26 января 2016 г. 12:16 502

0-23-январь күндөрү Швейцариянын Давос шарында Дүйнөлүк экономикалык форум (WEF) болуп өтөт. Ушундан улам, биз дүйнөнү таанып, анын багытына жараша кетүүбүз үчүн эмне кылышыбыз керек деген суроо туулду…

WEF цифралар менен:

– WEF – 1971-жылы уюштурулган. Башында ага 450 европалык компания кирген;

– Азыр WEFге 70 мамлекеттен 1000дин тегерегинде дүйнөлүк ири компаниялар кирет;

– Давостун алкагында 300дүн тегерегинде биргелешкен отурумдар, семинар менен тегерек үстөлдөр жана мамлекет башчылары катышкан жолугушуулар болуп өтөт;

– WEF 1979-жылдан баштап «Глобалдуу атаандаштык» аттуу 100 мамлекетти 2 көрсөткүч (келечектеги экономикалык өсүү жана аттаандаштык индекстери) боюнча салыштырган баяндама даярдайт;

– Давосто чейинки «дүйнөнүн абалын жакшыртуу аракетин көргөзө алды» деген 40 жашка чейинки жетекчилердин «Жаш глобалдуу лидерлердин форуму» деген клубу түзүлгөн.

Давостун башаты

WEF бейөкмөт уюмун 1971-жылы Швейцариянын Женева университетинин экономикалык башкаруу боюнча профессору Клаус Шваб түзгөн. Уюмдун алгачкы чогулуштарында дүйнөдөгү экономикалык атаандаштыкта Батыш Европанын абалын жакшыртуу талкууланып турган. Ошентип башында экономикалык маселелерди гана карайт деген форум, бара-бара саясий көйгөйлөрдү да карай баштаган. Ошол эле 70-жылдардын ортосунан баштап ал дүйнө алкагындагы эң маанилүү иш-чара даражасына чыккан. Бирок бул демилге көпкө чейин «Европалык башкаруу форуму» деп аталып келген. 1987-жылы гана азыркыдай дүйнөлүк экономикалык форум (ДЭФ) деген статус алып, WEF (World Economic Forum) логотибине ээ болгон.

Башында WEFтин негизги максаты ишкерлерди дүйнөнүн багыт алып бараткан тараптары менен тааныштыруу, тажрыйбалар менен бөлүшүү, ийгиликтүү үлгүлөрдү жайылтуу болгон. Бирок бара-бара ийгиликтүү ишкер болуш үчүн экономикалык маселелерди гана билүү жетишсиз экени сезилген. Ошондон баштап окумуштууларды, коомдук ишмерлерди жана мамлекет жетекчилерин форумга чакырууга өтүшкөн. Натыйжада иш-чаранын маанилүүлүгү барган сайын жогорулап кете берген. Советтер Союзу жыгылып, экономика, саясат жана маданияттын ааламдашуу мүнөзү тездегенде WEFтин таасири бүтүндөй дүйнөгө тие баштаган.

Быйылкы Давостун темалары

Быйылкы Давоско 2500 конок чакырылган. Анын ичинде 40тан ашык мамлекеттик жетекчилер бар. Темасы да адаттан башкача болуп, адамзатты күтүп турган ыкчам өзгөрүүлөргө жараша «IV индустриалдык ыңкылапты багыттап» деп аталган. Баарыбызга маалым болгондой I индустриалдык ыңкылап буу кыймылдаткычынын пайда болуусу менен трансокеандык сооданын эбегейсиз жандануусуна байланыштуу болгон. II ыңкылапка электр кубатынын кеңири колдонуусу себеп болгон, III болсо 1970-жылдары электрондук каражаттар менен IT технологиясынан улам өндүрүштө автоматташтырылган техниканы колдонуу түрткү берген. IV ыңкылап адамдын ден-соолугу жана жаратылышты сактоо менен бирге өндүрүмдүүлүктү жогорулаткан «акылдуу технология» аталышындагы роботтордун жаңы мууну кеңири колдонууга киргени турган убагы деп айтылууда. Бул аз каражат менен көп жана тез өндүрүм чыгарууга өбөлгө түзүп, адамдын бош убактысынын көбөйүүсүнө алып келмекчи.

Бул жылы мындан сырткары, Жакынкы Чыгыштагы «Араб жазынан» кийинки абал, террорчулук маселеси, Тунистеги ыңкылаптын өзгөчөлүгү жана андан алынчу сабактар, мунай жана газ сыяктуу энергеткалык ресурстарын ташуу жолдору, дүйнөгө таасир бере алчу көлөмгө жана күчкө ээ болгон Кытай экономикасы кайда баратат, АКШ тышкы саясатында кандай багыт алат, Орусиядагы кризистик абал, Орто Азиянын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү жана анын бул чөлкөмдүн экономикасы менен саясатына тийгизе турган таасирлери талкууга алынат. Жалпылап айтканда, акыркы жылдары дүйнө деңгээлине чыккан актуалдуу маселелердин баарына саресеп салынат. Алар төмөнкү 4 кичи теманын алкагында каралмакчы:

1. «Жасалма акыл» колдонулган жаңы технологиялардын саясат, экономика жана коомдук жашоого тийгизген таасири;

2. Адамга жана жаратылышка аз зыян келтирген энергетикалык булактар жана «декарбонизация» деген түтүндөн кутулуу;

3. Сириядагы абалдан улам пайда болгон дүйнөнүн террорчу жана радикалдардан коопсуздугу жана миграция;

4. Таланты жана жөндөмү менен дүйнөнүн туура багытта кетүүсүнө туруктуу салым кошо алган жаштар.

Бизге эмнеси менен кызык?

Давос форуму – дүйнөнүн багытын белгилеп, тымызын башкарган топтун иш-чарасы деп айтылып келет. Ооба, башкарганы жана багыттаганы чындык. Бирок жашырынбай эле ачык багытташат. Алар адамзат экономика, саясат жана маданиятта эмнеге даяр болуш керек экенин байкап, алдын-ала эскерткен форум.

Биз мисалы «жасалма акыл» менен иштеген технологияларды колдонгон мамлекеттер алдыга озуп, аны колдонор адамы жок коомдор артта каларын; дүйнө өндүрүмүнүн бир аз төмөндөгөнү чийки заттар менен мунай-газдын арзандоосуна алып келгенин; барган сайын мунай, газ жана көмүрдү колдонгон техникалардын жокко чыгарыларын; мунай өндүрүү боюнча алдыңкы сапта турган араб өлкөлөрү 2050-жылга чейин андан экономикасын толук арылтуу максатын койгонун; Кытай баш болгон бардык күчтүү мамлекеттер электр жана суутек кубатын колдонгон кыймылдаткычтарга өтүү жарышына киргенин; 100дөн ашык мамлекеттердин жаштары террорчулук радикалдуу пикирде болгонунун себептерин; өнүгүүсү токтоп калган мамлекеттерден өнүккөн мамлекеттерге көчкөн мигранттардан билим жана адеп-ахлактык жактан кандай талаптар коюларын; кытайлык Яо Чен жана АКШлык Леонардо ди Каприо аттуу актерлор кайсыл сапаттарынан улам «үлгүлүү жаштар» сыйлыгын алып жатканын билгенибиз жакшы.

Давоско окшогон дүйнөлүк форумдарга көңүл буруп, жаштарыбыз кайсыл багытта билим алса, ийгиликтүү болорун билип, ошого жараша алдын-ала аракеттенсек утабыз. Ири же күчтүү мамлекеттер кайсыл багытка өзгөчө көңүл буруп, кайсыл нерселерге каражат корото баштаганын билип, тышкы саясатыбызды эң туурараак нукка багыттаганыбыз жакшы болот. Дүйнөнүн багыты кайда кеткенин билбесек, дүйнө бир жакка, биз башка тарапка кетип калсак, көп убакытты текке кетирип, эртең аларды кубалап жетүүгө көп мүмкүнчүлүктөрдү жумшаганга арагасыз болобуз.

Биз тааныган кимдер бар?

Быйылкы Давос форумуна Казакстандын премьер-министри Карим Масимов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу, Украинанын президенти Петр Порошенко катышат. Орусия делегациясына өлкөнүн Ыраакы Чыгышы үчүн жооптуу вице премьер-министр Аркадий Трутнев башчылык кылат.

2016-жылы:

– 60 млн. адам аргасыз көчүүгө мажбур болот;

– Интернеттеги кылмыштуулук 450 млрд. $ чыгымга учуратат;

– Быйыл эң аз 2,6 млрд. адам жыл бою бир айдан кем эмес убакыт ичкенге суу таппай кыйналат.

Эсен Ырыскелди