10 февраля 2016 г. 11:15 625

Акыркы учурларда кыргыз жаштары өздөрүн коомдо өтө активдүү көрсөтө башташты. Өкүндүргөнү жакшы жагынан эмес, терс сапаттары көбүрөөк чыгып жатканында…

“Жашында мылжың болсоң, карыганда калжың болосуң” демекчи, коомдо өзүн туура көрсөтө албаган жаштарыбыз көбөйө баштады. Андайлар этикага жатпаган түрдүү жоруктары менен бир заматта калың элге белгилүү болуп, даңкы далайга жетүүдө. Ушундан улам эркеги кызынан өткөн, кызы эркегинен өткөн мындай жоругу жолдо калгырлар кандай үй-бүлөдө тарбия алды экен деген суроо туулат.

Маалыматка ылайык өлкөбүздө 6 млн. калк болсо, анын 1 млн. 105 636сын 14 жаштан 24 жашка чейинки жаштар түзөт. Ошондон улам «Жаштар биздин келечегибиз» деп качан болбосун сыймыктануу менен айтабыз. Бирок, бүгүнкү жаш муунубуздун аң-сезими, баалуулуктарынын пастыгы кайра көңүлдү иренжитет.

Мени тарткан балдарды сотко берем

Мына ошондой тентектерибиздин бири, жакында эле сейил бакта семичке чагып олтуруп, “көчө тазалагычтар жыйнашы керек. Алардын жумушу ушу” деп көпчүлүктүн кыжырына тийген Акшоола Болотова, жасаган иши үчүн 29-январь күнү айыппулга жыгылды. Бул жөн гана тамаша болчу, мен видео тасманын таркап кетерин билген эмесмин деген Акшоола ММКларга берген маалыматы боюнча төмөнкүлөргө токтолгон:

“Бизди жөн гана сатып кетишти. Себеби тартылган видео тасмага юмор катарында эле жооп бергенбиз. Видеону тарткандар менден уруксат сурабай эле социалдык тармактарга жайгаштырып коюшуптур. Мени тартып сайтка койгон балдарды сотко берип, моралдык чыгым өндүрөм. Аларды таптым. Ал эми интернетти колдонгондорго жөн гана тема керек. Менин окуям алар үчүн катардагы эле темалардын бири”, – дейт. Ошондой эле ал бул жоругуна ата-энеси, туугандары катуу кабатыр болуп жаткандыгын кошумчалай кеткен.

Баягы неме карылар үйүнө түшүптүр

Өлкөбүздө демократия орногондон тарта жаш муунубуз өз жашоолорун өздөрү билип калышты. Коомубузда эзелтеден келе жаткан “улууга сый, кичүүгө ызат” деген нерсе жоголду. Кыргыздар үчүн өтө ыйык түшүнүк болгон ата-энени сыйлоо төмөндөп, өздөрүн укмуш кыйын санаган жаштар көбөйдү.

Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн мүдүрү Абдылдаева Эркингүл эженин айтымында карылыгы жеткен ата-энесин балдары өздөрү алып келип таштап кетишет. “Биздеги карылардын көпчүлүгүнүн бул абалга келгени ачык-айрым айтыла бербейт. Кыргыздарда “Баягы неме карылар үйүнө түшүп калыптыр” деген куру намыс бар эмеспи, ошондон улам карылар да ачылып сырын айтып, туш келген менен эле сүйлөшө бербейт. Бул жактагылардын көбү балдарына таарынгандар. Бирок, канча таарынып, көңүлү ооруп турса да, алардын келишин, же жок эле дегенде телефон чалышын күтөт”, – дейт Эркингүл айым.

Ар бир жасаган ишибиз, сүйлөгөн сөзүбүз кандай гана мааниде болбосун кайра эле өзүбүзгө келип тиет демекчи, коомубуздун өнүкпөй жатканынын бирден-бир себеби так ошол жаштарыбыздын кылык-жоруктарында болсо керек. Интернет тармактарына кире калсаң, гезиттерди окусаң, же болбосо транспортто баратсаң деле “Жаштар бузулду”, “Жаштардын пейили бузулду” деп зарлаган улуу муунду көп көрөсүң.

МАИни капотко жаткырып сүйрөп…

Буга кошумча, коомдук жайларда этиканы сактоо деген нерселер түп тамыры менен жоголуп бараткансыйт. Ушул кезге чейин ансыз деле өз аброюн жоготуп, түзөлө албай турган жол кайгуул кызматкерлерин жаштар эми ого бетер ашмалтайын чыгарып, сыйлабай калды. Жолдо тартип орноткон кызматкерлерге кол көтөрүү, машинасы менен сүзүп кетүү, жол эрежесин бузганы үчүн токтотсо, кайра алардын өздөрүнөн күнөө табуу, кыскасы, мамлекеттик кызматкерлерди адам катары санабаган жаштар күн санап көбөйүп барат.

Жакында эле терезелери караңгылатылган, BMW үлгүсүндөгү автоунаанын ээси документ текшергиси келген МАИ кызматкерине документин көрсөтүүдөн баш тартып, аны автоунаасы менен уруп, качып кетүүгө аракет кылган. Натыйжада, унаанын капотуна жармашкан кызматкерди айдоочу бир канча километрге чейин сүйрөп барган. Аталган кылмыш тууралуу ИИМдин Жол кайгуул күзөт кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов төмөнкүдөй оюн билдирди:

“МАИ кызматкерине документин көрсөтүүдөн баш тартып, аны унаасынын капотунда сүйрөгөн айдоочу 22 жаштагы Адилет Максүтов экени аныкталды. Анын унаасы 29-январда Бишкектин түштүк кичи райондорунан табылган. Азыркы учурда айдоочу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми жараат алган жол кайгуул кызматкерине медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, – деди.

Маалыматка ылайык, жол эрежесин бузгандардын теңинен көбү жаштар. Жөн гана жаштар эмес чиновник, депутат жана байлардын көпкөн балдары. Жол кайгуул кызматкерлеринин айтымында бул статустагы балдарды токтотсоң, өздөрүнүн жогору жактагы тааныштарына чалып, тез эле бошонуп кетишет. Ал тургай кайра кызматкердин өзүнө кыйкырып, экинчи тоспой жүр деген мааниде мамиле кылат дешет.

Статистикада 70 пайыз жаштар…

Ал эми статистикага таяна турган болсок, келечек муундун ыйманы качып, ак жолдон тайып баратканын төмөндөгү мисалдардан байкасак болот. Убагында жасамак тургай сөз кылуудан уялып, жатыркаткан жат көрүнүш саналган ичкилик, баңгилик, кылмыштуулук, СПИД, аборт көйгөйлөрү азыркы тапта барган сайын күүлөнүп, жаштар арасында жайылып баратат. Маселен:

• 2014-жылы 24 456 айым бойдон алдырса, бул көрсөткүчтүн 60 пайызы жаш кыздар,

• Учурда наркологиялык каттоодо 15 жаштан 35 жашка чейинки улан-кыздардын 10 миңге жакыны расмий каттоодо турат. Ошондой эле 6000ге жакын 18-28 жашар аракеч бар.

• Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына кабылган 5642 адам болсо, анын 70 пайызын жаштар түзөт.

• 2014-жылы 16 367 кылмыш иши жасалса, анын 8892си 14 жаштан 29 жашка чейинки жаштар тарабынан жасалган.

Атайын адистердин айтымында жаштардын бул жоруктарынын башаты үй-бүлө тарбиясында жатат. Жаштайынан татыктуу ата-эне тарбиясын алган өспүрүм, эч качан жаман жолго барбайт. Ошондой эле акыркы кездерде интернеттин пайда болушу, батыш маданиятынын жайылышы, компьютердин маңдайында өсүп келаткан муундун көбөйүшү улуттук баалуулуктардын өтө тез жоголушуна алып келүүдө. Жаштардын өздөрү да салт-санаалардын азыркы коомдо керектен чыгып, эскиргендигин, жаңыча жашай турган мезгил келгендигин айтышат.

Андан сырткары, өлкөбүздө да жаштар саясаты жакшы өнүккөн эмес. Аны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн тиешелүү деңгээлдеги кадрлар да жокко эсе. Мунун өлкөбүздөгү жумушсуздар санынын 98 пайызын 30 жашка чейинки жаш муун түзөрү ого бетер айгинелеп турат.

Ислам дининде “Жаштар үммөттүн келечеги, эртеңки таңдын ишеничи, мамлекеттин, элдин жаркын жолунун символу катарында каралат. Ар бир эл, ар бир өзүн сыйлаган мамлекет жаштарына кам көрөт. Жаш муунга кам көрүү өзүнүн келечегине кам көрүү болуп саналат” деп айтылат эмеспи.

Болбосо жаңы муунду тарбиялоо тээ “а” тамгасын тааныткан башталгыч класстан тартып, жогорку окуу жайларга чейин улантылып турганда гана жакшы жыйынтык берсе керек. Ар бир жаш атуулга улуттук баалуулуктарыбызды, каада-салттарыбызды, адеп-ахлакты үйрөтүү абзел. Үй-бүлө институтуна мамлекеттик деңгээлде терең көңүл буруп, анын бекем болуусуна бүгүнкү күндөн баштап кам көрбөсөк, эртеңибиз коркунучта экени жашыруун эмес.

Таңчолпон Бакытбек кызы