СЫР АЯК

     Коом катары, тилекке каршы, илим жана ой-жүгүртүү жаатында абдан артта калыптырбыз. Ошондуктан дайыма өтмүштөгү ийгиликтерди айтып, ошолорду бетибизге кармап, эптеп өзүбүздү алдап турууга муктаж болуп калгандайбыз. Азыркы тапта биз сыймыктанып, аны өрнөк катары көрсөтө алчу нерсебиз жок болгондуктан, кайра-кайра өтмүштүн ары өрнөктүү, ары уламышка айланган дүйнөсүнө баш багып, бизден мурункулардын билим жана маданият айдыңына кошкон салымдарын айтып, жар салып келебиз. Ооба, жар салышыбыз керек! Аларды көрмөксөнгө салып коюу туура эмес. Бирок, Яхйа Кемал айткандай, «тамыры өтмүштө болгон келечек» экенибизди эстен чыгарбайлы. «Өтмүштө ушулар болгон соң, келечекте да неге болбосун!», – деген түшүнүк менен илгерилешибиз керек. Өтмүштүн жаркын күндөрү менен өзүбүздү сооротпой, бүгүнкү күндү туура пайдаланып, келечектин татыктуу ээси болууга тырышалы.

     Муну четке кагуу – өз тамырынан, өз данегинен жана өзөгүнөн баш тартуу менен барабар. Эң негизгиси, бүгүнкү күндү майнаптуу пайдалануу менен өтмүштүн мөмөсүн келечектин уругуна айланта билүү. Тагыраагы, кечээкиге, бүгүнкүгө жана эртеңкиге бирдей көз салып, бирдей кулак түрүп, анан баа беришибиз зарыл. Эгер дайыма эле өтмүштүн мактоого арзыган нерселери менен сыймыктанып, бирок, учурубузду туура пайдаланбай, келечегибизди бекемдеп курбаган болсок, анда өз колубуз менен өзүбүздү байлап отуруп, акыры ошол жипке чырмалып калган болобуз. Андан кийин заманыбыздын көпчүлүк мусулмандары байма-бай айтып жүргөн баатырдык дастандардын аягы үзүлүп, келечекке айтар жарты ооз кебибиз калбай калат.

     Бүгүнкү күнү чечилбей жаткан жык-жыйма көйгөйлөр бар. Элдин аң-сезиминде динге, шариятка байланыштуу күмөндүү ойлор, коркунучтар тынымсыз пайда болууда. Булар болсо өз кезегинде жетиштүү диний билимге ээ болбогон, өз булактары менен толук кандуу азыктанбаган жаш муундун аң-сезимин булгап жатат. Берилген суроолорго, пайда болгон шек-күмөндөргө жооп берүүчү жайда отургандардын өздөрүнүн да ойлору чаржайыт, пикирлери башаламан. Мактоого татыктуу иштер аткарылып жатканы менен, баары бир жетишсиз. Анткени ачылган жаралар, келтирилген зыяндар чынында өтө чоң. Көптөгөн кишилер карманган баалуулуктарынан шектенип, тайсалдап турган чагы. Коомчулуктун түшүнүгү өтө төмөн болгондуктан, талкалоо, кыйратуу да ошончолук оңой болууда.

     Бадиуззаман устат бул көйгөйлөрдү алдын ала сезип, ылайыктуу рецепттерди алдыбызга сунган өтө улуу даанышман эле. Тилекке каршы, биз анын калтырып кеткен баа жеткис эмгектеринин баркын билбедик, баалай да албадык. Бир себеп менен: «Мээңер кабыл албаса да, жүрөгүңөр пайдалана берет», – деп айткан сөзүн туура эмес түшүнүп алдык. Бул сөз канча убактан бери мээбизди ноктолоп, тизгиндеп келди жана биз да анын жетегинде жүрдүк.  Натыйжада бул кайнар булактын кадырына жетип, жеткиликтүү пайдалана албадык. Анын түпкүрүнө сүңгүй алган жокпуз. Ал аркылуу өзүбүз аралаша жашаган доорубуздун дарттарына дабаларды таба албадык.

         Аң-сезимдерибиз менен ой жүгүртүүбүз реформага муктаж. Ой жүгүртүүнүн жаңыча усулун, башкача жолун таап, билим алуунун башкача ыкмасын иштеп чыгып, ушул кезге чейин «билебиз» деп эсептеп келген маселелерди кайра баштан карап чыгышыбыз керек. Даяр эмгектерге шилтеме берип, түшүндүрмө жазып жүрө берүүдөн арылып, көчүрүп жаза берүүгө убакыт коротпой, заманыбызга жараша чечмелөөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү, толуктоорлорду иштеп чыгуу зарыл. Бизди жандантчу, рухубузду ойготчу нерселер дал ушул иштер.

     Ушуга чейин канча жолу угуп жүргөн жана билебиз деп эсептеген маселелердин көмүскө тарабы бизге маалым эмес. Мисалга алсак, Бадиуззаман устат Биринчи Сөзүндө «бисмилланын» акыйкаты тууралуу баяндаганын көпчүлүгүбүз билебиз. Ал тургай айрым саптарын жаттап да алганбыз. Бирок, ал жерде айткысы келген акыйкаттарды канчалык деңгээлде түшүнө алганыбыз, түпкүрүнө канчалык сүңгүп, көмүскө тарабын канчалык аңдай алганыбыз күмөндүү. Эмне деген алтындан баалуу акыйкаттар, тилекке каршы, бышы кулак болуп бүткөндүн (күнүгө уга берип, көрө берип баркы кетүү), күнүмдүк көндүм ишке айлануунун, кайдыгер мамиленин курмандыгы болуп калууда.

     Мен муну жеке эле Бедиуззамандын эмгектери үчүн айтып жаткан жокмун. Имам Газзали, Имам Матуриди, Изз бин Абдуссалам, Имам Раббани сыяктуу башка залкарлардын эмгектерине да тиешелүү. Булардын баарына каланып турган кайдыгерлик пардасын жыртууга жана колдо турган мурасты дагы бир ирет ачып көрүүгө муктаждык чоң. Салафус-салихиндин (баштапкы мусулмандар) пакиза көз караштарын дагы бир жолу сыдыра карап чыгып, аларды бүгүнкү күндүн түшүнүгүнө жараша кайрадан адамзатка сунуу кажет. Ал тургай, Куран кудум жаңы түшкөндөй, сүннөт Пайгамбарыбыздан жаңы угулуп аткандай, аларга дагы бир ирет баа берип, кайрадан түшүнүп, доорубуздун шарттарына жана муктаждыктарына жараша алардан жапжаңы акыйкаттарды сүзүп чыгуу зарыл. Эгер колубузда турган баалуулуктардын эскирбегенин, эскиргендей сезилген нерселерге азыркы доордогу адам баласы канчалык муктаж экенин заманыбызга ылайык ары өзгөчө, ары жаңы усул менен эми бир ирет айгинелегибиз келсе, олуттуу кадамдарга барып, чоң күч сарпташыбыз керек.

     Бул маселелер менен тек гана карапайым калктын деңгээлинде алектенип, ошого курсант болуп отуруп калбай, академиялык деңгээлдеги иштерди жүргүзүшүбүз керек. Ал үчүн академияларды уюштуруп, ал жерде изилдөө жүргүзүүчү топторду түзүшүбүз керек жана алардын ар кайсы тармактарда дасыгуусуна, тереңдөөсүнө шарт түзүшүбүз зарыл. Бул кадрлар эң алгач салафус-салихинден бизге өткөн мурасты тыкыр изилдеп, анын артынан бүгүнкү күндөгү адамзаттын түшүнүгү менен маселелерге баа берүүлөрү кажет.

     Белгилүү болгондой, пайгамбарлык доорунан ушул күнгө чейин Куранды түшүнүү үчүн түрдүү көлөмдөгү миңдеген тафсирлер жазылган. Муфассирлердин (тафсир жазгандар) бирөө да «Менден мурун деле ушунча тафсир жазылыптыр, эми менин жазганымдын эмне кереги бар?» деген эмес. Исламдын алгачкы кылымдарынан бери карай Табари, Рази, Куртуби, Абу Хаййан сымал Куранды жеткиликтүү түшүнгөн, толук көз карашка ээ жана динди мыкты билген аалымдар өтө кеңири жана терең тафсирлерди жазышкан болсо да, алардан кийин келгендер булар менен чектелип калбай, өз мезгилине ылайык жаңы-жаңы изилдөөлөрдү жүргүзүп, башкача чечмелөөлөрдү жана жорумдарды жасашкан.

     Ооба, жогоруда айтылгандай бышы кулак болуп бүттүк, эми азыркы учурда бизди андан куткара турган жаңы окуу ыкмасын иштеп чыгуу зарыл жана абдан маанилүү. Тилекке каршы, жаттаган нерселерибизди эле кайталап келебиз. Диний эмгектерди адаттагыдай гана кабыл алуу менен чектелүүдөбүз. Аларды эптеп окуду аты болуш үчүн гана окуйбуз. Мындай жол менен алыска бара алабайбыз. Ой жүгүртүүбүздү жаңырта турган жаңы окуу стилин иштеп чыгууга мажбурбуз. Эгерде аң-сезимдерибизди, ой жүгүртүүбүздү жандандыра алсак, анда бул биздин адамдык мамилелерибизди өзгөртүп, жашоого болгон көз карашыбызга таасирин тийгизмек жана ибадатыбызга да жандуулук киргизмек. Алланын алдында сый-урмат менен туруунун, бел бүгүүнүн, сажда кылуунун эмне маанини билдирерин түшүнөбүз. Эгер ушундай жаңыланууга барбай, жандануу рухун этибарга албай койсоңор, өлбөс эмгектерди өз колуңар менен өлтүрүп, өз баалуулуктарыңарды эч ким эмес, дал өзүңөр баасызга айландырган болосуңар.

     Ар кайсы жерлерде мектептерди, маданий клубдарды, диалог борборлорун ачып, илимий жана маданий иш-чараларды уюштуруудабыз. Кудай Таала да чын ыкласы, ак ниети үчүн бул иштерге жөлөк-таяк болгондорду ийгиликке жеткирүүдө. Аларды алкоо керек. Бирок, маселе жалгыз эле бул эмес экенин да түшүнүшүбүз керек. Азыркы тапта Куран менен Сүннөттүн эмне айткысы келгенин түшүнүүгө жана түшүндүрүүгө муктажбыз. Исламдын адам баласына жеткирген кабары, мезгилибиздин шарттарына ылайык дагы бир ирет чечмеленүүсү, мурункулардан келген мурастардын доорубуздун көз карашына жараша жаңыдан колго алынып, баа берилиши зарыл болуп турган чак. Мунун оңой-олтоң ишке ашпасын эмитеден моюнга алганыбыз оң. Булар албетте, жигердүү аракеттерди талап кылган иштер.

     Мына ушул темалардын баарына доордун талабына ылайык өзгөчө эмгектерди даярдап чыгуу абдан маанилүү. Бирок буларды жазыш үчүн көп билим алыш керек. Бул болсо чындап окууну, талкууларды, изилдөөлөрдү талап кылат. Маселе тек гана колдо бар булактардан алынган маалыматтардын үстүндө иштеп коюу эмес. Ар түрдүү булактардан алынган маалыматтарды жыйнап, чогултуп коюууну жетиштүү деп эсептөө жалкоонун иши. Жаңыча иликтөөлөргө, анализдерге таянган, ой чабытты кеңейткен, учурдагы көйгөйлөргө чечим суна ала турган сапаттуу эмгектерди жазуу баарынан маанилүү. Бул болсо түрдүү чыгаандарды талап кылат. Рисале-и Нур ары маңызы жагынан, ары сунган усулу жагынан бул маселеде биз үчүн маанилүү бир жол көрсөткүч.

     Ошондуктан, ар кандай топторду жана кеңешмелерди түзүп алып, илимий маселелер боюнча талкууларды, салыштырууларды кылуу менен ой жүгүртүү, талдоо, тактоо жөндөмдөрүбүздү өнүктүрүп, илимий жана ой жүгүртүү тармактарында улам тереңдей беришибиз керек. Мына ошондон кийин ахлусунна вал-жамааттын чыйырына ылайык жаңы тафсирлер, фыкх китептери жана башка илим бутактары боюнча жаңы-жаңы эмгектер жарык көрүп, дагы башка тармактарга байланыштуу эмгектер да жазылышы мүмкүн. Мурункулардан калган баалуулуктарга өтө байбыз. Карт тарыхыбызда эмне деген залкар инсандар жашап, эмне деген өлбөс-өчпөс эмгектер жазылган. Оболу, ошол казынага ээ болуп, ээрге бекем отуралы да, ошол бойдон келечекке карай илгерилейли. Илимий жана акыл-эстик изденүүлөрүбүз Куран менен Сүннөттүн жолуна шайкеш келсин десек, дал ушул даңгыр жолдон ажырабайлы.

Бул макала Мухаммед Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 1-ноябрындагы баянынан алынды.  

Которгон: Тойчубек Сагындыков

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев