Сөз байлыгынын аздыгынан, көбүнчө, кээ бир терең түшүнүктөрдү, маанилерди өзүбүздүн сөздөрүбүзгө сыйдырып айтканга аргасыз болобуз. Маселен, Алла Тааланын пенделерин сүйгөндүгү тууралуу сөз кылып жатабыз. Бирок булардын түз маанилеринен сырткары, өтө терең маанилери болгондугун эстен чыгарбаш керек

Адамдарда жакшы көрүүнүн, сүйүүнүн бир катар белгилери бар. Мындай белгилер жалпы жонунан позитивдүү болсо да, кайсы бир жагынан алсыздык болуп да саналат. Башкача айтканда, жакшы көрүүнүн кемчилдиктүү жактары да бар. Маселен, өзүбүз жакшы көргөн бир кишиге ашыкча берилип алган учурлар болот. Өз эркиңе баш ийбей, ошол кишиге арбалып, анын артынан ээрчип жөнөйсүң. Ошентип өзүңөр каалабаган нерселерди жасап, айрым чекиликтерди кетирүүгө аргасыз болосуңар. 

Ошол эле учурда адамдардын жакшы көргөн кишилерге карата өздөрүнүн сүйүүсүн билдирүүнүн жолдору бар. Алар өздөрүнүн сүйүүсүн кээде жылмаю менен, кээде сөз менен билдиришет. Кээде жакшы көргөн кишилерге арнап ыр жазышат, кээде кат аркылуу билдиришет. Көңүлүндөгү сүйүү кээде белек түрүндө, кээде дагы башка түрдө ачык айкын көрсөтүлөт. Бирок биз сүйүү деп билген бул маанилерди же сүйүү деп кылынган бардык нерселерди – Улуу Алла Таала жөнүндө ойлоно албайбыз. 

Жөн гана сүйүү эле эмес, адамдарга тиешелүү кээ бир кыймыл-аракеттер, ачуулануу, кызгануу, өч алуу сыяктуу жүрүм-турумдар Аллага байланыштырылганда таптакыр башкача маанилерди туюнтуп калат. Буларды чыныгы мааниде Алла Таалага багыттоо туура эмес. Ошондуктан, мындай кыймыл-аракеттер, Алла Таалага байланыштырылган аят-хадистерде, кыйыр мааниде берилген. Биз сүйүү менен махабаттын, толкундануу менен таң калуунун таасиринен же булардын таасиринде калган учурда кылган кээ бир кыймыл-аракеттерден – Алланын өзүнө тиешелүү ыйык сүйүүсүн жана махабатын түшүнүүгө аракет кылабыз. Маселен, биз өзүбүз жакшы көргөн бир кишиге жакшылык кылуунун жолдорун издейбиз. Аны капа кылчу, ага зыян бере турчу жүрүм-турумдардан алыс болууга аракет кылабыз. Алла Таала үчүн да ушундай эле маселе турат. Мына ушул сыяктуу керектүү маанилерден Улуу Жаратканга жараша тургандай ойлорго жетүүбүз зарыл. 

Вадууд ысымынын белгилери 

Адамдык сезимдерге жана кыймыл-аракеттерге тиешелүү айтымдар Алла Таалага байланыштырылганда, булардын пайдалуулугу көздөлөт деп айттык. Ошондуктан, Алланын пенделерин жакшы көргөндүгү айтылганда – сүйүү менен махабат талап кылган натыйжаларды түшүнөбүз. 

Алла Тааланын адамдарга болгон сүйүүсү баяндалган аяттардын бирөөсү төмөнкүчө: 

إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَيَجْعَلُ لَهُمُ الرَّحْمَنُ وُدًّا

“Ыйман келтирип, жакшы иш кылгандарга Мээримдүү (Алла Таала) жакшы көрүү сезимин (вуд) тартуулайт (аларды Өзүнө жана бардык жаратылган макулуктарга сүймөнчүк кылат)” (Мариям, 19/96). Маалым болгондой Алланын кооз ысымдарынын бирөөсү бул – Вадууд. Алла Таала куттуу ысымынын бир белгиси катары пенделерине махабаттан да жогору маани берет. Суфийлердин көз карашы менен карай турган болсок, бул сүйүүнү жана маани берүүнү – “Алла Тааланын пенделеринин көңүлүн шат кылып, бакытка бөлөп, аларга көңүл буруусу, аларды өзүнүн ыраазычылыгына ылайыктуу жүрүм-турумдарга жеткирүүсү”, – деп түшүнсөк болот. 

Жогорудагы аятта ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн тартуулана турган сүйүү, “сайажʼалу” деген этиш менен айтылган. Маалым болгондой араб тилинде “сауфа” бөлүкчөсү алыскы келечекти, “син” тамгасы болсо жакынкы келечекти билдирет. Аятта “син” тамгасынын колдонулушунан ыйман келтирип, амал кылгандар бул дүйнөдө эле сүйүүгө жете алышарын түшүнүүгө болот. Башкача айтканда, Алла Таала алардын сыйлыгын ашыкчасы менен акыретте бергендей эле, бул дүйнөдө да аларга ыраазы болуп, башка пенделерине аларды сүйдүрөт. 

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) төмөнкү хадиси жогорудагы аятты чечмелеп берет: “Алла Таала кайсы бир пендесин жакшы көрсө, азирети Жебирейилге, “Мен тиги пендемди жакшы көрөм, аны сен да жакшы көр!” – деп буюрат. Ошондо аны Жебирейил да жакшы көрөт. Андан кийин Жебирейил алейхиссалам, көктөгүлөргө, “Алла Таала тиги пендени жакшы көрөт, аны силер да жакшы көргүлө!” – деп үн катат. Ошентип олтуруп көктөгүлөрдүн баары аны жакшы көрө башташат. Андан кийин ал жер бетинде (адамдар арасында) да жакшы кабыл алынат”. (Бухарий, Бадʼуʼл-Халк 6; Муслим, Бирр 157).

Хадисте биринчи Жебирейил алейхиссалам эскерилет. Анткени бул периште – Алла Тааладан ыйык кабарларды алып, бул ыйык кабарга эч нерсе аралаштырбастан, бурмалабастан пайгамбарларга жеткире турган өзгөчөлүктө жаратылган периште. Бул жерде периштелердин кайсы бир катмарынын өкүлү катары азирети Жебирейилдин ысымы эскерилип, өрнөк катары ошол периштеге көңүл бурулган болушу мүмкүн. 

Деги, периштелердин адамды жакшы көрүүсү кандай болот жана адам үчүн эмнени билдирет? Маселен периштелер адам үчүн дуба кылышат. Көөдөнүнө кыттай уюп, артынан сая түшүп чуркап, кыялыңдагы максатыңа айландырган маселелерде силерге жол көрсөтүшөт, иштериңерди жеңилдетишет. Жаза басып жыгыларда колуңардан кармашат. Алла Таала периштелерин өзүнүн ар-намысына, улуулугуна парда кылган. Кайсы бир нематтарын, жакшылыктарын ошолор аркылуу жөнөтөт.

Жүрөктөргө орнотулган сүйүү 

Хадисте кийин көктө жана жерде ошол адам үчүн сүйүү тартууланары айтылган. Демек, Алланын пенделерин сүйүүсүнүн маанилүү белгилеринин бирөө бул – анын жүрөгүнө сүйүү орнотуусу, адамдардын ага көңүл бөлүүсү, айткандарына кулак төшөп угуусу, аны тыңдап угууга даяр абалга алып келүүсү жана ал үчүн кызмат кылуу шарттарын түзүүсү. Эгер кайсыл жерге барган болсоңор ошол жерлерде силерге жагымдуу чөйрө түзүлүп, бардык адамдар силерге жылуу мамиле жасап жаткан болсо, муну Алла Таала тартуулаган сүйүүгө байланыштырыш керек. Ошондо силер ширктен да сактанган болосуңар. Силерге көрсөтүлгөн жакшы мамилени толугу менен көз жаздымга калтырып коюу бул наадандык болот. Ал эми муну өзүбүздөн деп билүүбүз – текеберлик болот. Мындайда жасалышы керек болгон нерсе – муну Аллага тапшырып, “Эгер Алла Таала жүрөктөргө мындай сүйүү жана көңүл шаттыгы орнотпогондо, мен бул жүрөктөрдөн түнөк таап, бул жүрөктөрдүн кулпун ача албайт болчумун”, – деп айта алышы керек. Адам бул маселеде наадандык да кылбашы керек, бой көтөрүп текеберленип да кетпеши керек. Жакшылыктарды көрүп ыраазы болгон соң, булардын баарын Аллага тапшырууну да билиши керек. Анткени булардын баарын – Алла Таала өзү жакшы көргөн пенделерине кандайча көңүл бургандыгынын түрдүү-түрдүү катмардагы чагылуусу десек болот. 

Экинчи тараптан Алла Тааланын кээ бир пенделеринин күнөө иштерден жана арам нерселерден коргоосу да жакшы көргөндүгүнүн белгилеринен болуп саналат. Исмат сыпаты бир гана пайгамбарларга тиешелүү. Ошондуктан, арам нерселерден толугу менен корголуу да бир гана пайгамбарларга таандык. Алардын милдети, миссиясы мына ушуну талап кылат. Бирок Алла Таала кайсыл бир пендесин жакшы көрүп сүйгөн болсо, аны күнөө иштерден коргошу мүмкүн. Жаза басып жыгыларда, Алланын коргоосу аларга жардамга келет да, аларды кармап токтотуп калышы мүмкүн. Кургуйга эми кулайын деп жатканда, аларды кармап, кулап кетүүлөрүнө тоскоол болушу мүмкүн. Анткени Алла Таала өзү жакшы көргөн пенделерин зыянга учуратпайт. Жаза басып жыгылса да, алаңдап барып адашса да такай күнөө иштердин артынан жүрө берүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бербейт. 

Жадагалса, Алла Таала кээ бир пенделеринин келечекте өздөрүнүн эркин жакшылыкта колдоноорун жана эң сонун кызматтарды кылаарын билгендиктен, жаштайынан аларга кошумча жакшылыктарын тартуулашы да мүмкүн. Аларды ийге келтирип, калыпка салып, күнөө иштерден коргошу да мүмкүн. Булардын баары Алланын өзү сүйгөн пенделерина жасаган өзгөчө тартуусунун белгиси. “Бул – Алланын жакшылыгы. Аны Өзү каалаганына берет. Алла – Кең Пейил, Билүүчү!” (Мааида, 5/54).

“Мен пендемди жакшы көргөндө…”

Кийинки хадисте да Алла Тааланын пенделерин жакшы көргөндүгүнүн бир белгисине ишарат кылынган: “Пендем өзүнө парз кылынган ибадаттардан да сүйкүмдүү бир амал менен Мага жакындай албайт. Парздарды орундаткан пендем нафил ибадаттар менен Мага жакындаганды улантат. Акырында мен аны жакшы көрөм. Мен пендемди жакшы көргөнүмдө анын уккан кулагы, көргөн көзү, кармаган колу… болом” (Бухарий, Рикак 38).  

Демек, Алла Таала кайсы бир пендесин жакшы көргөндө анын кулагын руханий ааламды тыңдаганга ачып коёт, эң сонун, эң мыкты түрдө тыңдаганга мүмкүнчүлүк берет. Мындай киши “самʼиййат” деп аталган вахий менен келген маалыматтарга көкүрөк көзү ачылат, аны эң сонун түшүнөт. Ошол эле кезде табияттагы мыйзамдарды жакшы аңдап, диний өкүмдөрдү жакшы билет, көз алдындагыларды абдан жакшы көрө баштайт. Адамды аң-таң калтырган аалам китепчесине караган сайын, жан дүйнөсүнө тааным шоолалары агылат. Жараткан Эгебиз ошол эле учурда мындай пендесине колу-бутун туура багытта колдонууну насип кылат. Ага жаңылыш кадам таштатпайт. Бул хадисти да, бир аз мурун айтылган, Алланын коргоосуна байланыштырсаңар да болот.

Хадисте айтылгандай, момун пенденин мындай мартабага жетүүсүнүн жолу оболу парздарды толук орундатуусунда, анын артынан нафил ибадаттар менен Аллага жакындоону улантуусунда турат. Ооба, эң жогорку махабатка алып барган факторлордун бирөөсү бул – Аллага жакындатуучу нафил ибадаттар болуп саналат. 

Акырында, Алла Тааланын пенделерин жакшы көргөндүгүнүн дагы бир белгиси катары алардын жан дүйнөсүндөгү Алла Таалага болгон ашыктыкты, кызыгууну айтсак болот. Алла Таала кайсы бир пендесине назар салган болсо, ал адам да Аллага болгон кызыгуу пайда болот. Маселен бир киши чын дилден Аллага кайрылып, тууралык, кайрымдуулук, махабат, сүйүү тилеши мүмкүн. Алакан жайып, улам, “Оо, Алла Таалам, Сени ушунчалык жакшы көргүм келет, Сенден башка бардык нерсе көзүмө көрүнбөсө дейм. Сени эстегенимде сай сөөгүм сыздап, толкуп чыксам дейм. Мени менден алыстатып, Сага алып барып, кайрадан бар кыла турган бир сүйүү жана көңүл тилейм”, – десе болот. Анын мындай тилеги толук орундалбаса да, Алла Тааладан буларды тилеген киши ошол деңгээлдин каарманы болот. 

Булардын баары мээримдүүлөрдүн мээримдүүсү болгон Алла Тааланын алсыз пенделерине кылган тартууларынын бир белгиси жана Алла Таала өзү каалаган пендесин сый-жакшылыктарына туш кылат.  

Кыстырма: Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2009-жылдын 5-июнундагы сукбатынан алынып даярдалды.

Которгон: Сейитбек Идирисов