Орусиянын президенти Владимир Путиндин ок атышууларды 1,5 күнгө токтото туруу жөнүндөгү “демилгеси”украин бийлиги арамзалык жана эки жүздүүлүк катары баалады

2023-жылы 6-январда күндүз саат 12:00ден тартып ок атышууну бир тараптуу токтотуу демилгеси 8-январдын түн ортосунун алгачкы мүнөттөрүндөгү ажал чачкан айыгышкан салгылашуулардын жаңы сереси үчүн убактылуу гана тыныгуу болуп жатса, анда мындай арамзалыктын канчалык мааниси болмок эле?

Ал арада орусиялык айрым аскер бөлүктөрү жана курал-жарактары Беларустун аймагына шашылыш көчүрүлүп жаткандыгы тууралуу даректүү маалымат да интернетте таркатылды.

Демек, “тынчтыкты сүйгөн киши” делген Путин эми өзүнүн адилетсиз, баскынчыл согушуна коңшу Беларусту (диктатор Лукашенконун режиминин чеңгелиндеги өлкөнүн) аймагын киргизүүгө далаалат кылууда.

Киевдин болочоктогу тынчтык келишимине жетишүү үчүн мыйзам ченемдүү талабы ушул: путинчилер Украинанын чыгышын (анын ичинде Крымды) 1991-жылдагы саясий картага ылайык биротоло таштап чыгып кетиши керек жана согуштагы келтирилген зыян үчүн эгемен Украина мамлекетине кенемте (жүздөгөн миллиард доллар) төлөп берүүгө милдеттүү.

Албетте, кыйраган үй кайра тургузулат, бирок согушчан диктатордун каалоосун аткаруу үчүн бөөдө жерден кырылган кишилер тирилбейт…

Кыргызстан жана башка Борбордук Азия мамлекеттери Кремлдин кожоюнунан бул баскынчыл согушту токтотууну талап кылышы керек.

Орусиялык карапайым калктын адилет өкүлдөрү да расмий Кремлден эл үчүн эмес, жалгыз диктатордун өзү үчүн гана пайдалуу болгон ушул жексур согушту дароо токтотууну талап кылышууда.

Путин баскынчыл, жексур согушту 1,5 күнгө эмес, биротоло токтотууга тийиш!

Тынчтыкбек Чоротегин