Бүгүн аза күтүү күнү. Кечээден бери, чууруп, мекен коргойм деп жанын берген жоокерлерибиздин, жашап баштай элек жаш балдарыбыздын, сүрөттөрү чыгып, кантип жан бергени айтылып, көздөн жашты кечке агызды. Кан жутуп турат Кыргызстан

Бул кандуу кол салуу эбегейсиз жоготуу алып келди, орду толгус. Ошону менен бирге, буга чейин болуп көрбөгөндөй элибизди улут катары таптады, башыбызды бириктирди. Арийне, эгемен улут согуштар аркылуу бекемделип, куралат деген түшүнүк бар. Биздин башыбызга ушул келди көрүнөт. Мындан ары, мындан ашканы болбосун. Эгемен улут катары ширелип, биригип, бир муштум эл, бир бүтүн мамлекет экенибизди жалпыбыз сездик. Акыркы күндөрдөгү ар тарапта, ар жагдайда, ар жерде, ичте да, сыртта да, кош аракеттенген, салымын кошууга умтулган элибизди көрүп, дагы көздөн жаш чубурат – сыймыктануунун, кубануунун, ыраазы болуунун жашы.

Ушул ынтымак эми бекем болсо. Жай күндөр келип, бул жоготуулардын оорусу алыстай баштаганда, биздин ушул мекенчил биримдик, эркин элдин эгемендик сезими азайбаса. Баарыбыз бүгүн чын мааниде Кыргыз Жараны болуп келдик, быштык.

Кыргыз Жараны – өлкөгө, ар бир мекендешине күйгөн, биригүүгө даяр турган, жалпы максатка, жалпы чакырыктарга салымын кошууга умтулган жаран. Кыргыз Жараны – эркин жаран, бирөөнүн күткүлөөсү менен эмес, бийликтин буйругу менен эмес, өзүнүн көөдөндөгү адилеттик жана патриоттук сезими менен аракеттенген жаран. Кыргыз Жараны – коркпогон, эр жүрөк жаран. Өлкө коргоп курман болгон баатырларыбыз өзүнчө чоң көрсөткүч, бирок жалпы эл да чабуулга бек турган, ого бетер күчтөнгөн эл экенин көрсөттү. Мындай элди коркутуу болбойт, коркутуу аркылуу башкарып да болбойт. Так ушул эркиндиги жана коркпостугу менен Кыргыз Жарандары бийликке да жардамчы, бийликтин таянар күчү болот. Ал үчүн, бийлик Кыргыз Жаранын урматтап, баалап, анын ар бирин, ар түрдүүлүгүн, сын сөз-пикирлерин сыйлай билип, өзүн ушул жарандардын кызматкери экенин унутпоого тийиш.

Бул кайгыдан тарта, кыргыз элинин ынтымагы ширелсин, басып кирген кошуна коркутам, жеңем деп кирип, ого бетер күчтүү, бирдиктүү, чечкиндүү, оперативдүү, мекенчил элди ширетип койду. Бүгүнкү аза күтүү жана жоготуулар элибиздин кечээкиден да бийигирээк болуусуна, күчтүүрөөк болуусуна, бири-бирине карата аяр мамиле кылуусуна, сый-урматына, эл катары мурдагыдан да бекем, эркин, тайманбас эл болуусуна алып келсин.

Өнүгүүнүн жолдору ар кандай, ар кимдин өз кылган иши бар, билген билими бар, тандаган жолу бар. Мамлекеттин жалпы өнүгүүсүн камсыздоо үчүн, бийлик ушул бүгүн даана болуп турган керемет элдин артыкчылыктарын, анын бийик сапаттарын, жөндөмдөрүн баалай келип, күч менен эмес, алдоо менен эмес, чын дилдүү, кеңешкен кызмат менен иштеши керек. Бөлүп-жарып эмес, ооздуктап эмес, камакка алып эмес, алдап эмес, бекитип эмес; бириктирип, сыйлап, баалап, колдоп, сактап, дем берип…

Кыргыз Жаранын таанып ал!

Эмилбек Жороев