Бердухаммедов Гурбангулы ата президенттигин уулу Сердарга өткөрүп берип жаткан кезде Түркмөнстандын газына Батыштын эмиссарлары жуучу жибере баштады

АКШнын чабармандары адаттан сырткаркы нерсе айтпаса да, Европаны быйылкы кышта Орусиянын газынан болушунча баш тартырыш үчүн, ыкчам ыкмаларын да сунуштап баштады.

Буга чейин түрктөр менен байланышы бар Nabucco менен Түштүк энергетикалык коридорун камтыган Транскаспий газопроводуна дем салып тирилтүү аракети көрүлө баштады. Анын максаты – түркмөн газын Орусиянын таасири жок мамлекеттердин аймагы аркылуу Европа базарына чыгаруу болчу.

2021-жылы негизделген америкалык Trans Caspian Resources, Inc (TCRI) компаниясы түркмөн бийлигине Транскаспий газтүтүгүнүн жаңы шекилин сунуштады. Анын аты – Транскаспий коннектору. “Биз Транскаспий газтүтүгүнө караганда амбициясы азыраак долборду сунуштап жатабыз, – деген TCRIнин жетекчиси Алан Мастард. – Ал Түркмөнстандын Каспий деңизиндеги скважиналардан табигий газды учурда иштеп жаткан Азербайжандын инфраструктурасына жеткирүү үчүн курулчу орто көлөмдүү түтүктөр”.

Быйыл, 2022-жылдын март айында өткөн “Түркмөнстандын мунайы жана газы” аттуу конференцияда TCRIнин консультативдик комитетинин мүдүрү Натали Костелло бул идеяны дагы жакшыраак ачыктаган. Trans Caspian Resources иштеп чыккан долбор түркмөн газын Азербайжан аркылуу Түштүк Кавказ, Түркия жана башка табигий газга муктаж өлкөлөргө жеткирүүгө шарт түзөт. Түркмөнстан менен Азербайжанда буга чейин түзүлгөн инфраструктура анын пайдубалы болуп бермекчи. Транскаспий коннектору Түркмөнстандан 10-12 млрд куб метр газды экспортоого жарап берет. Долбордун негизги бөлүгүн ишке ашырууга төрт айдай жана 400 млн доллардай каржы керек болот”, – деген Натали айым.

Алан Мастард 2014-2019-жылдары АКШнын Түркмөнстандагы элчиси болгонун, Натали Костелло болсо British Petroleum (BP) компаниясында 25 жыл иштегенин эскерте кетүүбүз керек.

Буга чейин газ түтүгүн куруунун 1 – ресурстук база, 2 – каржы жана технология лидери, 3 – түркмөн газынын Европа базарында атаандаш боло алгандыгы жана 4 – саясий колдоо деген төрт талаптын акыркысы, б. а. Түркмөнстан, Азербайжан, Евробиримдик жана АКШнын колдоосу эле бар болчу. Эми болсо, 2022-жылдын апрелинде, Европадагы газдын баасы көтөрүлдү, Орусиянын газ базарындагы лидерлиги талашка түштү жана түркмөн газын экспорттоону колдогон саясий күчтөр эселеп өстү.

Айрыкча, бул аймакта үлкөн салмагы бар British Petroleum, эч ким тааныбаган TCRIнин жеңилин жерден алса, саясий-экономикалык колдоо ого бетер өсөт. Ошол эле конференцияга катышкан Азербайжандын мамлекеттик SOCAR газ компаниясынын вице-президенти Эльшад Насиров Trans Caspian Resourcesтин долборун колдоп “Көмүртек-суутек цивилизация кош айтышып кеткенге чейин тезирээк куруш керек”, – деген.

Азербайжандын SOCAR компаниясы акыркы беш жылда түркмөн газына инвестицияларды тартып келүүнү колго алып, туркмөн бийлигине газын Туркия жана Европага чыгарууну сунуштап келет. Бирок SOCARдын вице-президенти Транскаспий газтүтүгүн куруп, түркмөн газын Азербайжандын инфраструктурасы аркылуу өткөрүүгө Орусия каршы эмес дегени менен, 2022-жылдын 22-февралында эки тарап кол койгон келишимде “Орусия менен Азербайжан тараптардын кызыкчылыктарына тикелей же кыйыр түрдө зыян келтирчү кандай болбосун экономикалык аракеттерден оолак болот”, – деп жазылган. Учурдагы орус-украин жаңжалын баштаар алдында орустар мындай ачык-айкын беренени бекер киргизбегенин баамдаса болот. Алар Европанын базарына өз газына атаандаш болгон Борбор Азия газын Азербайжан аркылуу кирүүсүн каалаган эмес.

SOCARдын Ирандын түндүк өрөөндөрүнө 1,5-2 млрд куб түркмөн газын берүү, анын ордуна Иран Азербайжандын түштүк аймактарына ошончо эле газды өткөрүү боюнча үч тараптуу келишмеси буга чейин эле иштеп келген. Эми SOCARдын өкүлү ошол эле схема менен Европага жылына 15 млрд кубка чейин газ жеткире аларын айтты. Бирок орустар Ирандын түндүк өрөөндөрүнө ошончо газ керекпи деген суроону коеру да анык.

(уландысы бар)

Сабыр Тентимишов