2016-жыл 12-февраль

1)Агам токко тартылып өлдү. Ошондо ал шейит кеткен болобу?

Жооп: Кимде-ким “акыйкат дин баарынан жогору болсун” деп өлгөн болсо, ошол адам шейит кеткен болот. Ошондой эле, кырсыктан өлгөндөргө да ошондой сооп берилет деп да айтылат. Кандай болгон күндө да, агаңдын ыйманы саламат болсун. Негизгиси ыйман менен кеткенге аракет кылуу зарыл. Ар бир мүнөттө акыретке узообуз ыктымал. Андыктан дайым ыйман менен жүрүүнүн аракетинде бололу!?

Кудай Таалам ыйык Куранда айтат:

“Эй Момундар! Бир Алладан корккула!

Чын корккула, (жалгыз гана Ушундан,

Алыс болуп, арам ойдон бузулган.

Өмүр солку, жасап өтөөр иш азбы?)

Өлбөгүлө болбой туруп мусулман?!.”

((Аалу Имраан: 102) Н. Алымбек))

2) Мектепти бүтсөң, врач болосуң дейт үйдөгүлөр. Мен Бишкектеги Көлмө медресесине тапшыргым келет. Бул жерде ата-энемдин айтканын кылайынбы, же илим алайынбы?

Жооп: Эч бир ата-эне перзентине жамандык каалабайт. Ошол эле учурда мойнунан байланган ит ууга жарабайт деген да кеп бар. Ата-энең менен кеңеш, кеңешип кескен бармак оорубайт. Кеңешпей калсаң, төө кыядан өткөн соң, “оо” дегениң курусун. Менин пикиримде медресеге окусаң баарыңарга жакшы болот.

3) Койдун көңүн сатса акчасы арам болбойбу?

Жооп: Жер семирткич катары сатса, адатка каршы келбейт. Адатка каршы келбесе, ошол эле учурда шариатта да тыюу салынбаса, сатууга уруксат болуусу зарыл. Имам Сиражуддин Оошийдин “аль Фатаава ас сираажиясынын» 416-бетинде мындай деп айтылат: “Мал байланган жердеги тезекти турган жеринен (чаппастан, омкорбостон) сатса болбойт. А бирок, аны топтоп (алып кетүүгө ылайыктап), андан соң сатса, шариатка туура келет”.

4) Эмран деген ат китепте барбы жана анын мааниси кандай? Алдын-ала чоң рахмат!

Жооп: Ооба. Куранда Аалу Имраан деген бүтүндөй бир сүрөө бар. Эмран ошол Имраандын бир аз бузулуп айтылуусу.

5) Менин жубайым Москвадан келип башка бирөө менен жүрүп кетиптир. Намаз оку десем болбойт. Кечирип кайра жашасам болобу?

Жооп: Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы деген экен кеменгер эл. Анын сыңарындай, намаз окуганга көнбөсө, көнгөн жагына көмкөрүлүп кете берсе айлаң не болоор экен ыя, карагым Эми-и, карап көр, адашкандын айбы жок кайтып үйрүн тапкан соң делет. Көңүлүң тартса, көкүрөгүңдөгү кирди чайкап, кечирсең а деле жакшы. Аккан сууну чыбык менен чапкандан так калбайт эмеспи. Кечирсең кечирем дейт Жараткан Эгем.

6) “Үч талак» дегенде гана талак түшөбү, же «талак, талак, талак» дегенде гана түшөбү?

Жооп: Садагасы, талакты гезит бетинен үйрөнбөйт. Молдонун астына чөгөлөп олтурсаң, олтургандан тизең ооруп, жамбашың жооруса, андан кийин буюрса, илим алсаң фыкыхтан, келээр кезеги менен маселеси талактын. Дааратсызга Куран карматпагандай эле, талактын маселесин илимге өзүн арнабаган адамга айтуу оңтойсуздук жаратат. Айтып койсоң ал сыяктуу жаранга, карапайым элдин жүзүн өзүнө каратат, айткан маселеси менен башты аңги-деңги айлантат.

7) Чүкө ойноого болобу?

Жооп: Болот. Зыяны тийбейт. Кумарга кирип кетсе, ойноого жол берилбейт. Сөөктөр жиндердин азыгы, аны менен истинжа кылууга болбойт. Истинжа кылбаса эле, жин ааламы капа болбойт. Зыяны да ушул себептен тийбейт. Динибизде малдын (арам өлгөн малдын деле) сөөктөрүн, жүндөрүн, тарамыштарын сатса, колу менен кармаса болот. Эми сатса болсо, кармаса болсо, анда эмне үчүн ойногонго болбосун?! Баса, арам өлгөн малдын терисин ийлемейинче сатууга болбойт.

8)Ассаламу алейкум устаз! Турмушка чыгарда баланын жеңеси, же эжелери кызды чечиндирип денесин, тулку-боюн көрсө болобу? Кийин жакпай калбаш үчүн. Бишкек, Гүлбар.

Жооп: Ва алайкумус салам!… Турмушка чыгаарда баланын апасы, жеңеси, же эжелери кыздын киндиги менен тизесинин аралыгынан башка жерин көрсө болот. Албетте ошол турмушка чыга турган кыз уруксат берсе. Уруксат бербеген учурда жылаңбаш абалында көрсө болот. Мынчалык болуп калгандан кийин, кыз деле кийин айнып кетпеси үчүн, кыздын атасы, агасы, же жездеси жигиттин келбетин, денесин көргүсү келсе, жигиттин киндиги менен тизесинен башка жерин жылаңач абалында көрсө болот. Колтуктарын жана оозун жыттап көрсө да болот. Кыз тарап да, жигит тарап да көргөндөрүн башка бирөөлөргө айта турган болсо, шариатта арам ишти аткарып, аманатты бузушкан болуп эсептелет.

9) Баардык оору Алладан болобу?

Жооп: Ооба, берекем! Тагдырдагы бардык жакшылык жана жамандык бир Алладан гана болот. Кудай Таалам ооруну пендесине сыноо үчүн жиберет. Акыреттеги даражасы бийик болсун, Кудай Тааламдын өзүнө жакын болсун, анча-мынча пендечилик кылып кетирген күнөөлөрү кечирилсин деп берет ооруну. Ооруган адам тагдырына ыраазы болуп, жазмышына нааразы болбой, колдон келген аракети менен даарыланууга аракет кылса, кылганына береке болор.

10) Атам жол кырсыгына учурап каза болду. Ошондо шейит кеткен болобу? Шейит кеткендер бейишке киреби?

Жооп: Бул жөнүндө жогоруда айттык. Шейит кеткендер пендеге карызы болсо, албетте суракта жооп беришет. Алла Таалам менен болгон мамилесинде кандайдыр бир кемчилик кетиришкен болсо, аны Кудай Таалам өзү билет. Канкен менен шейиттиктин даражасы жогору, бейиштин жогорку макамдары насип болоор.

11) Дааратта масх тартууну, же мурун чайкоону унутуп калсаң, дааратты башынан алуу туурабы, же ошол эле унуткан бөлүгүн алуу керекпи?

Жооп: Бул учурларда дааратты кайра баштан алуунун кажети жок. Унуткан бөлүктү гана жууп, чайкап, же масх тартып коюу жетиштүү болот. Анткени тартиби, катары, удаама–удаа даарат алуу даараттын парздарына кирбейт. Булар сүннөт жана адеп болгондуктан, кийин аткарып коюу жетиштүү.

12) Тумар тагынса болобу? Тумардын ичине арапча дубаларды салып жүрсө туурабы? Ош, Аман.

Жооп: Тумарды тагынгандан тагынбаган жакшыраак. Анткени тумарды таккан адам ушул тумар мени сактайт деген пикирде болсо, акыйдасына коркунуч келип калат.Ал эми, мен тумарда катылган Кудайдын сөзүн сактап жүрөм, аны барктап жүрөм, Кудай Таалам мени сактасын десе, кээ бир аалымдар болот дешкени менен, аны менен дааратсыз жерге баскан болбойт, аны сактап жүрүү оголе машакат болот деп, акыр түбү такпай коюу жакшы дегенге келишкен. Мунун баары Куран аяттары жазылган тумарга тиешелүү. Куран аяттарынан башка түшүнүксүз нерселер жазылса, же карышкырдын тырмагы сыяктуулар тагылса – анда-ачык эле ширк болуп, адамды ыймандан чыгарат.

13) Ата-энем кичине кезимде каза болгон. Мени апамдын сиңдиси чоңойтту, окутту дегендей. Бирок эч мээрим менен өстүргөн жок. Азыр ал жалгыз. Аны кароого мен милдеттүүмүнбү?

Жооп: Чоңойткону, окутканы жетиштүү болбойбу сага?! Мээримди Кудай анын жүрөгүнө салбаса, ким мээримдүү болмок эле? Сени балдар үйүнө берип салганда, накта мээримсиз болот эле. Аны кароого аракет кыл. Адамдар итти деле күчү-күчүлөп багышат. Ага караганда бул киши биринчиден адам, экинчиден апаңдын сиңдиси, үчүнчүдөн сени баккан жана төртүнчүдөн жалгыз калган кемпир экен. Ушул сага жетээр бекен? Жыйынтыгында ким мээримсиз болгону турат?

14) Жолдошу аялына “сени менен жашабайм” десе талак түшкөн болобу? Бишкек.

Жооп: Талак маселесинде жубайлар чогуу келип кайрылышканда, толугураак жооп чыгат.

15) Биз дүңүнөн мөмө-жемиш алып кайра аны сатабыз. Бизден сатып алган эжелер таразадан алдап сатышат. Ошондо биздин ал эжелерге сатканыбыз күнөө болбойбу? Каракол, Мухаммедшариф.

Жооп: Таразадан алдап саткандар эч качан жарыбайт. Куранда «таразадан алдагандарга тозок болсун» дейт Кудай Таалам. Башка бирөөнүн алдаганы үчүн силер күнөөкөр болбойсуңар. Ошентсе да, аларга акыл-насаат айткандан тажаба да, чарчаба. Адегенде Алла Тааламды улуктап, Аны тааныт. Андан кийин Анын шариат динин тааныт. Акырында ал пенденин өзүн өзүнө тааныт. Ошентип олтуруп ыйманга келсе, акыретиң абат болот.

16) Ассаламу алайкум! “Мусулмандын парасатынан корк” деген хадистин маанисин кененирээк айтып коёсуздарбы, мүмкүн болсо?

Жооп: Берекем бул хадисти Хаафиз Ибн Абдул Барр риваяттайт. Шейх Альбааний хадисти “даьииф” дегени менен, хадистин чыныгы даражасы “Хасан”. Бул туурасында кеп узакка созулат. Бирок жыйынтыгында бул хадис “Хасан” хадис болуп эсептелет. Хадистин тексти: “Момундун фарасатынан сактангыла! Анткени ал Алланын нуру менен карайт (көрөт)!”Хадистин мааниси: Фараасат – сырткы кебете-кешпирдин (дене-бой, түс, ыраң, өң) акыбалдары аркылуу ички акыбалдарга далаалат табуу, далил келтирүү. Куранда, Бакара сүрөөсүнүн 273-аятында “аларды белгилеринен (алааматтарынан) билесиң” деп айтылганын эске алсак, бул бап терең экендигин байкайбыз. Азирети Алий айтат: “Ким кандай нерсени ичине жашырбасын, тилинин булдуруктаганы менен жүзүнүн барактары аны ачып берет!”.

Имам Ибнуль Асиир фараасатты экиге бөлөт: (1) Алла Таала өзүнүн сүйүктүү пенделеринин, олуяларынын көкүрөгүнө салып, пенделердин ой-туюмун окуп, ичиндеги пирин билип турушат. Бул Кудай Тааламдын сүйүктүү пендесине берген керемети болуп саналат.

(2) Кулк-мүнөз, тажрыйба, дене-түзүлүш, далилдер аркылуу көкүрөгүндөгүнү көрүүгө далил табуу, ошол аркылуу үйрөнүү.

Момундун фараасатынан сактан дегени, аны алдагандан алыс бол, анткени Кудай Таалам ага билдирип турат. Чын ниеттен, ак дилден сүйлөш деген маани маңыз камтылган! Момундун жүрөгү Алла Тааланын нуру менен чулгангандыктан, ал ошол нур аркылуу баам-парасаттуу болуу макамына илинет.

Кантип фараасаттуу болобуз?

Көп китеп окуу, илим алуу менен. Илим, илим алуу менен болот;

Алла Таалага көп таат-ибаадатта болуу. Момун Алла Тааланын нуру менен көрөт. Момундун фараасаты барлыгын Мухаммад пайгамбарыбыз алайхис салам кабар берди;

Аалымдар жана акыл-эстүүлөр, хикмат ээлери менен мажилистерде чогуу болуу;

Кудай Таалам баарыбызды баам-парасаттуу момундардан кылган болсун!.

17) Көзү ачыктардын дубасы адамга таасир этеби?

Жооп: Даарат менен пакиза жүргөндөргө, ыйманы бекем болгондорго, намаз менен жүргөндөргө алардын таасири тийбейт. Жин-шайтандар менен иштешкендиктен көзү ачыктын бири калбай каапыр болуп, динден чыгат. Мусулман пендеси таңкы жана кечки зикирлерди такай айтып жүрүүсү милдет десек аша чапкандык болбойт

18) Ассалааму алейкум устаз! Шарияттын өкүмү боюнча кирди канча ирет чайкоо керек. Азыркы кир жуугуч машинасы шарияттын талабына жооп береби?

Жооп: Кийимге жуккан нерсенин изи кетсе, анын жыты кетсе таза болуп эсептелет. Азыркы кир жуугуч машинелерге жуулган кийимди таза болот деп билебиз. Колдон келсе намаз окуй тургандардын кийимин өзүнчө, намаз окуй элек жаш балдардын кийимин өзүнчө жууган жакшыраак. Же заара тийген жаш балдардын кийимин бир ирет чайкап жиберип, андан соң жалпы кийимге кошсо, максатка ылайыктуураак болот.

19) Чачты чогултуп жерге көмүш керекпи же ыргыта берсе болобу?

Жооп: Чачты мүмкүнчүлүк болсо, жерге көмгөн жакшыраак. Ага мүмкүнчүлүк жок болсо, таштанды салчу кагазга салып, жалпы таштандыга кошсоңуз болот.

20) Дамылла бильярдка кандай карайсыз, ойносо болобу?

Жооп: Негизи бул оюнга тыюу салуунун кереги жок. Намаз окугандан, үй-бүлөнү багуудан тоссо, кумар ойноого алып келсе, анда бул оюнду ойногон арам болот. Кээ бирөөлөр кечинде үйүнө барбай, достору менен ойноп жүрө берет. Булардыкы макрух. Жакшы эмес, жакшылыка алып барбайт. “Окуң намаз куптан, куптандан кийин зарыл ишиңиз болбосо, жатып алып уктаң!”

21) Менин үйлөнгөнүмө 1 жыл болду. Уулум бар. Бирок никебиз кыйылган эмес. Эми эмне болот?

Жооп: Эч болбосо, кеч болсун! Кыйдыргыла! Өткөн ишке салават. Тооба кылгыла! Кудай Таалам кечиримдүү, кечирет. Кечиктирбегиле!

22) Зулум деген эмне? Анын канчалык зыяны бар?

Жооп: Зулум – башка бир адамдын укугун тебелеп, аны кемсинтүү, кордоо дегендик. Шариатта зулумдук арам. Зулумдук көргөн адамдын дубасы кабыл болот. Каргаса, каргышы мустажаб. Анын дубасынан сактануу керек.

23) Тер кийим менен намаз окууга болобу?

Жооп: Арак сыяктуу жаман ичимдиктин жыты келип турган тер болсо, аны жууп салуу керек. Кадимки тердин зыяны тийбейт.

24) Тааныш эжемдин үйүндө жүргөнүмдө кызынын телефону жоголот. Ошол телефонду менден көрүп жатышат. Эгер албасаң Куранды кармап айт деп жатат, эмне кылам? Каргап-шилеп жатыптыр мени. Каргышы өтөбү?

Жооп: Күнөөкөр болбосоңуз өтпөйт. Маани бербеңиз.

25) Балам төрөлгөндө азан айтпай эле ат коюп койгонбуз. Эч нерсе болбойбу? Балам төрөлгөндө жентек бералбадым, кийин берип койсом болобу? Москва.

Жооп: Азанды эми деле уктургула. Мечитте күн сайын беш маал кыйкырат. Ошону укса жетиштүү. Жентек, же акыйка тоюн качан берсеңиз да жарай берет. Ийгиликтин эрте-кечи жок.

Жылдыз Акбар кызы