Орусия Украинага кол салаар алдында дүйнө толугу менен, айрыкча чалгын кызматтары жана эксперттердин басымдуу көбү орустар украиндерди 3 кундүн ичинде багынтат деген божомолдорду айтышкан. Орус бийлиги да бул өздөрү үчүн жагымдуу сөзгө ишенген. Бир нече экономист кана орус армиясы көпчүлүк ойлогондой күчтүү эмес, ал үчүн Украина катастрофа болуну мүмкүн деп кала берген.

Согуш башталып кетиши мүмкүн деген күндөрү, согуш жана курал боюнча аналитиктердин дээрлик бардыгы 100 миңдеген катуу куралданган аскер жана согуштук техника жөнүндө какшаган.

Эң күчтүү эл аралык массалык маалымат каражаттары да Киев 96 саат ичичнде алынат деген темалары менен аналиктикалык материалдарды чыгарышкан. Балким, Путиндин тегерегиндеги кишилердин мындай блицкриг менен Украинаны багынтуу мүмкүн деген ишенимин, Батыш прессасындагы чалгын кызматтарынын мындай жоромолдору ого бетер бекемдеген.

Анткени, алар Путин Украинаны согуштук техника менен аскерлеринин кара күчү менен эле уйпалап алып коет деп божомолдошкон. Бирок мунун баары коюлган максаттарга жеткирген жок. Эмне үчүн Путиндин армиясы ушунчалык алсыз болуп чыкты?

Демек, учурдагы согушта сан жактан эселеген артыкчылык көп нерсени чечпей калганы анык болду.

Кээ бир аналитик экономисттердин мурунку божомолдору жана учурдагы тастыкталган пикири боюнча, орус армиясынын көйгөйлөрү айдан ачык эле көрүнүп турган.

Орусиянын армиясы жакшы каржыланбайт жана жакыр

Учурда орус контрактнигине төлөнүп жаткан акчага полигондо жатып күн өткөрсө болот, бирок үй-бүлөңдү таштап, жан кечти согушка баш отуң менен кире албайсың. Учурда украиндер тарабынан кармалган орус аскерлердин кебетесинен алардын жарытылуу кийим-кечеси да жок экени корүнүп турат.

Учурдагы согуш убагында орус аскерлеринин мародерлугу, үй тиричилигинин жөнөкөй жабдыктары жана инструменттеринен бери талап-тоногону шумдук жаңылык болду.

Аналитиктин көбү орус аскерлеринин жана техникасынын санын айтып, бирок согуш майданына киргизилген кишилер жарытылуу маяна албаганын, тиешелүү тамак-аш менен да жетишерлик камсыздалбаганына көңүл бурган эмес.

Прогноздордо жаңылуунун дагы бир себеби, Орусиянын куралдуу күчтөрүнө акыркы жылдары жумшап жаткан 3-5 триллион рубль болгон. Быйылкы жылы да орус бийлиги аскердик чыгымдарга 3,3 триллион рубль чегерген. Аналитиктин көбү мындай акчага заманбап күчтүү армияны куруп чыкса болот деп ишенген.

Бирок бул жерде дайыма көз жаздымда калып жаткан бир маселе бар. Орусиянын аскердик бюджетинин 70%га жакыны аскерлерге эмес Согуш-өндүрүш комплексине (Военно-промышленный комплекс – ВПК) чегерилет. Ачыктап айтканда, биз аскердик бюджетти жеп салды деген генералдарга да жетпей, Чемезов сыяктуу Путинге жакын олигархтардын ишканаларына берилет.

Ошентип, Орусиялык аскердик бюджеттин көбү согуштук курал чыгарып, аларды жашыл пулга саткан жасалма көпөстөрдүн колуна тиет. Алар болсо өздөрүн жана кожоюндарын таарынтпаган май-талкан жашоого көнгөнү баарыбызга маалым.

Үстүбуздөгү жылдагы орустардын аскердик бюджетине көз салсак, анда кызмат өтөгөн 1,5 миллион офицерлерге, аскерлерге жана аскердик персоналга 3,3 трлндун болгону 765 млрд рубль ажыратылган. Бул акчаны орус армиясында иштеген кишилерге бөлсөк, 42 миң сомдун тегерегиндеги сумма чыгат. Өлүп же өмүр бою инвалид болуп калуу коркунучу нак билинген жан кечти согушка конрактниктерди 40-45 миң сом айлык менен аттантып атышат. Путиндин айтымында, 200 миң офицерге айына 80 миңге жакын маяна берилет. Бирок согуш майданына чыккандын көбү офицер эмес, катардагы жоокер. Салыштырсак, ошол эле ВПКдагы Чемезовдун РОСТЕХиндеги секретарша кыздарга 3 эсе көп айлык сунушталат.

Акыркы он жылдан бери орус аскерлери алган айлык канчалык девальвация болсо да индексация кылынбай келген. Эки-үч жылдан бери гана 4%дык индексацияны карап башташкан.

Маяна жана сапаттуу аскер

Албетте, мындай согушка катышып аткандарга кошумча төлөмдөр каралышы мүмкүн. Бирок согуш болбогон кезде 40 миң рублдук айлыкка Орусияда сапаттуу, татаал согуштук техниканы билген жана ыкчам колдоно алган адисти жалдап алуу оор. Математика, физизка, баллистика сыяктуу илимдерден кабары бар кесипкөй, Орусиянын коргоо министрлиги төлөгөн 40 миңдик вакансияга оңой менен барып бербейт.

Учурдагы согушта орусиялык аскерлер салыштырмалуу жөнөкөй согуштук техниканы да жакшы колдоно албай жатканы, согуш майданында ориентация кыла албаганы маалым болду. Тиешелүү аскердик позицияда номиналдуу, б.а. аты бар заты жок кишилер иштеп жатканын реалдуу согуш ашкереледи десек да болот.

Орус аскерлеринин бир бөлүгү, көпчүлүк учурда, украиндердин согуштук техникасы кайсыл жерден сокку уруп жатканын билиш үчүн гана атайлап өлүмгө айдалып жатканы согуш майданында билинди. Орустар айтмакчы, алар “пушечное мясо” катары чалгындоо максатында колдонулуп келет.

Согуштагы армияны камсыздоо начар

Орусиялык аскерлер Украинанын талаасында күйүүчү майы, тамак-ашы жок ар жерди карактап курсагын тойгузуп, жуунуу эмне экенин небак унутуп, кайсалактап жүргөнү жөнүндө күбөлүк жана далилдер арбын.

Быйылкы аскердик бюджетке орус армиясынын материалдык-техникалык камсыздоосуна болгону 476 млрд рубль каралган. Мунун канчалык каражат экенин элестетиш үчүн, Москва шаарынын жашылдандыруусуна чегерилген акчага салыштырсак болот. Маттех камсыздоого чегерилген акчаны аскерлерге бөлсөк, ар бирине айына 20 миң рублдан тиет экен. Бул суммага күйүүчү май, аскердик объекттеринин коммуналдык чыгымдарын төлөө, тамак-аш жана форма алуу, жана башка толтура нерсе кирет.

Орусиянын контракттык армиясы “гап” бойдон калган

Орусиянын генералдары контракттык армияга өтүлдү деп, көз боемочулук кылышкан. Акыркы жылдары Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, бизде 400 миң конрактник бар деп мактанып келген.

Шойгу мактанган жалданма аскерлердин кебете-кешпирин бүт дүйнө көрдү. Айрыкча канчалык массалык түрдө колго түшүп, кырылып жатканы да ашкере болду. Орус армиясынан келген кабарларга караганда “контрактниктердин” басымдуу көбү кечээ аскерге келген эле жаш балдар же адистиги менен кесипкөйлүгү жок, кара жумушка жарамдуу гана согушка мажбурланган кишилер экени билинди.

Мындай кишилерди жай заманда аскерге алып жатышканда, “баары бир сенин регионуңда жумуш жок, ушунча акчага макул бол, эч нерсе деле кылыштын кереги жок, кызматка барып-келип жүрө бересиң” – деп азгырышкан. Мунун баарын учурда согушта өлгөн же пленге түшүп калган контрактниктердин жакындары айтып бере баштады. Алар күйөлөрүнүн же балдарынын аскердик машыгуусунун көпчүлүгү окоп казуу менен чектелип келгенин айтып жатышат.  

Орус коргоо министрлигине берилген каражатка, анын бир да тыйынын генералдар уурдаган жок десек да, кесипкөй адис болуп кетүүгө жана согушууга мүмкүн эмес болгон. Орусиянын армиясынын мындай мышык ыйлаарлык абалын кээ бир экономисттер жылдар бою айтып келген. Айрыкча Украинага кол салуу мүмкүнчүлүгү артканда какшашкан, бирок аларга орус бийлиги да Батыштын аскердик аналитиктери да кулак салган эмес.

Таалайбек Маматов