Күрт ырчысы Хозан Жанэни 2018-жылдын 22-июнунда түрк полистери камакка алган. Күнөөсү – эч бир далил же күбөсүз эле “Президентке акаарат жана Ататүрктү сөкмөк”. Түрмөдө аны ФЕТӨчу (Фетхуллахчы террор уюму – Түркия жана ага көз каранды 2-3 мамлекеттен башкасы террор уюму катары кабыл албайт) делген 17 аял менен бир камерага коюшат. Капасчы аял: “Бүгүн сени өлтүрүшөт”, – деген

Хозан айым биринчи жолу камерага киргени тууралуу минтип баяндайт: “Эшик ачылды, кирсем 17-18 аял тура калып тосуп чыкты. Чынын айтсам, аябай корктум. Коркконуман көзүмдөн жаш тегеренип кетти. Баштарында жоолук, сол тарапта Куран турат. “Демек, булар мага тийишпейт”, – деген ой келди. Капасчы аял: “Өлгүн келсе, булар менен кал”, – деди. Алар: “Эмнеге өлтүрмөк элек?”, – дегенде, капасчы? “Анткени бул башка террорчу. Силет ФЕТО террорчусу. Бул болсо ПКК (динбезер күрт социалисттердин уюму) террорчусу”. Арасынан бир узун бойлуу аял: “Биз адам өлтүрбөйбүз, биз адамды жашатабыз. Силер адам өлтүрөсүңөр”, – деп каяша айтты. Мен: “Калам ушул жерде”, – дедим.

Президент менен Ататүрккө акаарат дегендери күрттөрдүн ХДП партиясынын митингинде эки ыр ырдаган. Түнкү саат эки чамасында 200 аскер менен камакка алышып: “Мен Германиядан келдим, немис жаранымын! Эч нерсе кылган жокмун! Эч бир кылмышка аралашкан эмесмин!”, – деп кыйкырганына карабай, бомба байланып алган кишини тинткен немедей жылаңачтап чечинтип тинтип чыгышкан. Анын алдына эки карыш калыңдыгында тутам кагаздарды алып келип “ушуларга кол коюп берсең, кое беребиз” деп, эки жарым саатка жакын кыйнашкан. Кол койгон эмес.

СИЗОдо отурганына эки күн болгондо эртең мененки тамагына уу кошуп беришкен. Аны жеген соң эси ооп жыгылган. Бир суткадан кийин көзүн ачса, бейтапканада жаткан болот. Ошол күндөн тартып Хозан айымдын ашказаны оорукчал болуп калган. Териси бир сыйра түлөп түшкөн. “Сени арабызда жашынып калган ФЕТОчу полис уулантты”, – дешкен. Бирок ал полис Эрдогандын АКП партиясынан экени кийин билинген. Алты күн дегенде сотко алып барышкан.

Сотто “ПКК террор уюмунун мүчөсү, Президентке акаарат жана Ататүрктү сөкмөк”, – деген үч айып тагылган. Бирок болгону 2011-жылы Тайып Эрдогандын бетине түрк желеги тагылган сүрөттүнө “лайк” басканын таап чыгып, прокурор “Президентке акаарат” деп, 15 жыл сураган.

Эдирне шаарынын түрмөсүнө камашкан. Хозан Жанэни кичине бир камерага киргизишкен, “чечинбейм” дегенде үч капасчы келип чечинтип, бири перчатка кийип, героин карап жатабыз деп колун чыканагына чейин жатынына киргизип тинтип, канжалатып таштап салышкан. Карцерге алып барышканда бир жагынан астмасы кармап, бир жагынан кан кеткенде капасчылар “немис жараны өлүп калса, кантебиз” деп чочушуп, аны доктурга алып барышкан.

“Сени эркектер менен кое албайбыз. ФЕТОчу аялдардын камерасы бар. Бирок алар сени өлтүрүшөт”, – деген. “Алар эмне адам эмеспи? Эмнеге мени өлтүрмөк эле. Ансыз деле силер мени өлтүрдүңөр, ууланттыңар, жатынымды жардыңар. Мындан башка да өлүм барбы? Алар жок дегенде карапайым кишилер. Мында астмамдан өлөм же силер өлтүрөсүңөр”, – дейт Хозан айым.

Капасчылар көтөрүп келген кагазда: “Эгер камерадагы ФЕТОчулар мени өлтүрсө, түрк мамлекети менен бул түрмөнүн эч кандай күнөөсү жок”, – деп жазылган экен. Хозан кол коюп берген. “Ал жакта аялдар бар болсо, кетип аткан бул канды токтотуп, мага каралашат”, – деген үмүт менен камерага келкен. Камерага биринчи жолу киргенде жогорудагы окуя болгон. Эмине деген узун бойлу аял: “Биз адамды жашатабыз, өлтүрбөйбүз”, – дейт, Хозан “калам бул жерде” дегенде камеранын эшиги шарт жабылган. Кансыраган Хозандын буту шилтенбей туруп калган. Эмине келип колунан алып: “Сен чын эле катуу коркуп калыпсың. Коркпо, эжекем, булар калп айтышат. Биз террорчу эмеспиз, сен да террорчу эмессиң. Бизди ушинтип аткандардын өздөрү террорчу”, – дегенде ары жактан дайыма “эжей” деп чакырышкан, тынбай Куран окуган аял келип: “Сен бизден коркпо! Биз сага эч качан кыпындай да зыян келтирбейбиз”, – деп айткан.

“Бир убакта ымыркайдын ыңаалаган үнү келе баштады. Ар тарабымды карап:

Мында бала барбы, – дедим.

Ооба, бар.

Качантан бери?

Он беш күн мурун төрөлгөн.

Апакебай! Ымыркайды да кармап жатышабы капаста!

Камеранын бурчунда үстү ачык ажааткана тешиги бар экен. 17 төшөктүн баары жыттанып кеткен. Мени бир керебетке отургузушуп, үстүмө чоң жылуу жоолук жабышты. Анан төшөгүмдү даярдашты. Мен алардан бетер сасып кеткем. Анткени, бир аптадан бери үстүмдө сахнага чыккан капрон көйнөк гана бар болчу, ысык болсо 47 градуска чейин чыгып аткан”.

Канга ширелип катып калган капрон көйнөк аябай жыттанып кеткен. “Баарыбызды ушундай кан жалатышты”, дешти. Суу жок болгондуктан киринте алышкан эмес. Хозанга таза ич кийим, пижама алып келип кийгизишкен. Капасчылар кечки тамак дешип, он сегиз кагазга салынган чала бышкан бир кашык күрүч, бир кашык ногут жана бир кесим нан алып келишкен. Аялдар: “Жей гой. Муну жебесең, өлүп каласың”, – дешкен. Эжей: “Менде бир аз сыр бар. Катуу кансырап калыптыр, өзүнө келсин”, – деп, нандын арасына коюп берген.

Аптасына ичкенге бир бөтөлкө суу сатып алганга уруксат беришет, жуунганга болсо аптасына бир жолу жарым саат суу келет. Эмнеге үлгүрсөң ошого жеткирип каласың. “Бул балээ! Киши кишиге кылчу эң коркунучтуу мамиле!”, – дейт Хозан айым.

Түрмө 1814-жылы Осмон калыйпалыгы учурунда курулган. Эскирип, тер, ажааткана жыттанып кеткен. Эртеси күнү Хозан Жанэ ыйлаган баланы көрдү. Ымыркайдын эти кызарып, балатылап кетиптир. “Бул ымыркайды көргөн соң ким террорчу, ким заалым экенин билсе болот”, – дешти аялдар. Ал баланы көргөн соң Хозан кусуп баштаган. Ошол жерде төрөлүптүр. Энесинин денеси каралжын тартып кеткен. “Ушунчалык кыйноодон өттүм. Бирок ошол ымыркайды көргөнчөлүк жүрөгүм сыздаган жок. Баланын колтуктарынын, такымдарынын эти эзилип кеткен. Сүт, жалаяк, крем баришпейт. Аллах ал ымыркайдын абалына эч кимди таштабасын! Башка эч нерсе дей албайм! Чоңдорду кыйнап атыпсыңар, мейли. Бирок ал бала ПКК да, ФЕТӨ да болуп төрөлгөн эмес! Ал периште да! Ымыркайга муну кылгандар өтө коркунучтуу кишилер. Түркиянин, түрк географиясынын, түрктөрдүн жана башка улуттардын эң коркунучтуу душманы, учурда бийликте турган режим, АКП партиясы жана Эрдогандын өзү, АПК (исламчыл) жана МХП (түрк ультра-улутчул) биримдиги”, – дейт Хозан Жанэ.

Түрмөгө кош бойлуу келип төрөгөн келиндин күйөсү да өмүр бою кесилген экен. Ал болгону Хизметтин мектебинде айдочу болуп иштегени үчүн түрмөгө кирген. Бул экинчи балдары экен. Биринчиси 1,5-2 жашта. Ал Манисадагы таякесинин колунда калган.

“Алардан эч кандай зыян көргөн жокмун. Куран окушат эле. Мага болсо “психикаң жайына келет” деп кичинекей телевизор коюп беришчү. Жашоо өтө оор, ачкалыктан өлүп калчудай күн кечирмей”, – деп эскерет Хозан Жанэ.

Адвокат келгенде Германия элчилигине кайрылып, тезирек бул түрмөдөн алып чыкпаса өлүп калышы мүмкүн экенин айткан. Германия элчилиги Хозанды бир ай беш күндөн кийин Бакыркөй түрмөсүнө которткон, бир жыл дегенде капастан чыгарып кеткен.

Хозан айым Германияга кайткандан бери психологиялык да жардам алат. Көчөдөн бала көрсө эле баягы ымыркайдын сүрөтү көз алдына келет. “Ал бала эки күндө бирден, кээде күндө мага келет. Азыр менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Аябай күчтүү дарыларды колдонуп жатам”.

Kronos TV, Жансакта Сарбашов