Эмне үчүн экономикалык сабаттуулугу жогору кишилер да жалаң чыгымдарга алып барган, эч кандай пайда алып келбеген долборго каражатынын баарын көмүп салат? Киши эмне себептерден улам Даниель Киннеман ачкан Кайтарылгыс чыгымдардын кылтагына илинет?

Даниель Киннеман жүрүм-турум экономикасын негиздеген окумуштуулардын бири. Ал 1934-жылы туулуп, азыр да (88’де) Принстон университетинде илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп келет. Киннеман психолог экенине карабай 2002-жылы экономика боюнча Нобель сыйлыгын алган. Ал ачкан илим экономика менен когнитивдик (жүрүм-турумдук) психологиянын кесилишинде пайда болуп, экономикалык чечим чыгарып аткан кишинин жүрүм-турумундагы иррационалдуулукту изилдейт.

Киннеман экономиканын мыйзамдарын жакшы түшүнгөн киши да дайыма эле рационалдуу, б.а. акылга сыярлык чечимдерди чыгара бербесин далилдеген. Ал, кишинин экономикалык жүрүм-турумундагы, англис тилинде “чыгымдарды көмүү катасы” же Кайтарылгыс чыгымдардын кылтагы (КЧК) деген мыйзам ченемдүүлүктү таап чыккан. Бул табылга психологиядагы Когнитивдүү бурмалоо (КБ) тармагынын бир бөлүгү болуп калган.  

Психологиядагы Когнитивдүү бурмалоолор (КБ) кишинин түздөн-түз кетирген катасы же күнөөсү эмес. Аларды мээнин көнүмүш адаттары десек болот. Акыл эч качан аны жөн эле ойлоп таппайт. КБ’лардын рационалдуу жана пайдалуу тараптары да бар. Мисалы, алардын арасында мурунку аптада биз сөз кылган – Адилеттүү жашоо бар экенине ишенүү да кирет. Анткени киши кылып аткан жыкшылыктарынын кайтарымы болоруна ишенбесе, фаталистке айланат. Фатализмден фанатизмге өтүп кетүү өтө эле жеңил.

Биз сөз кылчу Кайтарылгыс чыгымдардын кылтагы (КЧК) деп аталган когнитивдүү бурмалоону кишинин ката стратегиянын аркасынан түшүп алганынан байкаса болот. Мисалы, бир жерге өтө көп ресурс коротулду, бирок эч кандай майнаптуу натыйжа чыккан жок. КЧК’га кептеген берилгендик, бекемдик, чыдамкайлык сыяктуу керектүү сапаттар, көбүнчөсүн, позитивдүү натыйжаларга жеткирет. Анткени, айрыкча интеллектуалдык (руханий да) тармакта, белгилүү бир мөөнөткө чейин натыйжа жана кайтарым көрбөй иштеш керек. Бирок ушул эле сапаттар негативдүү да натыйжага алып барат. Мисалы: “Буга чейин ушунча убактым менен каражатым кетти, эми бир натыйжа болот да”, – деген үмүт менен калган-каткан ресурстарынын баарын керексиз жерге жумшап салууга түртөт.

Кайтарылгыс чыгымдардын кылтагын (КЧК) кишинин жүрүм-туруму менен экономикалык активдүүлүгүн изилдеген психологдор менен экономисттер таап чыккан. Мындай учурда киши чыгымдары пайдасынан көп экени айдан ачык көрүнүп турган нерсеге инвестиция кылат. Мунун эң жакшы мисалын кумарпоз кишилердин жүрүм-турумунан байкаса болот. Ал: “Мен ушунча көп жолу уттурдум, эми дагы бир аз ойносом, сөзсүз утуп алам”, – дейт. Ошондой эле жеке жашоодо да киши, эч кандай натыйжа бербеген мамилени “жаштыгымдын баарын ага бердим” деп, уланта бергиси келет. Дал ушул КЧК лидерлерди, эли менен өлкөсү итке минип калганга чейин, кандуу конфликттерди уланта берүүгө түртөт.

Таң калычтуусу, мындай кишиге “шайтан оң жагынан жакындап” ушунча чыгым ысырап болуп калабы деп шыбырап, аны “чыгымдарды көмүү катасына” түртүп, акчасынын баарын иррационалдуу максатка жумшап салууга чейин жеткирет. Андан сырткары кишилер бул когнитивдүү кылтакка ашыкча оптимизмге да алдырып, “Мынчалык көп аракет, сөзсүз сыйлыкка жеткирет” деген бойдон, экономикалык кургуйга түшүп кетет. Жоготуудан коркуу да кээ бир кишилердин КЧК’га илинип калуусуна алып барат. Андай кишилер: “Колдо турган коенду кое берүүгө болобу”, – деп “коендун” көлөкөсүн кууп барып, артка чыга алгыс туңгуюкка кептелет.

Кишинин мээси аны дайыма адаттагыдай жүрүм-турумга (комфорттуу зонага) багыттап турат. Мында ашкере жоопкерчилик сезими да белгилүү бир деңгээлде негативдүү таасир бериши мүмкүн. Анткени киши үчүн ортолоп же аягына чыгып калган сыяктуу көрүнгөн бир нерсени таштап кетүү өтө оор. Бирок кээ бир учурда мындай сезим менен аракет кылган киши өзүнүн да, жакындарынын да, жамаатынын да абалын оорлоштуруп салышы мүмкүн. Кээде мындай аракеттерден баш тартып, буга чейинки бардык чыгымга кол шилтеп басып кетүү да, материалдык жана моралдык жактан туура чечим болушу мүмкүн.

Ошентип, психологдор менен экономисттердин биргеликте жүргүзгөн эксперименттери кишинин жүрүм-туруму дайыма эле рационалдуу ниетке жана ой-пикирге байланбаганын далилдеген.

Акылай Бакытбек кызы