Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы соңку кезде кескин начарлап барат. Өлкө бийлиги тарабынан көз карандысыз маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине кысымдын жаңыча, мурда болуп көрбөгөндөй эпкини башталды

Камоолор, жасалма кылмыштар, соттордун мыйзамсыз чечимдери

Сөз эркиндиги, маалыматка жетүү, пикирлердин плюрализмин коргогон бир катар журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер саясий куугунтукка кабылышты. Алардын үстүнөн жасалма кылмыш иштери козголуп, көбү камакка алынып, соттор мыйзамсыз чечимдерди чыгарууда.

Ошентип, белгилүү журналист Болот Темиров өз иликтөөлөрүндө бийликтин эң жогорку эшалонундагылардын коррупциялык иштерин иликтегени үчүн милиция кызматкерлери анын чөнтөгүнө баңгизат салып, кеңседеги бардык техникаларын тартып алышкан. Укук коргоо кызматкерлери кийинчерек ага жасалма документти «жамаачылап» коюшкан. Сот аны акыркы айып боюнча күнөөлүү деп тапты. Баңгизат боюнча жалаа да акылга сыйбас кейс болуп калды, ал тургай ишенимсиз сот аны мыйзамсыз деп тапты.

Андан тышкары, УКМК кызматкери аралашкан Болот Темировдун командасындагы кыздын интимдик видеосун “жайылтышкан”.

2022-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаардык соту Темировду Кыргызстан жараны эмес деген жүйөгө таянып, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарган. Ошентип журналисти келинчеги, баласы менен коштошууга да уруксат бербестен, аны республиканын сот залынан түз эле Орусия Федерациясына депортациялашкан. Учакта аны ИИМ кызматкери коштоп жүргөн.

Ал өлкөдө мобилизация жүрүп жатканда аны Орусияга депортациялоо боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими – Болот Темировдун өмүрүнө, ден-соолугуна өтө реалдуу кооптуулукту жаратат.

Ошондой эле чет элдик маалымат каражаттарынан журналисттик материалдарды бөлүшүп, цитата кылганы үчүн эле эң ири Next TV телекомпаниясынын башкы директору Таалай Дүйшембиев камакка алынып, беш жылга эркинен ажыратылган (шарттуу).

Ушундай эле алгоритм боюнча блоггерлер жана активисттер Калыс Аширбаев, Ырыскелди Жекшеналиев жана Адилет Али Мыктыбек өз оюн ачык айтканы үчүн камалган.

Өзбекстан Республикасы менен чегараны тактоо боюнча өз пикири бар, ири Кемпир-Абад суу сактагычын коңшу өлкөгө өткөрүп берүүгө каршы болгон активист, блогер, журналисттерге да катаал саясий репрессиялар жүргүзүлдү.

Мамлекет тарыхында биринчи жолу беш аял бир убакта кармалып, бир эле учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар журналисттер жана активисттер: Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Перизат Суранова.

Алар менен бирге активисттер: Атай Бейшенбек, Али Шабдан, Эрлан Бекчороев, Таалай Мадеминов, Чингиз Капаров, Улукбек Маматаев, Нурлан Асанбаев жана Айбек Бусурманкулов камалышты.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда жарандык жана саясий укуктарды ишке ашыруу абалы боюнча корутундусун жарыялады. Анда негизги кооптуулуктар, ошондой эле жарандык жана саясий укуктар боюнча Эларалык пакты, адам укуктарынын жалпы декларациясын сактоо боюнча сунуштар камтылган. БУУ комитети КРдагы соңку камакка алуулар жана журналисттерге кысым көрсөтүүлөр боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Бир катар эларалык укук коргоо уюмдары Болот Темировдун депортацияланышын айыптап, республика бийлигин фундаменталдык эларалык принциптерди сактоого чакырды.

Сайттарды бөгөттөө жана ЖМКларга каршы мыйзам долбоору

Муну менен катар учурда мыйзам чыгаруу демилгесинин жардамы менен сөз эркиндигине, көз карандысыз ЖМКларга чабуул күчөдү. 2021-жылы «Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзам кабыл алынып, бир катар медиа юристтер, медиа-эксперттер бул Конституцияга каршы келерин айтышып, өлкөдө укуктук нормалар бузулуп, цензура орнорун белгилешкен.

Буга чейин 2022-жылы ушул мыйзамдын жардамы менен ResPublica сайты жана “Азаттык” радиосу эки айга жабылган. Аныгында “Азаттыкка” бөгөт коюудагы документтин өзү мыйзамга туура келбейт, анткени ага ылайык, “башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына, ишкердик беделине шек келтирген” маалымат “так эмес маалымат” деп таанылат. “Азаттык” ушул жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чегарасында болгон жаңжалды чагылдырууда “кастык тилин жаратуу, коомду козутар маалымат, жек көрүүчүлүккө чакыруу, жарандар ортосунда бөлүп-жаруу дискриминациясы” үчүн жабылган. Бул түшүнүктөрдүн баары “Жалган маалымат жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынбайт.

24.kg маалымат агенттигинин сайты да августтун аягында убактылуу бөгөт коюуга кабылган.

Көз карандысыз ЖМК сайттарына бөгөт коюу боюнча комментарий берген Медиа полис институтунун юристтери «Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам «бийликтин аракеттерин көзөмөлдөп, жарандарга өкмөттүн кандай иштээрин түшүнүүгө жардам берген маалыматты ачыкка чыгарган ЖМКга каршы административдик ресурс» деп белгилешти.

Ошондой эле КР Президентинин администрациясы “ЖМКлар жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга койду, анын 90%ы буга окшош орусиялык документтен алынган. Мыйзам долбоору бардык ЖМКларды (анын ичинде санариптик) юстиция органдарында милдеттүү түрдө каттоосу каралат, ал эми акыркысы каттоодон себептерин көрсөтпөстөн баш тарта алат, ошондой эле баш тартууга сотко даттануу мүмкүнчүлүгү жок. Бул, медиа-эксперттердин пикиринде, бийликке ыңгайсыз ЖМКларды дароо жок кылуу мүмкүнчүлүгү. А чет элдик маалымат каражаттары Тышкы иштер министрлигинен каттоодон өтүүгө тийиш.

«ЖМКлар жөнүндө» жаңы мыйзам нормалары ушунчалык катаал болгондуктан, алар тыюу салуулардын саны боюнча орусиялык нускоочуларынан да ашып түштү. Көптөгөн нормалар атайылап бүдөмүк жазылып, журналисттердин ишмердүүлүгүн чектеп, цензуранын пайдасына иштеши мүмкүн.

Улуттук юридикалык медиа уюмдары, “Адилет” юридикалык клиникасы менен Медиа полиси институту өз пикирлеринде мыйзам долбоору “ажыдаар” экенин белгилешти. Ал көз карандысыз ЖМКлардын жана журналисттердин, анын ичинде чет элдик медиалардын мындан аркы ишмердигине коркунучтуу деп белгиледи.

Бийлик “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” жана “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” мыйзам долбоорлорун да демилгелеген. Алар да орус мыйзамдарынан алынган, бөтөнчө пикирлерди жана тынч чогулуштарды өткөрүү, о.э. сөз эркиндигин толугу менен басым көрсөтүүгө багытталган.

Коркунучтар жана кибербуллинг

Көз карандысыз журналисттерди коркутуп-үркүтүү, оозун жабуу максатында бийлик ЖМКларга (эң ири онлайн-медиа “Азаттык”, “Кактус Медиа”, Kloop) физикалык күч колдонуу жана кеңселерин өрттөө менен ачык коркуткан митингдерди уюштурган. Журналисттерди коркуткандарга укук коргоо органдары мыйзам чегинде чара көргөн эмес. Соцтармактарда ачык жек көрүү сөздөрдү колдонуу менен катар атайын жалданма фейктер аркылуу көз карандысыз ЖМКларга каршы аракеттер уюштурулуп келет.

Эгемен Кыргызстан 30 жылдан бери сөз эркиндиги жогорку өнүгүп, адам укуктарынын сакталышы менен таанылып, демократия аралчасы катары саналган. Бирок бүгүн өлкө демократиянын эң жогорку жетишкендиктеринен ажырап, авторитардык режимге ыктоо коркунучунда.

Биз түрдүү өлкөлөрдүн журналисттерине жана ЖМКларга, журналисттердин ишмердүүлүгүн коргогон эларалык уюмдарга КРдагы сөз эркиндигин, пикир алышуу, коомчулуктун медиа маалыматтарын алуу жана бөлүшүү укуктарын коргоого жардам берүү чакырыгы менен кайрылабыз.

Биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз сөз эркиндигине болгон кысымды токтотууга, саясий куугунтуктоону, журналисттерди, активисттерди коркутууларды жана камоолорду токтотууга жардам берет, «ажыдаар» мыйзам долбоору артка кайтарылып, бардык абийир туткундары бошотулат деген ишенимдебиз.

Кыргызстандын медиа-аракет платформасы