15 февраля 2016 г. 9:30 970

Учурда дүйнөлүк геосаясаттын көңүлүн Кытайдан кем эмес бөлүп турган өлкө – Иран. Адамдык ресурстары жана экономикасы жагынан анча чоң эмес саналган бул мамлекет өзүнүн байыркы, салттуу дипломатиясы менен не деген ири өлкөлөрдүн күнү тууп, кайра батуусуна себеп болгон…

Аймагы: 1 648 000 км², дүйнөдө 17-орунда;

Калкынын саны: 78 408 412 адам (17-орун);

Ички дүң өндүрүмү (ИДӨ): $1.284 трлн. долл. (18-орун);

ИДӨдө айыл чарбасы: 11,2 %;

ИДӨдө өндүрүш: 40,6 %;

ИДӨдө кызмат сунуу тармагы: 48,2 %;

Бир адамга: $16,500 долл. (103-орун);

Соода балансы: +73%;

Атаандаштыкка жарамдуулугу боюнча 23-орунда;

Инновациялар боюнча 27-орунда.

Өзгөчө кырдаалдуу рахбар

Иран азыркы дүйнөлүк саясатта эң көп көңүл бурулган мамлекеттердин бири болуп турат. Бул Ирандын географиялык жайгашуусу, саясатынын тарыхы жана экономикалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Анын азыркы өзгөчө абалы 1979-жылы ишке ашкан «исламдык» деп аталган ыңкылапка тыгыз байланыштуу. Бул ыңкылапка чейин Иранды Пехлеви тукумунан чыгып келаткан падышачылык башкаруунун эки акыркы өкүлү Мухаммед Реза менен Мохаммед Мосаддык башкарган. Алар АКШ жана Англия менен жакындашып, динден оолак батышчыл саясат жүргүзүп келишкен. Ыңкылапка чейин ирандыктар маданияты, күнүмдүк жашоосу толугу менен батыштык баалуулуктарга сугарылган турмуш сүрүшкөн. Бирок ошол эле убакта байыркы улуттук тарыхы, шиит мазхабынын талаптарына жооп берген диний түшүнүктөгү интеллигенциясы да сакталып келген. Анткени менен батыштын жардамы аркылуу орногон пехлевилик башкаруу калың элдин көңүлүнөн толук орун ала алган эмес. Анын үстүнө экономикалык каатчылык, жаштар арасындагы жумушсуздуктун артуусунан улам динчилдер менен батыштык баалуулуктарга ыктаган топтордун арасында катуу тирешүү жогоруда айтылган ыңкылап менен аяктаган. Ушул учурдан баштап Иранда падышалык башкаруу аяктап, Иран Ислам Республикасынын (ИИР) түзүлгөндүгү жар салынган. 1979-жылдын 1-апрелинен баштап аятолла Хомейнинин теориясына негизделген өкмөтү жана парламенти бар президенттик башкарууга жакын, бирок анын да жогору жагында өкүмдарлык кылган рахбар аятоллалык макамы орногон өзгөчө модель түзүлгөн. Мамлекет башчысы болгон рахбар аятолланы аятоллалардын кеңеши шайлайт. Рахбар Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башчысы, аскердик чалгындоо кызматынын жетекчиси. Ал мамлекеттин жалпы саясатын аныктайт, президенттик менен министрлер кабинетине жана парламентке аттангангандарга «батасын» берет. Мындан сырткары, соттордун төрагаларын, полис менен аскер жетекчилигин жана Конституцияны коргоо кеңешинин 12 мүчөсүнүн алтоосун дайындайт.

Жалпы эл тарабынан шайланган президент бир топ укуктарга ээ болгону менен, тышкы жана ички саясатта жана ыңкылаптын баалуулуктарын жорууда белгилүү гана чектерге чейин бара алат.

Иран дипломатиясынын ийкемдүүлүгү

1979-жылкы ыңкылаптан кийин Иран батыштан толугу менен жүз үйрүп, жадакалса, батышты шайтан, АКШны шайтандын башчысы деп атай баштаган. Азыркы Хасан Роуханиге чейин Махмуд Ахмадинежад президент болуп турган убакта Ирандын агрессиялык тарабы күчөп кеткен. Коомдо кыяматка жакын доор келди, дүйнөнүн ак жана кара күчтөрүнүн акыркы кармашы жакындады деген ойлор үстөмдүк кыла баштаган. Ахмединежаддын ушундай саясатынан улам бул өлкөгө чочуу менен караган мамлекеттер көбөйүп кеткен. Айрыкча, уранды байытып, өзөктүк электростанцияларды курабыз дегенинен улам бир кадам дагы тыштаса өзөктүк курал жасай алат деген ишеним жаралып, дүйнө коомчулугун алаңдата өзүнө караткан. Дүйнөнүн мен-мен деген чыгаан мамлекеттери колунан келишинче бөгөт коюу аракетинде болгонуна карабай Иран бул багытта өз аракетин уланта берди. Ошондон улам Иран экономикасына каршы мурда эле киргизилген чектөөлөр ого бетер күчөтүлүп, өлкө оор абалга кириптер болгон.

Чынында, Иран ички саясатында Батышты бардык жаман иштердин башаты катары жарыялап келген. Бирок «шайтан» деп атаган өлкөлөр менен тымызын сүйлөшүүлөрүн прагматикалык нуктан чыкпай туруп жүргүзө берген. Албетте, жалпысынан алганда заманбап саясаттын натурасы ушундай. Бирок, кандай болгон учурда да, Иран дипломатиялык прагматизми менен өзгөчө айырмаланат. Ал кийин кызыкчылыгына жарап берчү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү эч басаңдатпай, ар тармактуу байланыштарын чыңап кете берген. Саясий араздашуулар күч алып турган учурларда да мунайды кайра иштетүү, нефтехимия, унаа чыгаруу, курулуш жана башка көптөгөн тармактарда батыш менен тыгыз байланышы бар ишканалар ишин уланта берген.

140 млрд. долларды эриткен Роухани

Махмуд Ахмадинежаддын эки жолку президенттик мөөнөтү бүткөн соң бийликке келген Хасан Роухани мамлекеттик ишканалардын бардык тепкичтерин басып өткөн, интеллектуалдык куржуну Батыш менен Чыгышты жакшы тааныган лидер экени билинди. Ал шайлоо учурунда да, кийин президенттигин аркалаган кезде да Батыш менен диалог кылуу аркылуу саясат жүргүзүүнү негиз кылып алган. Роуханинин диалогго негизделген саясаты ирандыктардын колдоосун тапты. Ушундай ички жана тышкы себептер тез эле мөмөсүн берип, жакында Иранга каршы киргизилген чектөөлөрдүн бардыгынын алынып салуусуна шарт түздү. Албетте бул жалгыз гана Роуханинин жеңиши эмес, анын командасынын жана айрыкча ирандыктардын көзгө көрүнбөгөн тереңдиктеги дипломатиялык аракеттеринин жемиши. Андан сырткары, тез глобалдашып бара жаткан дүйнөнөдөн эч жакка качып кутула албасы да бирден бир себептерден.

Ирандан эл аралык санкциялардын алынып салышы дүйнө серепчилеринин көңүл чордонунда турат. ИИР алдында ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр дүйнөнүн бүйүрүн кызытып турган кез. Буга чейин экспорттоп келген мунай жана баалуу металлдардан түшкөн 120-140 млрд. АКШ доллары тоңдурулуп турат деген да маалыматтар бар. Мына эми ушул каражаттын баарын эркин иштетүү мүмкүндүгү пайда болду. Дүйнөнүн бардык тарабына учак учурууга шарт түзүлдү. Албетте эң негизги утуш – мунайды кенен-кесири сатуу жолдору ачылды.

Иран дин факторун алдыга чыгарбайт

Хасан Роухани мындай мүмкүнчүлүктөрдү жакшы пайдаланып, батыш өлкөлөргө зыяраттарын күчөттү. Мисалы Ватиканда Рим папасы менен жолукту. Ал жерде «диндердин душмандары орток, диндердин максаттары орток» деген сөздөр айтылды. Ошол эле саякатынын уландысында Эйрбастан 114 учак алуу келишимине кол коюлду. Учурда батышта ирандык, Иранда батыштык банктардын филиалдарын ачууга мүмкүнчүлүктөр пайда болуп атат. Роуханинин мындай аракеттери ирандыктардын глобалдуу диалогго жана кызматташууга ачык экенин билгизди.

Мунай маселесине келсек, Жакынкы Чыгышта шииттердин лидери Иран менен суннийлердин ири өлкөлөрүнүн бири болгон Сауд Аравиясы экөөнүн ортосунда эзелтен бери келе жаткан тирешүү бар. Мунун эң эле жакынкы көрсөткүчү Саудия мунайдын баасын көтөрбөөгө ниети бар экенин билгизгенде, Иран мунайдын азыркы кунун андан бетер түшүрүп, 30 доллар эмес, 15 долларга сатканга даяр экенин айтты. Эл аралык ЖМКларда кээ бир серепчилер мунай баасынын төмөндөөсүнөн улам кыйналып турган Орусияга Иран аркасынан канжар урду деп жазып чыгышты. Бирок түбөлүк өнөктөштүк эмес, түбөлүк кызыкчылыктар өкүм сүргөн эл аралык саясаттын нугунда бара жаткан Ирандын мындай прагматикалык чечимин Орусия да түшүнүү менен кабыл алгансыды. Себеби, Сириядагы Иран менен орустардын ортоктугу эч кандай үзгүлтүккө учурабай уланып келүүдө. Так ошол Сириядагы орустарга туура келбеген иштерге аралашса, даана аркадан бычак урган болот дешет серепчилер. Ирандын калкынын көбү шииттерден турган Азербайжан менен Армениянын араздашуусунда армяндар тарапты кармануусу да, ИИРдин тышкы саясатында диний фактор негизги орун ээлебегенин дагы бир жолу тастыктап турат. Башка мамлекеттер бирде болбосо бирде шашылыш чечим кабыл алып, өз кызыкчылыктарын аягына чейин коргой албаган жерде, Иран дипломатияда накта чебер экенин тастыктап келет.

Кыргызстан жана Иран

Бардык мамлекеттер көңүл буруп, мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланалы деп жаткан учурда Кыргызстан Иран менен кызматташа алабы? Башка өнөктөштөрүбүз каражат жумшаганга кудурети жетпей калган ири долбоорлорго ирандык инвестицияларды тартсак болот. Экинчиден, Иранды биз өтө алыс эмес жайгашкан 80 миллион кардары бар базар катары да карап, экспортко аракет жасалуусу керек. Албетте, бизди эң кызыктырган нерсе бул Ирандын мунайы. Иран менен биздин ортобузда мунай сата алган башка мамлекеттер бар экенине карабай, алардын арзан жана сапаттуу мунайына аракет кылуубуз керек. Себеби бизде Казакстан аркылуу Азербайжандын мунайын алган тажрыйба бар деп серепчилер айтууда. Ошол сыяктуу эле, Ирандын мунайын сатып алып, аны казактардын Кыргызстанга жакынкы жердеги мунайына айырбаштасак болот. Дагы бир ирандыктардын дүйнөнү таң калтырып келген нерсеси бул нанотехнологиясынын жетишкендиктери. Бул тармакта да алар менен кызыктуу кызматташууга кирсек болот.

Бирок, Иран менен кызматташуу алдында бир-эки кооптуу факторду көңүлдөн чыгарбоо зарыл. Биринчиден ирандык ишканаларынын көбү мамлекеттик жана жарым мамлекеттик. Ошондуктан бюрократиясы ишмердүүлүгүнө чоң таасир берет. Экинчиден Иран менен алакаларды түзүүдө көмүскөлүүлүктөн толук качуу керек. Себеби Кыргызстан учурда Жакынкы Чыгыштагы Сауд Аравия сыяктуу ири араб мамлекеттери менен алака кылып келет. Ошого байланыштуу араб өнөктөштөрүбүзгө Иран менен экономикалык гана алакада болуп, анын саясаты менен диний идеологиясы бизди кызыктырбай турганын ишендирүүбүз зарыл.

Искендер Ормон