8 февраля 2016 г. 12:47 1651

Укук коргоочу Рита Карасартова добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен райондук сотко кайрылды. Учурда бул боюнча сот иши уланууда. Ошондой эле ал: “Жогорку Кеңеш мыйзам чегинде иштеп, өзүлөрү чыгарган мыйзамды өздөрү сактайт жана мен соттон утарыма ишенем”, – дейт

“Акыйкатчы ким болору өтө маанилүү”

Укук коргоочу Рита Карасартова акыйкатчы шайлоосунда талапкерлерге бирдиктүү шарт түзүлбөгөнүн төмөнкүчө айтат: “Биздеги акыйкатчы институту башка мамлекеттердин тажрыйбасынан алынган. Ал адам укугун мамлекеттин атынан коргогон жалгыз эле институт болуп эсептелет. Бул өзү мамлекеттен каржыланат жана кайра эле мамлекеттик уюмдардан жабыркаган адамдардын укугун коргойт. Институт жаңы ачылган кезде мамлекеттик кызматкер деген макамы жок болчу. Бирок Турсунбай Бакир уулу жүгүрүп жүрүп, мамлекеттик кызматкер деген макамды киргизген. Мына ушул кадамдан тартып институттун өнүгүшү туура эмес багытка түшүп кетти. Себеби, мурда адам укугун коргоо үчүн жүгүргөнгө гана кызыкса, эми “Эптеп мамлекеттик кызматкер болом” деген кишилер да көп жабышчу болду. Андайларга “Эч натыйжа көрүнбөй жатат. Жумуштан кете бербейсиңби” десе “Пенсияга чыгарыма беш жыл эле калды. Күтө тургулачы” деп эмгек стажысына, пенсиясына карап, жабышып отура беришет.

Акыйкатчы институту жалпысынан 83 кызмат ордун камтыйт. Кыргызстан боюнча жергиликтүү өкүлчүлүктөрү бар. Биз 2010-жылы парламенттик мамлекет болгондон бери баш мыйзамда “акыйкат институту – парламентте адам укугу кандай сакталып жатканын билиш үчүн түзүлгөн институт” деп жазылган. Бирок, учурда акыйкатчыларга “жөн эле статист болуп калышты” деген сын-пикир көп айтылып жатат. Анткени алар “баланча убакта баланча даттануу түштү” деп эле отуруп калышат. Болбосо аларга өтө сонун укуктар берилген. Мисалы, жарандардын көпчүлүгү эмнеден улам жабыркап жатканын, укук бузуу кайсы мыйзамдан улам чыгып атканын аныктап, депутаттардын астына доклад менен чыкса болот. “Баландай мыйзамды оңдоп берсеңер, баланча киши кыйынчылыкка түшпөйт болчу” деп турушса болмок. Акыйкат институтуна маани берип, жакшы иштей турган болсо, бул жабыркагандарга гана эмес, ошол жабыркоону болтурбоого да дарамети жетмек.

“Бизге бирдиктүү шарт түзүлгөн эмес”

Негизи Кубат Оторбаевге менин эч кандай нааразылыгым жок. Ал акыйкатчы болгондон берки соттошуп жатканымдын себеби парламентке тиешелүү. Анткени аны парламент шайлады. Алар мындан мурунку акыйкатчыны да “баяндамасы туура эмес” деп кетиришкен. Жаңы шайланып келген парламенттин ишине саресеп салып, туура эмес таштаган кадамын айтып турсак, алар деле “Кой, тиги желмогуздар дагы бизди сындабасын” деп жакшы жолго түшөт деген үмүт бар. Мына ошон үчүн сотко бергенге туура келди. Акыйкатчыны шайлоо 10-декабрь, бейшемби күнү өтпөй калып, комитет жума күнү жаңы конкурс жарыялады. Акыйкатчыны шайлаганга “конституциялык түзүлүш, сот, реформа, жана ЖКнын регламенти” деген комитет жооп берет. Мына ошол комитет конкурсту саат 4тө жарыялап, документ топтогонго болгону 2 күн убакыт берди. Топтоло турган документтердин арасында “соттолгон эмес” деген справка да алынышы керек. Аны ИИМдин маалымат борбору эң тез дегенде бир суткада берет. Ошондо биз эртең менен арыз таштасак, эртеси күнү кечинде гана ала алабыз. Натыйжада мен жанталашып жүрүп жанагы справкага арыз таштап, мына убакыт бүтөт деп атканда араң жетишип берип калдым. Убакыттар ушунчалык ченемдүү болчу. Кыскасы, ошентип документтерди тапшырган соң, талапкерлердин катарына илиндик деп отуруп калдык. Мыйзам боюнча кийинки шайлоо 14 күндөн 30 күнгө чейин өтүш керек. Мисалы, биринчи шайлоо 10-декабрда ишке ашпай калса, экинчи шайлоо 24-декабрдан тартып 10-январга чейин кайра өткөрүлүшү керек болчу. Бирок 10-январга чейин майрамдар болуп калат экен, кийинчерээк өткөзөлү дешти. Эми анда деле маселе жок. Комитет жакшы эле туура иштеди. Биз документ тапшырган 35 адамдын ичинен ким акыйкатчы болоор экен деп жалпы тизмени карап отурганбыз. Анан 25-январь күнү эле жалпы комитеттин жыйынына Кубат Оторбаев деп мурун тизмеде жок талапкер кошулуп калды. Ошондо эле биз суроо коюп баштаганбыз. Конституциянын 52-беренесинде “ар бир адамга жумушка кириш үчүн бирдиктүү шарт түзүлүшү керек” деп жазылып турат. А бизге бирдиктүү шарт түзүлгөн жок. Эмне үчүн бизди чектеп койду да, кайра 9 күн кечиккен адамдын документин кабыл алды. Бирдиктүү шарт бузулуп атпайбы.

Ичим ачышканы, ЖКнын комитети ушунун баарын жакшы эле жасап келип, аягында кайра өздөрүнүн айтканына өздөрү тескери иш кылып атпайбы. Анан да комитеттин чоңу, КСДПнын өкүлү Скрипкина Галина Анатольевна өзүнүн жасаган ишин жокко чыгарып, “биз муну жөн эле илип койгонбуз. Кайсы талапкер качан документ тапшырат, ал ар бир фракциянын иши” деп жатпайбы. Мына ушул өтө жаман председент. Анткени кийин башка маселе менен деле кандайдыр бир жарыя бере турган болсо, “бул фракциялардын ар биринин өз иши. Мыйзамда так күндөр жазылып турабы?” деген ишенбөөчүлүккө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыскасы, ошентип ызы-чуу менен башталган шайлоо да бүтүп, биз өтпөй калдык деп үйгө барып сыналгыны карасак эле “Азаттык” тарткан кадрлар чыгып атпайбы. Анда акыйкатчыга берилген “жашыруун добуш” тартылган экен. Добуш берүүчү жабык кабинадан урнага чейин 3 киши турат. Ал эми добуш берип чыккандын баары ошол үчөөнө бюллетенин көргөзүп жатат. Бул эмне деген шумдук?! Демек алар үч адамдын көрсөтмөсү боюнча шайлап атышат да. Биз ал кишилерди ким койду деп сурасак “эсеп палатасы” деп жооп беришти. “Кыйтың-мыйтың болбосун, бир киши эки-үч бюллетень салып ийбесин деп койгонбуз” дейт. ЖКнын өкүлү болсо “жашыруун добуш берүү деген бул кабинанын ичин билдирет. Кабинадан чыгып алып кимге көрсөтөт ал шайлоочунун өз иши. Балким ал атайын көрсөткүсү келип жатат” деп жооп берди. Биз ага “эгерде кабинага чейин башын салып карап атса, бул мыйзам бузуу болобу?” деп суроо берсек, “ооба” деп жооп берди. Ал эми “Азаттыктын” тасмасында КСДП фракциясынын Майирбек Мизкенбаев деген адамы кабинага кошо кирип, бир нерсе сүйлөшүп жатканы даана тартылган. Экинчиден, бир киши эки бюллетень ыргытып ийбесин дегени менен, ишеним кат аркылуу добуш бергендер болуптур да. Жакында эле регламентке “Мыйзам жазып жатканда болбойт, бирок мыйзамдан сырткары маселелерде ишеним менен добуш берсе болот” деп өзгөртүү киргизилиптир. Болбосо, ишеним катка уруксат берүү менен жашыруун добуш берүү бул бири-бирине кайчылаш нерсе. Кантип адам өзү барбай туруп, жашыруун добуш бере алат? Мына ушул себептерден улам мен сотту утабыз го деп ойлойм.

“Жашыруун шайлоо регламентин толук сактайбыз”

Ал эми Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүм башчысы Канатбек Садыков 6 күн ичинде документтерди топтогонго кыйла убакыт бар экенин төмөнкүчө айтат: “Акыйкатчынын мурдагы редакциясы боюнча жарандык коомдун мүчөлөрү акыйкатчынын шайлоосуна катышса болот эле. Бирок 2013-14-жылдары баш мыйзамга жана регламентке фракциянын өзгөчө укугу (исключительное право фракции) деп өзгөртүлгөн. Буга карабай Жогорку Кеңеш ачык-айкын иштеш үчүн жарандык коомдордун катышуу арыздарын кабыл алып жатканбыз. Бирок болбой эле сотко берип жатышат. Акыйкатчыны шайлоо онунда болбой калып, он алтысына чейин жылдырдык. Мына ушул 6 күндө документ топтогонго убакыт бар болчу. Ал эми жетишпей калгандар фракцияга документтерди берип кайрылса болмок. Анткени фракция жазылган мөөнөт бүтсө деле документтерди кабыл алып жатты. Мөөнөтү бүткөндөн кийин 5-6 адам документтерин берип, фракция алардыкын деле карады. Эң акырында Оторбаев берди. Жогорку Кеңешти, жергиликтүү депутатты жана президенттик шайлоону салыштырып кереги жок. Анткени Жогорку Кеңештин шайлоосунун жол-жобосу такыр башка. Бизде электрондук жашыруун шайлоо бар. Жашыруун шайлоо деген регламент жазылган, ошону толук сактайбыз”.

Ал эми акыйкатчы аппарат бөлүмүнүн укуктук иштери боюнча эксперт Урмат Аралбаев доогердин талаптарын колдобоорун минтип билдирди: “Биз доогер Рита Карасартованын талаптарын колдобойбуз. Анткени анын себептери көп. Ал эми чечимди сот чыгарат. Баарын ошол жактан уксаңар болот. Биз сот процесси аяктагандан кийин жооп беребиз. Биздин позициябыз толугу менен аягына чыга элек, ошол себептен так жооп бере албайм”, – деди.

Айпери Азатбек кызы