СЫР АЯК 

     Суроо: Канткенде Куран менен туура мамиле түзүп, туура пайдаланабыз?

     Жооп: Эң оболу Куран алгач түшкөн учурдагы сахабалар муунунун Куран менен кандай мамиледе болгонуна назар салууга тийишпиз. Алар Куран окууга өзгөчө көңүл буруу менен бирге, анда камтылган терең маанилерди түшүнүүгө да аракет кылып, түшүнгөндөрүн жашоодо иш жүзүнө ашырышкан жана ыйык кабардын негизинде Кудай Тааланын талабын аныктаганга аракет жасашкан. Ошол эле учурда, Куранды бүт адамзаттын керегине жараган цивилизация менен маданияттын башатына айлантыш үчүн айтып бүткүс күч-аракет жумшашкан. Кутман сахабалар Куранга мына ошондой берилгендиктери менен Жараткан Алланын максатына абдан төп келген жана ширелишкен жашоо өрнөгүн көрсөтүштү.

       Жараткандын талабын түшүнүү

     Жараткан Алланын талабын түшүнүү үчүн изденип, аны тактоо жана ошого ылайык өмүр сүрүү – ыймандуу пенденин башкы максаты жана эң жогорку идеалы болууга тийиш. Буга жетүүнүн жолу да Куранга байланыштуу. Алла Таала кандай адам менен кандай коомду каалаарын ыйык кабар аркылуу бизге билдирген жана ошондой Куран жамаатынын  өзгөчөлүктөрүн да Ыйык Китебинде баяндап өткөн. Куранды туура түшүнө алганда гана адам баласынын аң-сезими, ой-түшүнүгү Жараткан Аллага жагып, илим жана изилдөөнүн артынан сая түшүүдө, социалдык жана экономикалык жашоо-турмушта жана башкаларда Алланын ыраазычылыгына төп аракет жасай алышы мүмкүн. Демек, Алланын Курандагы айкын аят-далилдери аркылуу айткысы келгендерине терең үңүлүү жана бул жаатта баш оту менен ойлонуу ыймандуу пенденин  милдети.

     Сахабалар Куранды туура түшүнүп, андагыларды иш жүзүндө так аткарганы үчүн кыяматка чейинки бардык адамдар үчүн үлгүлүү жамаат болуп калышкан. Бирок убакыттын өтүшү менен мусулмандардын жашоосуна сиңген формализм Куранга көрсөткөн мамилесине да таасирин тийгизди. Жашоо-турмушта туу тутулушу керек болгон кереметтүү Куранга көрүнүштө гана сый-урмат көрсөтүлүп, сөздөрүн түшүнбөй окуу менен гана чектелген жана кандайдыр бир кут-береке гана күтүлгөн, же өлгөндөргө окулган, же жакшы ырым күткөн китепке айланган. Бир караганда булардын эч бири деле катачылык эмес. Чындыгында Куран урматтала турган эң улуу ыйык китеп. Аны окуган киши Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) айтканы  боюнча ар бир тамгасы үчүн он сооп алат. Мусулман Курандын кут-берекесине да ишенет. Эгер опол тоолор ордунан жыла турган болсо, Курандын сүрү менен жылаарына да ишенет[1].  Тоолор тытылган кебездей калкып уча турган болсо да, Жер жарылып талкаланса да ошол Курандын сүрү менен талкаланат деп ишенет. Бул анын Куранга карата сый-урматынын жышааны.

     Бирок, эгер Курандын сөздөрүнө болгон сый-урмат аны терең түшүнүүгө тоскоол болуп жатса, анда анык көйгөй ошол. Мусулман пенде Куранды окуп, ага өзгөчө сый-урмат көрсөтүү менен бирге, аны түшүнүүгө жана анын талаптары боюнча өмүр сүрүүгө эч качан кайдыгер карабашы керек. Курандын жиберилишинде ыйык максат бар. Ал кайра-кайра окуп түшүнүш үчүн жана тыкыр изилдениш үчүн түшүрүлгөн. Ооба, Куран бизге Алладан келген ыйык кабар. Бул ыйык кабарды туура түшүнгөн кезде гана ыймандуу инсан Жараткан Эгесине карата туура кулчулук кыла алат, ошондо гана адам сырын да, аалам китебин да туура окуй алат. Анткени Куран аалам китебинин эзелки котормосу, так чечилмеси, ачык далили болуп эсептелет. Ошол эле учурда Куран эбегейсиз зор аалам китеби менен ааламдагы акыйкаттарды бизге айтып берген чечен тил. Мына ошондон улам, анын баяндарын негиз катары алуу жана ааламды ушул өңүттөн окууга аракет кылуу биздин милдетибиз.

     Куранды баркыт куржундарга салып каркыттап сактап, төрүбүздүн эң жарашыктуу бурчтарына илип алып, андан кереметтүү кут-берекелерди үмүт кылышыбыз мүмкүн. Буларга каршы деле эмесмин. Анткени бул Куранга болгон сый-урматтын көрүнүштөрүнөн. Бирок маселе ушуну менен гана чектелбеши керек. Курандын тулкусуна, формасына жана сөздөрүнө сый-урмат көрсөтүү менен гана чектелгенибиз жарабайт. Бул чалагайым сый-урмат болуп саналат. Эң маанилүүсү – Курандын бизге сунган асыл маанилеринен пайдалана билүү, анда камтылган  акыйкаттарды түшүнө билүү. Жадагалса, Куранды түшүнбөй туруп ага сыртынан эле сый-урмат көрсөтүүнүн мааниси да анда катылган баалуулуктарды бекем тутууга жана алар менен камыр-жумур байланышта болууга көз каранды. Куранга сырттан гана сый-урмат көрсөтүү анын маани-мазмунунан ажыраган абалда болсо, бул көп деле нерсени билдирбейт. Албетте, эч нерсени билдирбейт деп айтпайм. Бирок көп деле нерсени билдирбейт.

     Чындыгында, бир кездерде адамдар Куранды түшүнүү менен окуп, анын чоо-жайын жакшы аңдашкан, басаар жолдорун да анын жетекчилигинде басышкан. Куранды чындап баалоо жана урматтоонун жолу да так ошондой. Бирок, барган сайын элдин караңгы катмары көбөйүп, сабатсызданып, ой жүгүртүүсү тайкыланып, аалам акыйкаттарын окуп түшүнүүдөн алыстап отуруп Курандан да алыстай башташты. Куранды урматтоо культура катары гана каралып, мусулмандар формалдуу жагына ооп алышты. Тилекке каршы, бүгүнкү мусулмандар Алла Таала Куран аркылуу бизден эмнени талап кылганын билишпейт. Куранга таянып Кудайдын максаттарын түшүнүүгө аракет кылышпайт, мусулманчылыктын бийик деңгээлин кантип туюнтуш керектиги тууралуу да олуттуу ой жүгүртүшпөйт. Бирок Куран так ушул максатта түшүрүлгөн болчу. Ар бирибиз өз адистигибиз боюнча Куран ааламына кайрадан сүңгүп кирүү менен аны кайра баштан окуп, түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек.

       Куранга чын ыкластан багыт алуу

     Ооба, Куран Алланын бизге жөнөткөн жаркын кабары. Демек, аны дал ушундай кабыл алып, ага өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Куран – ар бир адам үчүн жарыктын, жакшылыктын жана Туура жолдун башаты. Бирок ар ким ага канчалык көңүлүн бурганына жараша жакшылык көрөрүн унутпашы керек. Куранга канчалык маани берсең, канчалык берилсең жана көңүлүңдү ага канчалык бурсаң, андан ошончолук көбүрөөк нерсени түшүнө аласың. Куранды ар жолу окуган сайын сизге жаңы нерселерди үйрөтөт, жан-дүйнөңүзгө да жаңы сезимдер агып кирет. Болбосо, андан кээ бир сөздөрдү саймедиреп окуп сооп алсаңыз да, муну Куранды туура окугандык деп атоого болбойт.

     Куран Алланын сөзү экенин эстен чыгарбай, баарын андан таба алам деген ишеним менен караш керек. Ошентип, толук концентрация менен окуш керек. Ушундай кылсаңыз гана Куран сизге катылган казыналарын ачып, маанилүү чындыктарды алдыңызга жайып берет. Эгерде ошондой чын жүрөктөн көңул буруу болбосо, Кудай сактасын, адам Куран окуп жатып деле сыноого кабылышы мүмкүн. Көбүнчө эки жүздүүлүккө негизделген ой-кыялдар менен жеке көз караштардын оруна түшүп, өзү да байкабай каапырлык түшүнүккө багыт алышы күтүлөт!

     Жараткан Алланын эзелки эбегейсиз илиминен келип чыккан ыйык Сөзүндө эч бир кемчилик же кынтык болушу мүмкүн эмес. Эгерде андагы кай бир нерсе адамга кемчилик сыяктуу көрүнчү болсо, бул ошол кишинин ой-түшүнүгүнүн тайыздыгына жана Куранга толук көңүл бурбаганына байланыштуу. Куранга кудум күнкарамадай багыт алганыңызда гана анын нурларынан, түстөрүнөн жана береке-касиетинен пайдалана аласыз. Кокус ага далыңызды салсаңыз, анда сизге анын касиети жабылып, жогоркулардын баарынан куру каласыз.

     Биз дайыма айтып келген бир нерсе бар − арабчаны жакшы билгендер эмес, Аллага жакын болгондор Куранды түшүнөт. Анткени, ушул убакка чейин көптөгөн окумуштуулар аны окуп чыгышса да, шекчилдик жана туура эмес көз караштарынын айынан Куранды туура кабыл алышкан эмес. Алар күргүштөп аккан дайрага түшкөнү менен, чакаларын толтура албай кете беришкен. Бирок көптөгөн чала сабат кишинин көз алдында анын тамчысы да мухитке айланат. Чыгыш таануучулар көпчүлүк мусулмандарга караганда Куранды көбүрөөк окушканы менен, алар такыр түшүнө алышкан эмес. Анткени алар Куранга сын көз караш менен мамиле кылып, аны демейки пенденин сөзү катары көрүшкөн. Мындайча айтканда, Курандын да каадасы бар (Кудай Өзү кечирсин). Өзүнө чын көңүлдөн мамиле кылбагандарга ал дагы боорун ачпайт. Куран жан дүйнөнү кенен ачып, кунт коюуга жана урматталууга татыктуу. Ушундай кыла алган кишилер анын бир эле тамчысынан мухитти көрө алышат.

       Курандын универсалдуулугу

     Салафус-салихин (Баштапкы мусулмандар) Куранды абдан жакшы “саап”, андан алынуучу нерселердин бардыгын (жеке кишиге, үй-бүлөгө, коомго, бул жашоого жана акыретке байланыштуу нерселердин баарын) алышкан. Эгер пенде Курандан ушул кезге чейинки эле алынган жоболорго ылайык иш кылса жана ишинде ыкластуу болсо, анда Алла кааласа Жараткандын ыраазычылыгына ээ болуп, бейишке кирет. Бирок бул Курандан жаңы өкүмдөрдү алуу мүмкүн эмес дегенди билдирбейт. Тескерисинче, көптөгөн аяттар бизди акыл калчоого, ой жүгүртүүгө, терең ойлонууга жана өткөндөн сабак алууга жетелейт. Алланын аяттары жөнүндө терең ой жүгүртүүгө, анын эбегейсиз кеңдигин ачууга, алардан керектүү сабактарды алууга жана анын рухун дагы бир жолу табууга аракет кылышыбызды сунуштайт.

     Мындан тышкары, жашоо агымында биз дээрлик күн сайын жаңы окуяларга жана көйгөйлөргө туш болобуз. Убакыт жана башынан өткөн окуялар аркылуу Куранды караган киши андан издеген жоопторун таба алат. Анткени, Куран Жараткандын эзелки илиминен келгендиктен, кыяматка чейин боло турган бардык майда жана чоң көйгөйлөрдү чечүү жолдорун көрсөткөн. Куранга чын жүрөктөн көңүл бурганыңызда аларды көрө аласыз. Ошон үчүн мурункулар андан эмнени алышса да, сиздин издегендериңиз андан табылат. Эгер сиз ага толук көңүл бурсаңыз, андан өзүңүздүн үлүшүңүздү да ала аласыз. Бирок менменсинип, ага тиешеңиз жоктой мамиле жасасаңыз, анда ал дагы сизге эшигин жаап алат.

     Алланын Сөзүн урматтоо менен окуган киши ар бир тамгасы үчүн он сооп алат. А эгер ал жөнүндө терең ойлонуп, ар бир аятына терен үңүлүп окуганда, балким, ала турган сообу он миңге чейин жетмек. Мына ушундай пайдалуу да, берекелүү да жол турганда, тек гана окудум деш үчүн, ооз учунан гана окуу менен канааттануу – анык кайдыгерлик. Куранды эптеп эле окуй салуу ниети менен окуган туура эмес. Пенде андан окуган ар бир сөзүнө кулак төшөөгө аракет кылышы керек. Эгер ал араб тилин билбесе, Курандын түшүндүрмөлүү котормосун же тапсирин окуп, аяттардын маанисин түшүнүүгө аракет кылышы керек. Менимче киши окуган аяттардын маанисин жалпы жонунан болсо да түшүнө алса, аларды таптакыр башкача берилүү менен окуйт. Кураны Каримге терең сый урмат менен кайрылып, толук ынтаа коюп, бардык дитиңерди, ой-пикириңерди ага багыттасаңар, Жараткан Алла силерге түшүңөргө да кирбеген зор белектерди ырооломок. 
 
       Куранга татыктуу жаңы  муун

     Эгерде биз Жараткан Алла менен да, айлана-чөйрөбүз менен да туура мамиле түзгүбүз келсе, Куранга татыктуу муун болушубуз керек. Куранга татыктуу муундун өзгөчөлүгү – Жараткан Аллага Ал каалагандай татыктуу пенде болуу жана Алланын талаптарын жер бетинде орнотуу. Башкача айтканда, Куран акыйкаттарын жүзөгө ашыруу жана башкаларга жеткирүү. Алар Куранды өз жашоо-турмушунда толук жанданткан кишилер. Кайсы өңүттөн карасаң да Куран акыйкаттарын даана чагылдырып турушат. Башкаларга кылган мамилесинде, жүрүм-турум, кыймыл-аракеттеринде, ибадатка өзгөчө маани беришинде жана башкасында Курандын жышааны байкалып турат. Алар сени Кудайдын Сөзүнө карай жетелешет. Аларды көргөндө Алланы эстейсиң. Алар бул дүйнөнү, жашоонун ырахатын, шаан-шөкөттү, бийликти эмес, Алланы эске салган жандар.

     Биз Куранды түшүнүүдө жана жашообузда чагылдырууда абдан оор каатчылыкты баштан өткөрдүк. Курандан алыстап кеттик. Бул өз кезегинде баалуулуктарыбыздан жана маданиятыбыздан алыстоого алып келди. Ошондуктан, Жараткандын бул ыйык Сөзүн жан дүйнөлөргө сиңирүүгө, элге жайылтууга кайра баштан аракет кылышыбыз керек. Бул үчүн колубуздан келген бардык аргаларды жасашыбыз керек. Мисалы, Рамазан айы бул үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Рамазан айында Курандын арабчасын кайталоо менен эле, баштан аяк окуп чыгуу менен эле чектелип калбайлы. Мүмкүн болушунча түшүндүрмөлөрү менен ой жүгүртө окуп бүтүрөлү. Ошентип, биз мусулмандарга жөнөтүлгөн ыйык Китептин маани-маңызын түшүнүүгө кол сунушубуз керек. Эгерде ушунтип салыштыра, ой жүгүртө окуу жыл сайын кайталанса, менимче, карапайым кишилердин арасында деле олуттуу Куран маданияты калыптанат. Эл анын кайсы жеринде эмне барын биле башташат. Ошентип, аны жан дүйнөлөрүнүн терең катмарына дейре сиңиргенге өтүшөт.

     Кыскасы, Куран окуганды билбегендерге үйрөтүү, билгендерге аяттардын маани-мазмунун түшүндүрүү, Куран деңгээли жогоруураак кишилерге болсо ал жөнүндө тереңдей талкуулаган сабактарды уюштуруу аркылуу элди ага карай шыктандырып, ага болгон сүйүүсүн ойготууга аракет кылышыбыз керек. Ал тургай Куранды мечитке каттаган кишилерге түшүндүрүү менен гана чектелип калбай, мечиттерге жолобогон, же алыстатылган кишилерге кантип жетүүнүн жолдорун издешибиз керек. Ушул темада телекөрсөтүүлөрдү уюштуруу, конференцияларды өткөрүү, жогорку окуу жайлардын аудиторияларына алып чыгуу, иши кылса, ар кимдин кандайдыр бир жол менен Курандын нурунан пайдаланышына далалат жасашыбыз керек. Курандын алдында эч толкунданбаган кайдыгер мамилени жок кылуу жана аны жасалмалуулук менен формалдуулуктун курмандыгынан куткаруу үчүн жалпы жабыла аракет жасашыбыз керек.

Бул макала Фетхуллах Гүлендин 2021-жылдын 22-августундагы баяндан алынды.  

Которгон: Алмамбет Осмон уулу

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев


[1] Ыйык Куран, Раад сүрөсү, 13/31