1945-жылдын 20-ноябрында Даниянын Нюрнберг шаарында Адольф Гитлердин нацист өнөктөштөрүнө каршы эл аралык сот башталган. Ал сот бир жылга жакын, т.а. 1946-жылдын октябрынын ортосуна чейин созулган. Сот аяктаганы менен нацисттерди жазалоо уланып, сот отурумдарында дагы 12 топ жоопко тартылган

Нюрнберг сот процесси аяктаганы менен нацисттерди соттоо ушул күнгө чейин уланып келет десек болот. Германиянын прокуратурасы 2011-жылы нацисттерди куугунтуктоодо “убакыт өтүп кетти” деген чектөө жок экенин жар салган.

Жогоруда айтылган 12 сот процесстин бири нацисттик Германиянын юристтерине каршы ачылган. Ал “укучулар” антифашист юрист жана саясий ишмер Густав Радбрухтун таап чыккан юридикалык формуласына ылайык соттолгон. Бул юридикалык теорияда “Радбрухтун формуласы” деп аталып калган. Аталган формула менен, кишилерди өлтүрүүгө түздөн түз катышпаса да, алардын соттолуусуна салым кошкон нацист юристтер жоопко тартылган. Алар өздөрүн актоо максатында “мен мыйзамды аткаргам” же “мен соттук чечимди чыгарып жатканда бул мыйзамдуу болчу” деген шылтоону айтышкан.

Густав Радбрухт 71 жашта дүйнө салган. Ал колунда бар үй-бүлөдө төрөлүп, бала кезинен укук теориясына кызыккан. Ошондуктан жаштайынан эле доктордук даражасын коргоп, Германиянын ири ЖОЖунун бири – Гейдельберг университетинде укук сабагын өткөн. Густав мырза немис Рейхстагынын депутаты болуп, эки жолу юстиция министри кызматын аркалаган.

Радбрухт Гитлер баш болгон фашист өкмөтү бийликке келгенге чейин эле, 1926-жылы саясаттан кеткен. Ошентип, өзү бүтүргөн Гейдельберг университетинин Юридикалык факультетинин деканы катары сабак берип калган.

Фашисттер бийликке келгенде Радбрухтка сабак берүүгө тыюу салган. Анткени ал саясаттан кеткени менен нацисттерге катуу каршы турган Германиянын социал-демократтар партиясынын (ГСДП) мүчөсү бойдон кала берген.

Радбрухт Англияга чыгып кетип, ал жакта “Англис мыйзамынын руху” деген китеп жазган. Фашисттер 2-дүйнөлүк согушта талкалангандан кийин, 1945-жылы өз мекенине кайтып келип, кайра эле альма-материнде Юридикалык факультеттин деканы болуп калган.

Университетине кайтып келери менен фашисттерге кол кабыш кылган укук-коргоо мекемелеринин кызматкерлери жана сотторду кылмыш жазасына тартуу формуласынын үстүндө иштей баштаган. “Баалуулуктарга карата соттоо” деп аталган эмгегинин алкагында атактуу “Радбрухтун формуласын” иштеп чыккан.

Ал: “Адилетсиз болсо да соттун чечимине баш ийүү укуктук жактан гана эмес абийир жактан да парз. Анткени укуктун туруктуулугу өзүнө жетиштүү баалуулук. Бирок укуктук акттардын адилетсиздик даражасы заманбап укук тарабынан кепилденген укуктук туруктуулукка кедергисин тийгизе баштаганчалык жогору болгон учурларда, алар аткарылбайт. Мыйзам адилеттүүлүктү жерип, анын (адилеттүүлүктүн) негизи болгон тең укуктуулук принциби укукту колдонуу учурунда жокко чыгарылганда, соттук чечимге моюн сунулбайт”, – деген.

Демек, укук колдонулган кезде тең укуктуулук жокко чыгарылса, мисалы, калктын бир группасынын же катмарынын укугу тебеленгенде, же бардык “кылмышка” бирдей жаза бериле баштаганда, мындай мыйзамдарга баш ийүү укукка каршы келет. Радбрухт мындай мыйзамдар укуктук табиятынан тайып, мыйзам катары эсептелбейт жана: “Табигий укуктук принциптерге көз көрүнө акарат кылат жана адилеттүүлүк сезимдерин кемсинтет”, – деген бүтүм чыгарган.

Ошентип, нацисттерге кол кабыш кылган сот менен прокурорлор Нюрнберг сот процессинде “Радбрухтун формуласы” койгон принциптердин негизинде жоопко тартылган. Юрист кылмышкерлердин “мен мыйзамды аткаргам” же “мен соттук чечимди чыгарып жатканда бул мыйзамдуу болчу” деген шылтоосуна: “Эгер мыйзамдар кишинин адилеттүүлүк сезимин, тең укуктуулук принцибин жокко чыгарып, эркин атайылап тебелеп жатса, мындай мыйзамдар ишке жараксыз. Кишилер аларга моюн сунбашы керек, укукчулар болсо алардын укуктук табиятын жокко чыгарышы шарт”, – деген жоопту берип, нацисттерге кол кабыш кылган укукчулардын соттолуусуна жол ачкан.

Жансакта Сарбашов