6 января 2016 г. 11:17 423

Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин түрк менен орустун ортосундагы чатак тууралуу сүйлөгөн сөзү интернетте катуу талкууланды. Ажобуз жана мамлекетибиз геосаясатта кимге арачы түшүп жатканын билиш үчүн бул эки өлкөнүн жана анын башчыларынын кандай абалда экенине бир сыйра көз чаптырсак

Майланышып, манчыркаган түрк бийлиги

Бир убакта Сириянын президенти Башар Асадды «бир тууганым» деген түрк президенти Таййип Эрдоган коңшусун 2011-жылдын жазынан тартып «канкор» деп баштаган. Башар Асаддын атасы Хафес Асад убагында «Баас» партиясына каршы чыккан 80 000 жаранын кырган деген маалыматтар бар. Эс-акылы ордунда болгон түркиялык серепчилер Тайип Эрдоганга Хафестин уулу Башар да адам кыруудан баш тартпайт деп эскертишкен. Бирок Осмон халифатынын тактысын кайра тургузуп, ага мингенге камынып алган түрк ажосу бул эскертүүлөргө кулак салган эмес. Кечээги бир тууганын макамынан шыпырып түшүп, ордуна өзү каалаган адамын отургузуу үчүн Сирияга кире баштаган кан ичкич каракчыларга бардык шарттарды түзүп берген. Ит уюгундай уюшкан канкорлор Түркиянын чек араларынан эч тоскоолсуз өтүп, аларга куралдар байма-бай жеткирилип турду. Ал тургай жаракат алган төңкөрүшчүлөрдүн аттуу-баштууларын түрк бейтапканаларында дарылап да жатышты. Түрк бийлиги бүт дүйнөдөн Сирияга агып кирген курал-жарактан жана ал жактан агып чыккан мунайдан олчойгон шыралга алып, бармактарын жалаганга да үлгүрбөй калган. Мындай майлуу олжого оозу толгон түрк бийлиги кээде башын көтөрүп, «Башар Асад 200 миңдей жаранын кырып салды» деп чар тарапка кыйкырып коюп жатты. Ал мындай шылтоону маал-маалы менен айтып туруусу зарыл болчу. Себеби мунай менен куралдан түшкөн акчанын агымы азайбаш керек жана 2,5 млн. сириялыкка кучагын ачкан элинин боорун ачытып турушу зарыл эле.

Убагында «коңшуларыбыз менен чатагыбыз жок» деген саясатын жүргүзгөн түрк бийлиги учурда бардык коңшулары менен ит-мышык болуп турган чагы. Мунун негизги себеби баягы эле – үч уктаса беш жолу өзүн султан көргөн Таййип Эрдоган жана анын бул кыялынын аркасы менен кызылдай акча таап жаткан жакындары.

Эми бул маселенин баары чектеш өлкөлөр тууралуу дейли. Бирок, ошол эле маалда Түркиянын ичинде да иш анча жакшы эмес. Анда кепти t24.com.tr сайтынын серепчиси Хасан Жамалга берели. Ал 27-декабрдагы макаласында: «Абактардын эшиктери «кош бийлик жүргүзгөндөр, чыккынчылар, террорчулар» деген кине коюлган адамдарга төрүнө чейин ачылды. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) булуң-бурчунда калган оппозициялык медиа биринин артынан бири жабылууда. ЖМК барган сайын бийликке ыктап, анын тегирменине алдастап суу ташып калды. Түркия күн өткөн сайын тозокко айланып баратат. Өлкөбүздү баарыбызга каратып туруп балээге сүйрөп баратышат», – деп ызаланган.

Табынан кайткан Путин

Эл аралык серепчилер Орусия президенти Владимир Путиндин быйылкы жылды жыйынтыктап берген пресс-конференциясын көрүп отуруп: «Мурункуга караганда башкачараак» деген бүтүмгө келишкен. Ыңгайына жараша тамашакөй, каршылаштарынын тыптыйпылын чыгарган фактыларды шатыратып айткан, берилген суроого чын дили менен жооп кайтарган баягы Путин жок экен. Аны айрыкча ички саясаты түйшөлтүп турган чак. Себеби 20 жылга жакын жеке бийлеп келген мамлекетинде согуштук курал чыгаруу тармагынан башка чеке жылытарлык ийгилик жок экени маалым болду. Бул кашкайган чындык орустар Украинанын айласын алты кетиргенде, Батыш киргизген экономикалык бөгөттөрдөн улам ортого чыга түшкөн. Орустардын душмандары колтугуна суу бүрккөн Сауд Аравиясы болсо дүйнөлүк базарда Кремлдин кирешесинин үлкөн бөлүгүн түзгөн мунайдын баасын түшүргөнү түшүргөн. Натыйжада, эл аралык экономикалык кысымдан жаңы эле кутулуп, мунайын сатып жыргайын деген Ирандын кызыкчылыгы Орусияныкы менен дал келе түштү. Алар «кара алтындын» баасын жогорулатуу максатында Сириядагы жарандык согуштун отун кошоктошо үйлөп, Орто Чыгыштагы сунний араб мамлекеттеринин баарын тутандыруу жан алакетине түшө башташты. Орусиянын мындай аракеттерге баруусунун себеби – элин улутчулдук империалисттик ураандар менен алаксытуу жана тегерегиндеги чоң кекиртек саясатчылардын бакубат жашоосун камсыздоо болгон. Мындан сырткары, Украина менен Сириядагы согуштук аракеттерди улантуу үчүн Орусияга акча керек. Эгер мунайдын баасы көтөрүлсө, азыркы жана келечектеги согуштук компанияларга каражат жетиштүү болот дешет серепчилер.

Владимир Путиндин пресс-конференциясы тууралуу орус басылмалары улунуп-жулунган бөлүктөрдү берип тим болушту. Бул балким берерге деле эч нерсе жоктугунандыр. 1400 журналисттен 32си гана суроо бергенге үлгүргөн бул иш-чарага катышкан Aktualne.cz порталынын журналисти Жиржи Жуст үч нерсеге басым жасаган. Биринчиси Орусия Түркияга душман катары карабайт, экинчиси Сирияда кошумча аскердик база ачпайт жана үчүнчүсү Путинди өлкөсүнүн ички абалы анча кызыктырбайт.

Чех журналисти Петра Прохазкованы ОФ президентинин чыгыш Украинада орус аскердик адистери бар экенин моюндаганы кыжырланткан. Ал буга чейин Путин орус аскерлери Украинада бар экенин танып келгенин эскертип, 15 жылдык бийликтен чарчап, ою башаламан болуп калганбы, же Виктор Шендерович айткандай чын эле «уят-сыйытты жыйыштырып койгон калпычыбы» деп жоромол кылган.

Эл аралык ЖМКлар орус лидеринин ички маселелерге тиешелүү суроолорго тамашалап же чала жооп бергенин, же айтарга сөз таппаганын байкашкан. Жалпысынан алганда, быйыл Путин өз тегерегиндеги адамдар менен жөнөкөй жарандарынын кызыкчылыгынын ортосунда калып, чайналып турган сыяктуу сезим калтырган.

Путин мактаган Трамп ким?

Владимир Путин АКШдагы президенттик жарышка республикачылар тарабынан ат салыша баштаган Дональд Трамп тууралуу оюн пресс-конференциясы аяктагандан кийин айткан. Анын бул ою америкалык ЖМКлар үчүн эң биринчи күндем болду. Путиндин Трамп тууралуу пикири АКШдагы шайлоого кандайдыр бир таасирин тийгизеби деген суроого The Christian Science Monitor гезити: «Буга чейинки тажрыйбага таянып, орус президентинин пикири америкалыктардын Трампты колдоосуна түрткү болот деп божомолдосок болот», – деп жооп берген.

Американын эң алдыңкы басылмаларынан бири The Wall Street Journal Владимир Путиндин төмөнкүдөй сөзүн толук келтирген: «Трамп эч күмөнсүз жөндөмдүү, өтө жылдыздуу адам. Ал АКШдагы президенттик жарыштын талашсыз лидери. Ал Орусия менен жакын жана терең мамлилелерге өтүүнү каалап турганын айтты. Биз муну колдоосуз калтырсак болобу? Албетте, биз муну колдойбуз», – деген.

Владимир Путиндин Дональд Трамп тууралуу оюн америкалыктар өз күндемине байланыштырып, жоруп жатканы мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок Путиндин америкалык президенттик макамга талапкерлигин коюп, жарышка түшкөн Трампты колдоосу дүйнө мусулманчылыгын кооптондуруусу керек.

Орусиянын жана ага өнөктөш Казакстан менен Борбор Азиянын мусулмандарынын дээрлик бардыгы суннийлер. Ошондуктан Москванын Иран, Ирак жана Сириянын шииттери менен тыгыз байланышта саясат кылуусу баарыбызды ушуга чейин ойлондуруп келген маселе болчу. Эми болсо, Орусиянын президенти мусулмандардын АКШга кирүүсүн толугу менен тыюу сунушун айтып, өлкөсүндөгү бардык мусулмандарды сая түшүп аңдууга чакырган жана 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуулга мусулмандардын баары сүйүнгөн деген куру доомат ойду айтып чыккан талапкерди мактап-жактап турат. Мындан улам, мамлекет башчысынын бардык жарандарына болгон ниети таза болуш керекпи же элинин бир бөлүгүнө көңүлү түз эмес экенин жашыра билсе болдубу деген суроолор туулат.

Ажолукка аллергиясы бар кыргыздар

Дүйнөнүн үлкөн саясатчылары Таййип Эрдоган менен Владимир Путинден чочулап турушат. Биринин катуу үрксө, Европаны каптап кетчү эли, экинчисинин өзөктүк куралы бар. Мындай шартта Атамбаевдин адамдык жана мусулмандык милдетин аткарып, аларды элдештиргенге аракет кылуусу туура.

Кыргыздар бир аз оорукчанбыз. Биз азыркы Президентибизге: «Сени көрбөсөм болду. Андан кийин мага демектен мурунку мылжыңыбыз же кийинки канкорубуз кайтып келсе да ыраазымын», – дегендей мамиле кылабыз. Алмазбек Атамбаевдин Таййип Эрдоган менен Владимир Путиндин чатагы үч өлкөнүн тең элине зыяны тийип атат дегени да бизге шылтоого шыноо болуп, кыйшык-мыйшык жорумдарыбызга жол ачты. Эми 2017-жылга чейин кичине чыдай туралы. Анын деле биздей элди башкаруудан кутулайын десе, эки көзү төрт болуп күн санап турганы билинип турат. Бизге кереги жок болсо, балким башка бирөөлөр баалайттыр. Бирок ушунубузга шүгүр кылбаганыбыз үчүн, Жараткан бизге алдыда кимди камдап турганын билбейбиз.

Эсен Өмүракунов