Айыпсыз жерден абакта отургандарды боштондукка чыгарууну президенттен сурангандын кереги жок! Саясый кекчилдик менен алардан өч ала албай жүргөнүн Садыр Жапаров соңку маегинде туюнтуптур! Соттон мурда өзү чечим чыгарган аваңар Конституциянын кепилдиги болуп бербестигин өз деңгээли менен дагы бир жолу көрсөттү

Жаңы жыл – ар бир үй-бүлө үчүн сүймөнчүктүү майрам. Ар бир үй-бүлө жыл тогошор күнү бала-чакасы, неберелери, эң жакындары менен чогулуп… жакшы ниет, аруу тилекте жаңы маанайды тосот. Тилекке каршы, Кемпир-Абаддын тагдырына күйгөндүн көбү абакта отурганына кантип жүрөгүң чыдап отурат, мекендеш!

Чыныгы Мекен деп күйгөн жарандарыбыз эл-жер тагдыры деп, акыйкаттык издеп чырылдашканы үчүн темир тор артында отурганы неге жалпы элдин намысын козгобойт?! Алар эркиндикти, акыйкаттыкты, адилеттикти сүйгөн элибиз бар деген ишеним менен бийликтин адилетсиздигине каршы күрөштү каалашкан. Бирок алардын арасында бүгүн тез жардам чакыртууга аргасыз болуп ден-соолугунан ажырап, сууктун күнүндө абактын сыз, муздак дубалынын артында сустайып отурганына кантип жүрөгүбүз чыдап, жылуу-жумшак үйүбүздө отурабыз?!

Жалпы аракет кылып, жамааттык тилектештик менен абакта отурган асылзаада Аялзаттарыбызды кор кылбай бошотууга, эл-жер тагдыры үчүн жанын канжыгага байлаган эр-азаматтарды бошотууга аракет кылбайлыбы! Калкыбыз “Бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун сөөгү зыркырайт” принцибине келер мезгил болобу бир?!

Абакта жаткандардын бири сөзсүз эле өлүмгө тушугуп, тагдыры талкаланып, ден-соолугунан ажыраганын күтүп, анан аракет кылышыбыз керекпи?! Келгиле, кыштын кычыраган күнүндө биз алардын ден-соолуугу үчүн күрөшөлү! Алардын да сеникиндей, меникиндей үй-бүлөсү бар. Алар бийликтин адилетсиздигине чыдабаган кайраттуу элибиз бар деп ишенишкен. А биз бөлбүрөп, шөлбүрөп, үлдүрөп, былжырап отурабыз…

Абактагыларды Жаңы жыл алдында бошотуунун жолун издейли. Акыл калчайлы. Алдыңкы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү жаратар жөндөмгө жарабасак да, адилеттик үчүн тикесинен тик турган улут экенибизди көрсөтөлү дүйнө жүзүнө! Деги абактагыларды чыгарууга акыл жөндөмүбүз жетпеген кандай калкпыз?..

Чыныгы мекенчилдерди абактан чыгаруунун кандай жолун сунуштайсыз? Менде “запасной” эки сунуш бар. Агер эч кимден жарытылуу сунуш чыкпаса, мен жинди ошол “запастагы” идеямды жарыялайм… Агер ушул Жаңы жыл алдында мекен үчүн абакта отургандарды бошото албасак, анда Жаңы жыл майрамында чөйчөк кагыштырып, эл-жерибизге акыйкаттык, адилеттик тилегенибиз курусун! Антип тил учунан айткан тилектер өзүңө эле буюрсун!

Эл-жер деп күйгөн эже-карындаштарыбыздын, эр-азаматтарыбыздын ар биринин үй-бүлөсүнө белек тартуулабайлыбы! Ал белегибиз ар бирине ЭРКИНДИК, БОШТОНДУК болсун!!!

Олжобай Шакир