеткирүү үчүн жандалбастап келишкен. Адам уулун ийлеп, жууруп отуруп жетилдирип, өстүрүп, бышырып чыгуу үчүн кашык каны калгыча аракет кылып, чыныгы инсандык бийиктикке чыгаруу үчүн жамбаштап жатпай, чыканактап чырм этпей күрөшүшкөн. Баскан жолдорунда алдыларынан тикендүү талаалар, кандан, ириңден бүткөн дайралар чыкса да, кабагым-кашым дебей жолун улашкан.

Мисалы, Адамзаттын Асылына (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлык милдети берилген кезде адамзат өтө коркунучтуу бузулуу доорун башынан өткөрүп жаткан. Айтылуу акын Мехмет Акиф бул учурду:

Ал кездерде баа-батасыз көр дүйнө,
Азыркыдан алда канча ылай турган.
Адам уулу чөөдөн өтүп кан күсөп,
Алсыздарды алдуулары жеп жуткан.
Каргашалар туш-тарапты чылк ороп,
Азыркы эле ыркы жоктук бек турган, − деген саптары менен чагылдырып, артынан минтип улайт:

Мына ошондо Ал бардыгын куткарып,
Бир соккуда кайсерлерди кулатты.
Анткени бышып жетилүү жараяныда Пайгамбарыбыз туу чокуга чыгып, айланасындагыларды дагы өзүндөй бышырып жетилдирген.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жашаган доордо ушундай куттуу, ушундай күчтүү коом пайда болгон дейсиң, алар бир гана ыкласты, бир гана Алланын ыраазылыгын жана бир гана Жараткан Аллага жетүү сүйүүсүн көздөшкөн. Бул ушундай күчтүү арзуу болгондуктан, бооруна найза сайылып жыгылган сахабанын оозунан да: «Каабанын Жаратуучусуна ант, мен жеңдим» деген сөз чыкчу. Дагы бирөөсү Алланын Элчисин коргойм деп жүрүп эки колунан тең ажыраган соң, кийинки кылычтын соккуларына башын тоскон. Алар өлүмдү күлүп тосуп алышчу жана Алла жолунда өлүүнү чыныгы кутулууга жетүү катары көрүшчү. Мына бышып жетилүү деген ушул.

Бышып жетилүүнүн жолдору

Кутман сахабаларды типтик өйдө жогорулатып, бышып жетилген деңгээлге чыгарган маанилүү булактары бар болчу. Чү дегенде эле алар Адамзаттын Асылы (саллаллаху алейхи васаллам) менен бирдей чөйрөдө жашап, анын бойогу менен бойолуп, анын сыры менен сырдалышкан. Экинчиден, арты-артынан Куран аяттары түшүп, алар да ушул вахий жамгырынан арууланып турушкан. Ортолорунда өткөн маектерге, болуп өткөн окуяларга, ал тургай акыл-эсинен өткөргөн кай бир ой-пикирлерге түздөн-түз тиешелүү аяттар түшүп аларга жол көргөзүп турчу. Мындай айтканда, дайыма вахийдин көзөмөлүндө жашашты. Үчүнчүсү болсо, үмүттөнүп, жетүүнү каалаган бардык нерсени Куран ачып кеткен жылчыктар аркылуу көрүүнү өздөштүрүшкөн. Мына ушунун баары алардын ыйманын ушундай курчутуп турган дейсиң, напсилери менен тынымсыз күрөшүп, баштарына түшкөн эч бир кыйынчылыкка баш ийбей, тапкан жолдорун эч кандай күмөндөнбөй улантып, эң жаман сезилген окуяларды да күлө карай алчышчу.

Азыркы заманда болсо, Бедиуззаман айткандай, күрөштүн нугу өзгөрдү. Ооба, азыркы заманда кадимки кылычтын ордун Куран менен Сүннөттүн алмаз эрежелери алды. Биз өз жолубузга, өз баалуулуктарыбызга жинди немедей байлануу менен бирге, башкалардын баарын кандай болсо ошондой кабыл алып, баары менен тил табышууга даяр болуп, дүйнө жүзүндө жалпы тынчтык өкүм сүргүдөй кадамдарды таштап атабыз. Ошол эле маалда ааламдагы адамдык баалуулуктарга басым кылып, ар кандай түшүнүктөрү, ой-пикирлери бар кишилер менен эң ыңгайсыз жыйындарда да жолугууга аракет кылабыз. Жараткан Алла менен адам пенденин ортосундагы тоскоолдуктарды талкалоо үчүн колдонула турган ыкмалар алмашкан бүгүнкү дүйнөдө ийгиликке жетүү да ошол эле бышып жетилүүгө байланыштуу.

Чынында биз бир жагынан караганда сахабалардын колунда турган мүмкүнчүлүктөргө ээ эмеспиз. Алардай болуп Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу чөйрөсүнөн, Алладан келген вахийдин эң биринчи угарманы болуудан алыспыз. Алланын Элчиси айтып кеткен маалыматтар кылымдардан бери нурларын туш тарапка чачып отуруп бүгүнкү күнгө жеткен болсо да, кай бирөөлөрүбүз үчүн таасирин, тазалыгын, аруулугун жоготуп коюуда.

Ошол эле маалда, Курандын кабарлары да, Пайгамбарыбыздын үлгүлүү жашоосу менен сөздөрү дагы, мусулмандардын кылымдардан берки бул эки булакка таянуу менен чыгарган тажрыйбалары менен эмгектери дагы колубузда турат. Эгер Куранга чын жүрөктөн багыт алып, дайыма аны менен алектенип, (айып болбосо), «Курандаша алсак», анда издеп жүргөн жана муктаж болуп турган бардык нерсебизди андан таба алабыз. Кайрадан Куранга багыт алып, аны өзүбүзгө түшүп жаткандай окуп, Пайгамбарыбыздын өмүр жолун эң мыкты деңгээлде түшүнүп, мурунку улуу муундан бизге жеткен мурастарга баш-көз боло алсак, анда биз да бышып жетилген эрлердин катарына кошулабыз.

Бышып жетилгендердин алдындагы милдеттер

Бедиуззаман башын сайган жандарды күтүп турган оор милдеттерди «кылымдардан бери талкаланып жаткан дубалды тургузуу» деген сөз менен чагылдырат. Тилекке каршы, бир канча кылымдан бери коомду жыгылтпай кармап турган негизги баалуулуктар талкаланып, үрөйдү учурган бузулуулар болду. Динге да, ыйык нерселерге да урмат-сый калган жок. Мусулмандарды бириктирип кармап турган байланыштар үзүлүп, ынтымак, биримдик деген жоголду. Жараткандын атын жер жүзүнө жайылтуу мүдөөсү эстен чыкты. Өздөрүн кылымдардан бери талкаланып жаткан бул дубалды оңдоого милдеттүүмүн деп эсептеген эрендердин бул көйгөйлөрдүн баарын жеңе алуусу алардын бышып жетилүүсүнө байланыштуу. Себеби, чындап бышып жетилгендердин (Алланын уруксаты жана ырайымы менен) чече албай турган маселеси болбойт.

Азирети Мусанын (алейхиссалам) элине Кудуска кирүү буйругу берилгенде, азирети Муса аларга: «Эй коомум! Кана Алла Таала силерге буйруган куттуу жерге киргиле. Бирок, андан кайра качпагыла. Болбосо бозгунга учурап, айлаңарды таппай каласыңар»[1] деген. Бирок тилекке каршы, алар али көрсөтүлгөн багытка жөнөгүдөй абалга жетише элек болчу. Муну алар: «Э Муса, тигил акмактар ал жерде турганда биз эч качан ал жакка кирбейбиз. Сен Жаратканың экөөң барып алар менен согушчу, биз бул жерде күтүп туралы»[2] деген жооптору менен таасын көрсөтүштү. Натыйжада Жараткан Алла чындап бышып жетилүүлөрү үчүн кырк жыл бою аларды чөлдө азап тарттырып, кандайдыр бир деңгээлде ыйман саякатын (сайру сулук) жасатты. Кырк жыл жүрүп сайру сулугун жыйынтыкташкан соң, Жараткан Алла аларга куттуу өрөөндүн эшигин кеңири ачып, алар азирети Юша ибни Нундун башчылыгы менен шаарга киришти.

Мусулманчылыкты күнүмдүк саясатка курал кылуу менен, демагогия менен, чоң-чоң идеологиялар менен, алакөөдөндүк менен, көркөмдөө менен, жалган айтуу, алдоо менен көйгөйлөр чечилбейт. Чынында булар турган көйгөйдү ого бетер чоңойтот. Бүгүн байма-бай колдонулуп келген «саясий Ислам» деген нерсе тилекке каршы Исламдын рухун өлтүрдү. Маселени куру чечендикке, демагогияга алып барды.

Мына ушул жагынан алганда Ислам ааламы да, мүлдө адамзат дагы алдында турган көйгөйлөр бышып жетилген кишилерге байланыштуу экенин эсинен чыгарбасын. Жеткиликтүү бышып жетилүүгө, жүрөк менен рух жашоосун тирилтүүгө, диний илимдердин окутулуусуна жана жаратылуу буйруктарынын (теквин) терең окутулуусуна байланыштуу. Азирети Бедиуззамандын көз карашы боюнча, абийирдин нуру дин илимдеринде, акылдын нуру болсо табигый илимдерде. Бул экөөнүн биригүүсүнөн акыйкат пайда болот. Бүгүнкү заманда адамзаттын бакубатчылыгы үчүн башын сайгандар канча кылымдардан бери бири-биринен ажырап кеткен бул акыйкаттарды кайрадан бириктирүүгө талбай аракет кылып, аны мойнундагы эң чоң жоопкерчилик катары көрсүн. Мына ошондо гана бүткүл ааламдын көйгөйлөрүн чечүү жолуна түшүштү деп айтсак болот.


[1] Маида сүрөсү, 5/21

[2] Маида сүрөсү, 5/24