Учурда кыргыз калкы миң жылдап коңшу жашап келген кытай эли менен мамилесинде эки анжы абалда турат. Бийлиги жана элиталары кытайлар менен мамилешүүнүн пайдасын таап, бир нерсе улуп-жулуп кетип атат. Карапайым калк болсо Манасты чала-була окуп, орус пропагандасына сугарылгандыктан, калың кытайдан үрөйү учуп, үрккөнү үрккөн. Кеңири коомдук дискуссияны баштоо маалы келгенсийт…

Кыргызстандын 30 жылдык эгемен тарыхында кытай инвесторлору катышкан ири долбордун көбү коррупция менен коштолуп, бизге да пайдалуулары (Датка-Кемин, ТЭЦ-Бишкек, Түндүк-Түштүк альтернативалык жол ж.б.) ишке ашканы менен кытай тарапка жана биздин аткаминерлердин чөнтөгүнө пайда алып келет дегендеринин көбү (Солтон-Сары, Мунай комбинаты) токтоп турат.

Өз өкмөтүнө кылчактап иш алып барган кытай ишкерлери, албетте, кыргыз реалияларына дал келүү максатында, ишин жергиликтүү калктын талабына жараша өзгөртүү аракетин кылып келет.

Кыргыз элитасы да, калкы да адистикке жана жумушчулукка жергиликтүү элдин өкүлдөрү тартылуусун жана, кенди казып ташып кетүү менен чектелбей, өндүрүш кылып, кошумча нарк пайда кылган ишканаларды ачууну талап кылууда.

Акыркы учурларда Кытайдын Кыргызстанда гана эмес, жалпы Борбор Азиядагы (БА) саясаты өзгөрүп бара жаткан чак. Кытай өкмөтүнүн эсебинен чегерилген насыялардын эсебинен ири транспорттук жана энергетикалык долборлорду куруу тототулууда. Кытайдын каражаттары кошумча нарк жараткан өндүрүмдөрдү чыгарууга багытталган ишканаларды ачууга багыттала баштады. Алардын көбүндө кытай фирмаларында окуп, тажрыйба алган жергиликтүү адистер ишке тартылууда.

Жаңы жумуш орундарын түзгөн мындай ишканаларды ачууну БА мамлекеттеринин өкмөттөрү жана калкы мурунтан эле талап кылып келген. Андан сырткары Кыргызстандын тышкы карызынын жарымы Кытайдан алынганы жана аны кайтарып берүүдөгү көйгөйлөрү жаңы кытай насыяларын алууну кескин чектеди. Бул саясат кытай банктарынын да бүткүл дүйнө боюнча инфраструктуралык долборлорго акча чегерүүдөн качкан убакка дал келди.

Ошондуктан кытайлык фирмалар бул олуттуу өзгорүүлөргө жараша иштөөгө мажбур болуп турат. Андыктан алар жөндөмдөрү жетишсиз жергиликтүү адистерди жеринде же Кытайда окутуп, алардын ишканадагы санын арттыруу аракетине киришти. Долборлорун ишке ашырууда кытай ишкерлери жергиликтүү коомчулуктар менен алака түзүү аракеттерин да активдештирди. Кытай өкмөтү бул жаатта ишкерлеринин тажрыйбасын колдонуп, БАга кирем деген ишкерлеринен өндүрүшкө ыктап, жергиликтүү жумушчулардын адистигин арттыруу шартын да кошо баштады.

Мындай аракеттердин натыйжасы ар түрдүү болуп келет. Кытай фирмалары учурда жергиликтүү калкты көбүрөөк жумушка алууга аракет кылып атат. Бирок, алар кайсыл бир жердин экономикасына тыгыз интеграция болуп баштаары менен локалдуу коррупцияга жана аны коштогон саясий оюндарга кириптер болууда. Ошондуктан, кайра эле артык кылам деп тыртык болуп, Кытайга карата мамиле ого бетер начарлап кетип атат.

Кытай компаниялары, мындай негативдүү атмосферага карабастан, жергиликтүү калктын ашкере күтүүлөрүнө болушунча ыкташып кетүү аракетинде. Анткени, кытай ишкерлери, эң биринчи кезекте киреше табууга багытталуу менен бирге, кытай өкмөтүнүн да кеңири саясий максаттарын да эске алып, аны да алдыга жылдырып турууга мажбур. Бул тууралуу 2015-жылы Кытайдын Эксимбанкынын мурдагы төрагасы: “Кытай компаниялары жалпы саясаттын учунда келе жатат, “Бир кырчоо, бир жол” толугу менен кытай компанияларынын позитивдүү аракетине көз каранды”, – дегени бар. Ошондуктан БАда иштеген кытай фирмалары жергиликтүү жана кытай саясатынын ортосунда жанчылып, бышып келе жатат.

(уландысы бар)

Дирк Ван Дер Клей, Нива Яу, Карнеги Фонду, изилдөө

Саресеп сайтынын адаптация кылынган котормосу