СЫР АЯК

     Адамдын бузулушу да, оңолушу да жүрөктөн башталат. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) “Мына ушуну жакшы билип алгыла, денеде бир үзүм эт бар. Ал оңолсо бүт дене оңолот. Ал бузулса дене да бузулат. Ал эт – жүрөк”[1], – деген хадиси менен жүрөктүн кандай маанилүү экенине көңүлдү бурат. Адатта кадимки жүрөктүн согуу ритми, ыргагы жана эсенчилиги бүткүл организмге кандай таасир этсе, “руханий жүрөк” да дал ошондой таасир этет. Жүрөк таза, аман-эсен болсо руханий жашообуз да саламатта, Алла Таала менен байланышыбыз да күчтүү болот. Ошондой эле, жүрөктө башталган кандайдыр бир бузулуу, деформация – руханиятыбызды, адеп-ахлагыбызды дагы бузат. 

     Жүрөктөй бат өзгөргөн жана өзгөчөлөнгөн башка орган жок. Жүрөктүн арап тилинде “калб” деп аталышынын себеби да ушунда. Анткени арап тилиндеги “калб” деген сөздүн уңгусу “ка-ла-ба” этиши – бир нерсени өзгөртүү, айлантуу, аңтаруу, тескери буруу сыяктуу маанилерди туюнтат. Жүрөктүн жакшылыктарга үйрүлүп, же жамандыктарга имерилип турушу дагы абдан оңой. Ошол себептен Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) эң көп кылган дубаларынын бирөөсү мындай:
“Оо, жүрөктөрдү каалагандай калчап турган Аллахым! Жүрөгүбүздү диниңе туруктуу кыла гөр!”[2] 

Арийне Кураны Каримде мобундай бир дуба дагы таалим кылынган:
“Оо, Эгебиз, бизди туура жолго салгандан кийин жүрөгүбүздү адаштырба. Бизди Өзүңдүн Ырайымыңа бөлөй гөр”[3].

     Мына ушундай өзгөрүп туруучу жүрөктүн динде, ыйманда, акыйкатта туруктуу болуусун, ибадаттарга берилүүсүн тилек кылуу чындыгында өтө маанилүү.

     Фарси тилиндеги “дил” деген сөздүн бир мааниси жүрөктү билдирет. Тектеш түрк тилдеринин адабиятында да ушундай мааниде кеңири колдонулат. Маселен, “Дил бейт-и Худаадыр, ааны паак эйле сиваадан” (Жүрөк бул Алланын үйү, көз ачып жумганча да таза кыл башка нерселерден) деген бейттеги “дил” деген сөз жүрөк маанисинде колдонулган. Негизи кишинин оозунан чыккан сөздөр жүрөктөгү купуя маанилердин сыртка чагылышы болуп саналат. Тилдин милдети – жүрөккө ортомчу болуу. Ошондуктан кишинин сүйлөгөн сөзүнөн анын жүрөгүн байкасаңар болот. Сөздүн назиктиги жүрөктүн тазалыгын көрсөткөн сымал, одоно, орой айтылган сөз дагы жүрөктүн бузулганынан кабар берет. Андан сырткары, жүрөктө башталган бузулуу акыл-эске да таасир этерин, аң-сезимди, түшүнүктү да өзгөртөрүн айтууга болот. Жүрөгү карарган, же өлгөн кишилердин аң-сезими да жийиркеничтүү. Мындай кишилерде логика деген такыр болбойт, акыл калчап таразалай албайт.

     Алла Тааланын бизге жасаган мамилеси да жүрөктүн Алла менен болгон байланышына жана тереңдигине жараша. Ошондуктан, эгер кандайдыр бир балээге кабылчу болсок, иштерибиз туңгуюкка кептелип, кимдир бирөөлөр мойнубузга минип алса, кыскасы кандайдыр бир нерселер терс жагына өзгөрүп жатса, анда эң биринчи Алла Таала менен кандай мамиледе болуп жатканыбызды караганыбыз жакшы. Көз алдыбызда пайда болгон жакшылыктарды напсибиздин кызыкчылыгына оодарып салбадык бекен? Бизге жүктөлгөн милдетти толук аткара алдыкпы? Ыкласыбызды, ак ниетибизди сактай алдыкпы? Жараткан Эгебизге көрсөтүлчү бекемдикке, берилүүгө, туруктуулукка кандайдыр бир кемчилик кетирип алган жокпузбу? Кудайдын үйү саналган жүрөгүбүздү дүнүйөлүк нерселер каптап калбады бекен?
Алла Таала ушул күнгө чейин татыктуу болбосок дагы, баа-баркыбыздан ашып түшкөн жакшылыктарды тартуулады. Эгер алардын андан ары уланышын кааласак, Алла Таала менен жүрөктөгү байланышыбыз күчтүү болушу керек.

       Өзүңөргө ишенесиңерби?

     Мына буга ишенип коёлу, Алла Таала өзүнүн достугуна арзыгандарды эч качан зыянга учураткан эмес. Баарыбызга маалым болгондой, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) меккелик мушриктер катуу кордук көрсөткөн күнү жанында ыйлап турган азирети Фатимага (радиаллаху анха): “Ыйлаба кызым, Алла Таала атаңды жок кылбайт”[4], – деген. Анткени Пайгамбарыбыз өзүнө, өзүнүн бекемдигине, туруктуулугуна бекем ишенген. Ар бир кадамын туура таштаарына ишенген. Жан чыдагыс кыйынчылыкка карабай аткарган пайгамбарлык милдетинен бул дүйнөдө эч кандай кайтарым күткөн эмес. 

     Мына, маанилүү болгон нерсе ушул. Эгер силер дагы дилиңердин тазалыгына, берилгендигиңерге бекем ишенген болсоңор, анда эч кабатыр болбогула. Бирок көздөгөн максатыңарга жеке каалооңорду, кызыкчылыгыңарды, жеке тилек-максаттарыңарды аралаштырып алган болсоңор, кылган кызматыңарды өзүңөрдү көрсөтүү үчүн, алдыга чыгаруу үчүн кандайдыр бир тепкичке айланткан болсоңор, макам, мансап, үлүш, алкыш, жагынуу, көрүнүү сыяктуу ойлоруңар аралашкан болсо, анда кабатырлана турган абал мына ушул. Бир нерсени унутпагыла − пайгамбар жолунда жасалган иштерге кенедей да кирди аралаштырууга болбойт. Бир тамчы кир да аны булгаганга жетиштүү. 

     Өзүн Кудай жолуна, динине, элине кызмат кылууга арнаган кишилер өздөрүнүн туулган жерин эле эмес, бүткүл дүйнөнү сактап калуу үчүн жан үрөп жүргөн болсо да жеке кызыкчылыктарды көздөбөсүн, жүрөктөрүн мындай нерселер менен кирдетпесин. Элине, динине кызмат кылууга баш байлагандар жана андан эч бир кайтарым күтпөгөндөр мындай баалуулуктарын бул дүйнөгө тиешелүү майда-барат нерселерге алмаштырып жибербесин. Кадыр-баркына көлөкө түшүрө турган, же өйдө-төмөн сөздөрдүн айтылышына себеп болгон кадамдарга барбасын. Кызмат үчүн аттанган соң, өз пайдасын аралаштырбасын, кылган-эткен жакшы иштерин утурумдук пайдага байлап албасын.  

     Адамзатка кызмат кылуу кандай жүзөгө ашарын пайгамбарлар көрсөтүп кеткен. Пайгамбарлардын жолдору менен алардын татыктуу өкүлдөрү болгон чынчыл инсандардын усулу алдыбызда турат. Алардан башка жолдор “адашуу” деп аталат. Пайгамбарлар баштаган даңгыр жолдон чыгып кеткен киши жүз түрдүү тескери жолго түшүп кетиши мүмкүн. Анан калса бул адашуу пендени кайсы бир жерлерде кубантканы менен, акыр-аягында тоодой балээлелерге туш кылып, бир күнү ушундай ыйлатат дейсиң, “Мындайга кабылгандан көрө, мурда эле өлүп жок болсом эмне!” – деп зар какшайт. Аттигиң ай, деги эле ушул куурагыр дүйнөнүн бул жашоого гана таандык болгон жүзүн таптакыр унута алсак кана! Аны унута албагандар өздөрүн да азапка салып, эли-журтун да сыздатышты бейм… 

     Бул жашоого таандык нерселер – утурумдук, убактылуу. Туруктуу болгону ыйман менен жакшы амалдар гана. Аятта айтылгандай, акыретте инсанга пайда бере турган жападан жалгыз нерсе бул – калб-и салим, башкача айтканда, жүрөктүн саламаттыгы. Пенде жасаган иштеринин кайтарымын бул дүйнөдө көрүүнү самабашы керек. Кокус аны көрсөм ак ниетим, ыкласым солгундай түшпөсүн деп кооптонушу абзел. Ал бардык эсеп-кысабын Аллага байланыштырып алып кетүүсү керек. Аятта: “Алла Таала пендесине жетиштүү эмеспи?”[5] – деп айтылган. Ооба, Алла бизге жетиштүү. Андай болсо эмнеге башка нерселерге көз салабыз? Албетте, бул жашоого тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү колдонбош керек деген нерсе эмес. Бирок бул жашоого тиешелүү кандай нерсе менен алек болсок да, ниетибизди сыдырып карап, дайыма Алланын ыраазычылыгын көздөшүбүз керек. Алла ыраазы болбогон иштерди жасоодон Кудай сактасын. Бир нерсени жадыбыздан чыгарбайлы, эгер бир күнү жүрүп турган ишиңер зыянга учураса, же токтоп калса, анда ал Алла ыраазы болбогон нерселерге аралашканыңар үчүн токтогон болот.

       Башкаларды жашатуу мүдөөсү 

     Биздин мүдөөбүз − башкаларды жашатуу үчүн жеке жашоодон баш тартуу мүдөөсү. Эгер Алла Таала бир коомго кайрадан кулпуруп өсүү мүмкүнчүлүгүн берип, кайрадан жанданууну насип кыла турган болсо, анда бизди ошолор өнүп чыкчу талаага жер семирткич кылсын. Башкалар үчүн өзүңдү толук арноо – өзүңдөн баш тартууга байланыштуу. Кандайдыр бир кызыкчылыктары бар, жеке пайдаларын көздөгөн, дүнүйөнүн артынан сая түшкөн кишилердин адамзатка чын дилден кызмат кылары эч бир ойго келбейт. Өзүн Алла жолуна арнаган азаматтар кайсыл ишке киришсе киришсин, жасаган иштерин бул жашоодо ала турган акыга негиздебеши керек. Алар кудум ийне сымал, өздөрү жылаңач турса да башкалардын жыртыгын тигүүгө аракет кылсын. Же шам сымал өздөрү ээрип түгөнүп баратса да айланасына жарык чачкан нур булагы болууга тырышсын.

     Аркы дүйнөнүн жыргалчылыгына жетүү бул дүйнөдө материалдык, напсилик нерселерге кол шилтөөгө байланыштуу экенин жакшы билели. Бул дүйнөдө биз колдонгон нематтар, ырахаттар, лаззаттар – мындай караганда аркы дүйнөдө силерге бериле турган нематтардын түгөнүшү дегендик. Бул Кураны Каримдин төмөнкү аятында айтылат:
“Силер дүйнөдөгү жашооңордо жакшы нерселериңерди түгөттүңөр, андан пайдаландыңар”[6].

     Алла Таала кээ бирөөлөрдүн ырыскысын кенен кылышы мүмкүн, аларга ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулашы мүмкүн. Бирок мындай учурда да жашоо стандартын өзгөртпөй, бул дүйнөдө утурумдук конок экенин эсинен чыгарбай, бардык нерсени бул жерде түгөтүп албашы керек. Улуу инсандар өздөрүнүн улуулугуна жараша буга көңүл буруп, өтө жөнөкөй, токпейил жашоо өткөрүшкөн. Буга мисал издесеңер, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жашоосун карагыла. Ал пайгамбарлыктан мурун да, пайгамбарлык милдетин аткарууга кадам таштаган мезгилде да, олчойгон олжолор алдына жыйылган кезде да карманган жолун өзгөрткөн эмес. Андан кийинки татыктуу өкүлдөрүнүн жүрүм-туруму дагы ушундай болгон.

     Мына ошолор токпейилдиктин өрнөктүү инсандары болуп, ушунчалык ишенимдүү чөйрөнү түзө алышкан жана эл ишенимине киришкен. Пайгамбар жолун карманбагандар, сахабалардай жашабагандар алардын ишин улантышы мүмкүн эмес. Булар бул жалганда же акыретте сөзсүз мунун акыбетин көрүшөт. 

     Ооба, биздин кесибибиз сахабалардын кесиби. Биз өрнөк ала турган кишилер да сахабалар болушу керек. Башкалар бизди кызыктырбайт. Ар ким өзүнүн ой-пикиринин, жашоосунун эсебин Аллага өзү берет. Биз өзүбүздү карайлы. Бул дүйнө бардык кооздуктарын адамзаттын алдына жайып, бир кочуш жем менен топ канаттууну торго түшүргөн аңчыдай өзүнө арбалгандарды торуна түшүрүп жаткан мезгилде, Алланын улуу жолуна өзүн арнагандар чечкиндүү, туруктуу болушу керек. Алар мүмкүнчүлүктөр абдан аз учурларда кандай жашаган болсо, мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги кеңири ачылган мезгилде да ошол жүрүм-турумдарын сактап калуулары абзел.  

     Мына ушундай рухту, маани-маңызды аркадан келген урпактар да толук түшүнүшөт деп тилейм. Бул жалган дүйнө алардын башын айлантпас, көз караштарын өзгөртпөс. Мал-мүлктүн кулу болуп калышпас. Өздөрүн бул дүйнөнүн мүлкүнө айрыбаштап берип коюшпас. Арттан келген урпактар наалат айтылчу иштерди кылышпас. Тескерисинче, өздөрүнүн өрнөктүү жашоолору, жакшы иштери үчүн кийинки муун жакшы сөздөр менен эскерээр. Адамзатка кызмат кылууга өзүн арнагандар үчүн өлбөс-өчпөс эмгектерди калтыруунун жолу – пайгамбар жолунан адашпай сапар тартууда турат. Болбосо Харун болуп жолго чыгып, бара-бара Карунга айланып кеткендер бир күнү тоо-тоо болгон казыналары менен кошо жер менен жексен болушат да, артынан наалат айтылып эскерилет. 

       Бир жүрөктө эки сүйүү болбойт!

     Тайгак жолдо абайлап кадам шилтебесе, такыр жыгылбайм дегендер да оңкосунан түшүшү мүмкүн. Ошондуктан, баары жабалактап дүнүйөнүн артынан чуркаган, өмүрүн жыргап-куунап өткөрүүнү каалаган, болгон мүмкүнчүлүгүн жеке пайдасына колдонгондордун доорунда өтө сергек, өтө этият, сак жашаганга мажбурбуз. Баары жолдон адашып, баары бир нерсе алып калууга жутунган, баары топурап байлык-бийлик үчүн чуркаган жашоодо абайлап, аркы-беркини карап жашабасаңар, силер да мындай терс түшүнүктөрдүн зыяндуу таасиринде калышыңар мүмкүн. Мындан да жаманы − алардын жашоосу кадыресе көрүнүп, силер да алардай болууну туура деп эсептеп калышыңар мүмкүн. Мына биз үчүн чоң балээ ушул. Акыретте баары өзүнүн амалы, жүрүм-туруму жана ой-пикирлери менен жалгыз калып, ошого жараша мамиле көрөрүн жакшы билели. 

     Ооба, дээрлик күн сайын ар кандай айла-амалдар алдыңардан чыгат, болбогон нерселер силерге кооз көрүнөт, башыңарды айлантат. Силер үчүн анын артынан азгырылган напсини жеңүү оңой болбойт. Ар жолкусунда анын кылык-жоругунан арылуу үчүн ар башка жолдорду ойлоп табышыңар керек. Ошондуктан улуу олуялар да дайыма жамандыкка азгырган напсини жек көрүп келишкен. Анткени ал адамга кол салуу үчүн, ар кандай күмөн ойлорго салуу үчүн колдонгон шайтандын механизми. Шайтан ошол механизмди иштетүү менен пендеге таасир этет. Шайтан менен напси чогуу уюштурган бул таасирди жок кылуу үчүн пенденин күн сайын күрөшүүсү жана напсин тазалоого аракет кылуусу зарыл. 

     Алла Таала үчүн жасалган иштердин арасына башка эч бир нерсени аралаштырбаш керек. Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн жасалып жаткан бардык иштерибизди абийирибиздин адашпас, алдабас таразасына тарткандан кийин жана өтө олуттуу элегинен өткөргөн соң Аллага суналы. Напсиге тиешелүү кандайдыр бир жамандыктарды ишибизге аралаштырып, ибадатыбызды кирдетүүгө мүмкүнчүлүк бербейли. Алланын ыраазычылыгына туура келбеген кандай нерсе болбосун кайра турбагандай кылып нары тоголотолу. Кураны Каримде айтылгандай, туура жолдо сапар тартып, туура жолдо туруктуу болууга аракет кылалы. Болбосо жамандыкка азгырган напсинин караңгы жолуна түшүп алсак, анда абдан көп жол кырсыгына туш болобуз. Кайра оңолушубуз да кыйын болот. Андан кийин канча аракет кылбайлы кичинекей жаракаларды да бүтөй албай калышыбыз мүмкүн. Эң жакшысы – тээ башынан эле бул маселеде так, туура чечимге келип алган оң. 

     Эгер биз бул жаатта болушунча аракет кылып, болгон күчүбүздү көрсөткөндөн кийин да, болбой эле ишибизге бизге тиешелүү кандайдыр бир нерселер аралаша турган болсо, Жараткан Эгебиз аларды биздин алсыздыгыбыздан улам кечирип жиберер деп үмүт кылабыз. Бирок, кайдыгер, кош көңүл, шалаакы мамиле кылып коюп, кайра бардык нерсени эң сонун жасап жаткандай жүрүп алгандар үчүн минтип жакшы тилек кылуу да кыйын.  

     Бул дүйнө менен акыретти бирдей алып жүрүү өтө кыйын. Жалпак тил менен айтканда, эки дарбызды бир колтукка кысып кете албайсың. Бир жүрөктө эки сүйүү болбойт. Бул маселеде пенде өзүн-өзү алдашы мүмкүн. Диниме кызмат кылып жүрөм, элиме, жалпы адамзатка пайдалуу иштерди жасап жатам деген ой менен өзүн бийик көрүп алышы мүмкүн. Өзүнүн каприздерин, бир нерсе күтүү сезимин ишке аралаштырып алышы да мүмкүн. Бир нерсе күтүү кишинин жан дүйнөсүнө кирип алган мите сыяктуу. Эртели-кеч аны жеп бүтүрөт. Мусулманды душмандардын душмандыгы эмес, мына ушул күтүү сезими жок кылат. Бул жашоодо бир нерсе алып калуу, бир нерсеге жетип калуу сыяктуу күтүү, үмүт кылуу сезими кишинин колу-бутун тушайт. Пенде Алла Таала берген эркиндигинен өз колу менен ажырап, өзүн туткунга айлантат. Ошондуктан, (Кудай сактасын) ийгилик жолунда баратып жоготууга учурашы мүмкүн.

     Ушундан улам жашоонун ар кайсы катмарында күн-түн дебей кызмат кылып жүргөн бир туугандарыбызды руханий жактан дайыма азыктандыруу зарыл. Аларды өздөрүнүн баалуулуктарынан, башкы мүдөөлөрүнөн алыстап кетүүлөрүнө, кызыкчылыктарынын туткунунда калууларына, жүрөктөрүн, ой-пикирлерин башка нерселер ээлеп алуусуна жол бербейли. Бул дүйнөгө түркүк болчудай узак жашоо арзуусу, тойгонду билбеген ач көздүк жана башка Хужумат-ы Ситтеде айтылган-айтылбаган арзуулар аларды туткундап алышына мүмкүнчүлүк берилбесин. Жок дегенде аптанын бир күнүндө булакка алып барып, мөлтүр кашка суудан бөксөсүн толтуруп турууларына шарт түзөлү.

Мухаммед Фетхулла Гүлен

Которгон: Сейитбек Идирисов

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев


[1] Бухари, Иман 39; Муслим, Мусакат 107

[2]  Тирмизи, Кадар 7; Ибн Мажа, Дуа 2

[3] Аали Имран, 3/8.

[4] Хаким, ал-Мустадрак, 3/169

[5] Зумар, 39/36

[6] Ахкаф, 46/20.