Аналитиктер Түркиянын ШОСко кирүү аракетин Режеп Тайып Эрдогандын “нередэээн нерейе” деген сөзү менен сыпаттап атышат. “Кайдааан каякка” деп которулган бул сөздү европалык стандарттарга жакын абалда алган өлкөсүн Эрдоган 20 жыл ичинде “диктаторлордун лигасына” алып келди дешти

Ооба, Түркиянын бийлигине Союз тарап баштаган кезде келген Эрдоган, ал учурда дүйнөдө “арзан доллар” доору сүрүп аткандан пайдаланган түрк ишкерлеринин совет доорунан калган базарга кирип, элин жана өлкөсүн байытканын жакшы эле пайдаланды. Өмүрүндө үч китеп окуп бүтүрбөгөн, бирок шакылдап-такылдап сүйлөп, популисттик саясат жүргүзгөн киши, 20 жылда 80 миллиондук өлкөнү итке мингизди. Коррупция жана ишкерлерди талап-тоноо аркылуу өлкөсүн экономикалык жактан алсыратып тим болбой, эми, бийлигин сактап калуу үчүн, түрк аналитиктери “диктаторлордун клубу” деп атаган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирүүнү, өлкөнүн негизги максаты деди.

20 жылдан ашык мурун демократиялык мамлекеттердин эң төркү бөлмөлөрүндө сыйланган, мусулмандар калкынын көпчүлүгүн түзгөн мамлекеттерге үлгү болгон, Евробиримдикке киребиз деп убада кылган Тайып Эрдоган, эми батыш тарапты “душман” жарыялап, дүйнөдө кандуу диктаторлукту орноткон кишилерге анегдот айтып берип жыргап отурат. Албетте, 90%’дан ашыгы Эрдоганга сатылып кеткен түрк медиасы бул сүрөттү “анааа, дүйнө лидеринин отурушун кара!” деген таризде сунду.

20-кылымдын башынан бери эптеп болсо да демократия орнотуп келе жаткан түрк калкы, кийинки кылымдын 20 жылы ичинде кайра бийликтен эсиреп жинди болгон султандардын доооруна кайткан сыяктуу. Түрк аналитиктери ШКУну “деспоттор клубу” дегенинин себеби, анын Евробиримдиктен айырмаланып, парламент, сот, өкмөт сыяктуу туруктуу иштеген структурасы жок, жалаң өлкөсүн тоногон лидерлердин акчасына иш алып барган уюм деп сыпатташты. Ошондуктан бул эки уюмду үстүртөн да салыштырып болбойт деп, бийлигинин ШКУну жерге-сууга тийгизбей мактаганын мазактап жатышат.

Ооба, биз батыштын өткөн кылымдардагы империалисттик баскынчылык саясатына каршы болушубуз керек, бирок кылымдар бою иштеп, учурда элдерине бакубат турмушту орнотуп бере алган, демократиялык кеңешке негизделген саясаты менен курамынан пайдалануубуз керек дейт түрк агартуучулары. Учурдагы исламчыл-улутчул бийликтин жеке башкаруу орнотуу максатында ШКУну актап-жактаганы эч бир сынды көтөрө албай деп туталанып атат.

Тээ акыркы султандар доорунан башталган 250 жылдык жаңылануу тарыхын калың сызык менен чийип салып, улам катары менен өз элин саясий-экономикалык жана моралдык туңгуюкка тыкканы аз келгенсип, коңшу демократиялык өлкөлөргө да кол салып баштаган деспоттордун клубуна киргениңдин эмнеси менен мактанасың. Өкүнүчтүүсү, мындай өлкөнүн башчылары гана эмес, катардагы жараны да текеберликке алдырып, башка улуттар менен мамлекеттерге үстүртөн карап, Кудай Тааланын балээ сыноосун башына чакырып алаары учурда айдан ачык көрүнүп, далилденип калды.

Ошентип, түрк тарыхчылары Эрдогандын жогорудагы сүрөтү: “Түрк президенти Эрдоган деспот, диктатор, тирандарга жагалданып, алардын катарына кошулгусу келип, жаналакетке түшкөн кези”, – деп тарых китептерине коюлат деп ишенип турган чагы.

Жансакта Сарбашов