Орусия менен кармашында Украинанын жеңиши АКШнын “ленд-лиз” деп аталган жардамына түздөн-түз байланыштуу болуп калды. Анткени Орусиянын каражатынын, согуштук техникасы менен жаңы жоокерлерди катарга тартуу потенциалы дагы эле күчтүү. Украинанын болсо согушту улантууда адам ресурстарынан башкасынын дээрлик бардыкы сырттан келчү жардамга көз-каранды. Ушундай учурда Евробиримдик менен НАТО’нун төрт мүчөсү Украинага каршы аракеттерди баштаганы белгилүү болду

Каршы аракет дегенде, өздөрү берчү курал-жарак менен аскердик техниканы кечиктирүү жана АКШнын президенти Жозеф Байдендин согуштук дымагына лоббилер аркылуу таасир этип, анын администрациясы убадалаган заманбап куралдарды бердиртпөө айтылууда. Украинага жан тарткан эксперттер, учурда орус аскерлеринин Донбаста чабуулунан да, орус чалгын кызматынын Байдендин администрациясынын ыкчам аракеттерине каршы глобалдык чабуулу коркунучтуу деген бүтүмгө келишти.

Мындай лоббилик аракеттер “Орусияны басынтпагыла!” деген ураан алдында башталды. Мындай ураанды Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул жылдын 9-майынан баштап жар салып жүрөт. Аталган ураан: “Орусияны буручка такабайлы. Объективдүү бололу. Кан төгүүнү токтотууга жардамдашалы”. – деген тезистер менен ачыкталат.

Бул демилге Европада чоң ийгиликке жетип, “Итальян тынчтык планы” деп аталган документке айланды. План “итальяндык” деп айтылганы менен анын аркасында, Евробиримдиктин эң күчтүү эки мамлекетин жетектеген, Макрон жана Германиянын премьер-министри Шольц турат.

Эксперттер бул документти ачык эле “Украинанын капитуляция планы” деп аташты. 2008-жылы Грузияда жана 2014-15-жылдары Украинада болгондой эле, учурда да Франция менен Германиянын жетекчилери Орусиянын баскынчылыгын документтештерүү жан алакетине түштү деп айтылууда. Бул кезекте Орусияга, Крым менен Донбаска кошуп, Херсон облусун жана Запорож облусунун бир бөлүгүн “мыйзамдаштырып” берүү аракети бар.

“Итальян планынын” биринчи пуктундагы согушту токтотуу, тынчтык мунасасына келүү, кан төгүүнү болтурбоодон кийин эле, экинчи пункт катары “Орусия менен Украинанын ортосунда талаш аймактар боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр” деп жазылган. Албетте, мындай сүйлөшүүлөр башталгандан кийин Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү жана Украинага курал-жарак жана аскердик техника берүү тууралуу унутса болот. Ошентип, Кремлге керектүү маселенин баары дүңүнөн чечилгени турат.

Европадагы мындай кадамдар менен бирге АКШда да Кремль лобби кылган аракеттер ишке аша баштады. Учурда, эзелтен Москванын акчасына каржыланганы билинген саясатчы жана журналисттерден сырткары, “Вашингтон посттун” журналисти Дэвид Игнатиус жана Эл аралык иштер боюнча аналитикалык борборунун төрагасы Ричард Хаас сыяктуу үлкөн аналитиктер “АКШ Украинага кайра-кайра жардам бере албайт” деген таризде макалаларды жазышты.

Мындай лоббилерге каршы чыккандардын катарына АКШнын Мамкатчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин кирет. Остин 25-апрелде “Биздин максат – Украинанын жеңүүсү, анын аймактык бүтүндүгүнүн камсыздалуусу жана Орусияны, мындан кийин мындай кол салууларга барбагандай кылып алсыратуу”, деген. Андан эки күн өтпөй, ошол эле Остин Рамштайн аскердик базасында “Украинанын жеңиши үчүн асман-жерди аңтарууга даярбыз” – деп жибергени бар. Албетте, бул эки лөккө, Украинага башынан бери жан тартып келе жаткан, Британиянын премьери Борис Жонсонду кошсо болот.

Кремль тарапта ойноп жаткан дүйнөлүк лидерлердин учурдагы эң негизги максаты – АКШнын Украинага берем деген, бир убакта бир нече ракета менен алыска атуучу курал системасын (M270 MLRS) бердирбөө же аларды алыска ата албаган ракеталар менен комплекттөөгө мажбурлоо болуп турат.

Москванын лобби каналдары, M270 MLRS системалары Украинага берилеээри АКШнын Конгресинин мыйзамына киргенине карабай, бул багыттагы аракеттерин улантууда. Учурда “алыска аткан бул системалардын ракеталары Орусиянын аймагына да жете алат” деген дискуссиянын аркасынан, 30-майда Америка тарабы алыска аткан ситемалар же алардын ошондой ракеталарын Украинага берилбесин айтты.

Кечээ күнү Брюсселде чогулган Евробиримдиктин лидерлери да Орусия каршы киргизилчү жаңы санкцияларды сүйлөшкөндө, “агрессор” деп аташкан өлкөгө бир топ жеңилдиктер каралганы белгилүү болду.

Орусиянын жеңилүүсүн каалабаган төрт өлкөнүн (+Италия жана Венгрия) негизги күчү болгон Франция менен Германия эмне үчүн мындай кадамдарга барып жатат?

Албетте, бул өлкөнүн лидерлери Макрон менен Шольц Путиндин эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгына иштеп жатат. Украина бул согушта жеңип чыгып, Евробиримдикке кирсе, бул уюмдун ичинде АКШ менен Британиянын саясатын жүргүзүүгө беттенген дагы бир чоң өлкө пайда болот. Анткени, буга чейин аталган эки өлкө АКШ жана Британия менен Орусиянын ортосундагы карама-каршылыктарды пайдаланып, саясий-экономикалык утуштарга жетип келген.

Бул төрттүк НАТО менен Евробиримдиктин Украинага берген жардамына бут тосуп аткандыктан, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон “коопсуздуктун жаңы конфигурациясын түзүү керек” деп айта баштады.

Акылай Бактыбек кызы