Алты партияны бириктирген түрк оппозициясы бир нече жылдан бери макулдашылып келген бирдиктүү билдирүүсүн жарыялады. Андан алты лидер эки анжы абалда турганы ачык билинип калды

Бирдиктүү билдирүүдө “Алтылык үстөл” деп аталган оппозициялык блок Режеп Тайып Эрдоганды президенттик макамдан кетирүү үчүн кандай орток талапкерди каалап жатканын каңкууланды. Бирок талапкердин атын атоонун ордуна түрк оппозициясы кайра эле Эрдоган кеткенден кийинки Түркия жөнүндө “фантазияларын” айтуу менен чектелди.

Алты лидердин буга чейин айткандары менен бул билдирүүгө караганда, алар “талапкер ким болсо да, биз мамлекетти бир команда катары башкарабыз” дегендей. Алардын ою боюнча, орток талапкер бул команда менен иштешүүгө мажбур болот. Ошондуктан ушундай шартты кабыл алган талапкерди гана колдомокчулар.

Эрдогандан тили күйүп калган алты лидер, болочок талапкерди тегерете диктатор болуп кетпесин деген чектерди чийүү менен алек. Мындай чектердин ичинде иштегенге сабырдуулугу жеткиликтүү бир гана талапкер бар. Ал – алты лидердин бири, негизги оппозициялык солчул ЖХП партиясынын башчсысы Кемаль Кылычтароглу.

Кылычтароглу, өз партиясынан чыккан жана Тайып Эрдоганды анын командасы менен бирге бир же эки сыйрадан жеңген Стамбул менен Анкаранын мэрлери Экрем Имамоглу жана Мансур Яваштан чочуган, беш лидердин негизги талапкери. Бирок ЖХПнын башчысы Эрдоган менен бир нече жолу шайлоо майданында беттешип, андан дайыма жеңилген. Анысы аз келгенсип, 2023-жылкы шайлоодо үч талапкердин арасынан эң аз упай алчу киши да Кылычтароглу.

Мисалы, эгер алты лидердин орток талапкери Экрем Имамоглу болуп калса, Стамбулдун жаш мэри алты лидердин тең жактоочуларынын добушун алып коюу потенциалына ээ. Ошондо Имамоглунун партиясынын лидери Кемаль Кылычтароглунун да, ультра-улутчул ИЙ партиясынын лидери Мераль Акшенердин да, калган үч исламчыл партиянын лидерлеринин да күчүн өзүнө топтоп алат.

Андан сырткары Экрем Имамоглу, учурда Тайып Эрдоган бир май сунуп, бир кызыл камчысын көрсөтүп, бөктөрө албай жаткан, күрт калкынын добушун да оңой алат. Ошентип Имамоглу электоралдык жактан эң күчтүү жана эң жаш, демек, эң келечектүү лидер болуп чыга келет.

Эрдоганды жеңип чыккан соң, Имамоглу учурда бир колдо топтолуп турган президенттик ыйгарым укуктарды алты лидерге карматпай туруп, өз оюнун баштап кетиши мүмкүн.

Өкүнүчтүүсү, учурда түрк калкы жеке башкаруудан канчалык тажап турса да, коалициялык өкмөттөрдүн Тайып Эрдогандан мурун Түркияны кандай сазга тыгып кеткенин да эсинен чыгара элек. Ошондуктан шайлоочулар коалициялык өкмөт түзүлгөн соң ыйгарым укуктарынын баарын ага кармата берген алсыз президентке добуш бербей коюшу мүмкүн.

Демек, алты лидер акылга салынган өз каалоолору менен жеке бийликтен да, коалиция курган партиялардан да күйүп калган калктын каалоолорун таразалап, туура чечим чыгарышы зарыл. Кемаль Кылычтароглу менен алар Тайып Эрдоганды жеңе албай калышы мүмкүн. Бирок жеңип чыгышса, баары башкарууга келе алат. Экрем Имамоглу президент болсо, анын электоралдык күчү Эрдогандыкынан да жогору чыгат. Ал күчтү позитивдүү нукка жыгып кетүү үчүн алты лидерге учурдагыдан да көп күч жана сабыр керек болушу мүмкун.

Жансакта Сарбашов