Автократ лидерлер кызыктуу кишилер болот. Башында бири-бирин шылдыңдап, учактарын атып түшүрүп, өлкөсүндөгү элчиликке кирген журналисттерди өлтүрүп устукандап салганга уруксат берип, анан дүйнөлүк масс-медиадан бири-бирин эң оор сөздөр менен айыптап, бирок кызыкчылыктары дал келе калса, маселе акчага же күчкө такалса, эч бир нерсе болбогон сыяктуу эки колдоп учурашып, бекем кучакташып, өбүшүп, керек болсо жетелешип алып умра да кылып кое беришет

Түркиянын президенти Рэжеп Тайып Эрдоган кечээ, 29-апрелде Сауд Аравиясына расмий зыяратка барып, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман менен жолукту. Түрк журналисттери менен эксперттеринин көбү муну бети жоктук деп баалады. Бирок кээ бир эксперттер: “Эгер калкынын калың бир бөлүгү аркасында турган бир киши автократ, керек болсо зулум режимин түптөй алган болсо, анын уялчу деле эч нерсеси калбайт”, – дешти.

Өзү колдоп келген ихван-муслимин жамаатына таандык журналист Жемаль Хашшогини Стамбулдагы Сауд Аравия элчилигинде өлтүргөндөрдүн кылмыш иши жабылып, шектүүлөрү менен кошо Сауд Аравиясына тапшырылгандан кийин үч апта өтпөй Эрдоган Салмандын алдына барды. Анткени элдешүү үчүн сауддар берген жадыбалдын акыркы пунктту аткарылган.

Эрдогандын эмнеге мындай ишке барганын саясат менен машкулданган кишинин баары билет, анткени банкрот болду, казынасы куржалак калды, ал азыр кызылдай акча менен инвесторлорго муктаж. Ошондуктан, буга чейин чачын тескери кырып аткан сауд бийлигинин ийине келип, башында ихвандар колдонгон “рабиа” ишаратынан баш тартып, андан кийинки талаптарын да катары менен аткарды.

Буга таң калбай эле коюш керек, анткени аны колдогон ислам динчилдери ушундай лидерди каалашат. “Кайдан жана кандай тапсаң да, акча алып кел” деп, аны эки көзү төрт болуп күтүп отурушат. Эрдогандын мындан кийинки саясаты, кайрылган башка мамлекеттин лидери аны канча акча менен бастыраарына, түп-түз көз каранды.

Түрк эксперттеринин бир бөлүгү, мындан кийин Эрдогандын “досум, бир-тууганым, санаалашым” деген сөзүн дүйнөнүн эң оор бок ооздугу катары кабыл алыш керектигин айтып чыгышты. Ушул күнгө чейин жогорудагы сонун сөздөрдү айтып, бирок сатпаган, талаага таштап кетпеген, алсыз болсо үстүнө чыгып тебелебеген эч ким калган жок.

Мухаммед бин Салман өлтүрткөн Жемаль Хашшоги да Эрдогандын досу болгон. Ал өлтүрүлгөндө дүйнөлүк деңгээлде “кошок кошуп”, бул кылмышты ашкере кылган эле. Эми болсо өлкөсү банкрот болуп, инфляциянын тегирменине киргенде сауд ханзаадасынын алдына барганга мажбур калды.

Бирок буга таң калуунун кереги жок, анткени, ар ким өзүнүн кумирине барып жалбарат. Эрдогандын кумири ким дегенде, ошол эле Мухаммад бин Салман, Владимир Путин жана Катардын принци. Алардын хан сарайлары, шумдук учактары, бөксөрбөгөн казыналары бар, мыйзам дегенди карашпайт, манжаларын шак эттирсе токтом, кагазга бир нерсе жазып кол койсо, анысы мыйзам болуп калат.

Ошондуктан ал да кумирлериндей болгусу келди, Конституцияны өзүнө жараша кайра бычып-тикти, хан-сарайларды салдырды, хан-сарайдай учактарды алдыртты, жеке заалым бийлигин орнотту, бирок мамлекети банкрот болду.

Азыр болсо кумирлери Эрдоганды шылдыңдап отурушат. Анкени кандайдыр бир саясий-экономикалык перспективасы жок. Анын кумирлеринин заалым башкаруусун узартканга жарап берген газ-мунай корлору бар. Тайып Ак деңизди, Кара деңизди чукулатып, мындай мүмкүнчүлүк таба албай койду. Түрк калкынын, Эрдоганды колдогон 30%дан ашык тайпасынан калганы, кемчиликтүү болсо да демократиянын даамын татып калган. Ошондуктан Түркияда узак мөөнөтүү заалым жеке бийликти орноту мүмкүн эмес, курган чакта да ал акыры банкротко учураары шексиз.

Бирок мындай режимди тамырына куйган наличка-наркотик менен белгилүү бир мөөнөт бутунда кармап турууга мүмкүн. Ханзаада Салман Эрдоганга кызылдай акчаны сөзсүз берет. Анткени, Эрдоганга окшогон жана туңгуюкка кептелип калган лидер, кайра шайлоодон жеңип чыгуу үчүн мамлекетинин кандай болбосун кызыкчылыгын кытыраган акчага сатууга даяр. Бир башка атаандаш мамлекеттин саясатчысына өлкөсүнүн кызыкчылыгын эч нерсеге сатпаган принципиалдуу лидердин эмне кереги бар? Ошондуктан мамлекети жана эли стратегиялык мааниге ээ болгон өлкөдө, Эрдоганга окшогон макулук алардын үч уктаса түшүнө кирбеген “досу, санаалашы жана бир-тууганы”.

Жансакта Сарбашов