Коомдук көйгөйлөргө чара табуу оңой-олтоң иш эмес. Туура чечим табылбаса, бир катаны оңдоого аракет кылып жатып, оңдолбос чоң каталарга себеп болуп, олуттуу көйгөйлөр менен күрөшүүгө мажбур болосуңар. Килемдин үстүнө төгүлгөн такты чыгаруунун да өзүнчө усулу бар. Эгерде аны кандай тазалоону билбесеңер, тазалоо аракетиңер менен такты ого бетер жайып саласыңар. Коомдогу көйгөйлөрдүн чечилиши да ушуга окшойт. Коомдогу ооруларды дарылоо аракеттери, оңолгус көйгөйлөргө себеп болуп калышы мүмкүн. Жөнөкөй бир такты өчүрүүнүн да өзүнчө усулу бар болсо, бузулган коомду кайрадан калыбына келтирүүнүн, нугуна салуунун жана кайрадан мурдагы темпинде жүрүшүнө шарт түзүүнүн да өзүнө жараша жолу бар. 

Ыкылас жана өз ишине берилүү, көптөгөн каталарды туура нукка салчу өтө маанилүү бир баалуулук. Ошондой эле, эрк жана чечкиндүүлүк да ийгиликке баштаган жолдун негизги себептери. Муну менен бирге, аткарыла турган иштерге тиешелүү чечимдер маалымат жана шарият түп нускалары менен текшерилбесе, акыл элегинен өткөрүлбөсө, көрөгөчтүк жана парасат менен анализденбесе, адамды чоң каталарга түртөт. Туура жана жакшы иштерди жасайм деп жолго түшкөн канчалаган киши, бул жагдайларга талаптагыдай көңүл бурбагандыктан, мүдүрүлүп төбөсү менен жер саят. Жадагалса, кээде андай абалда экенин байкабай кала беришет. 

Мындай каталар, адамдын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосунда, мисалы, үй-бүлө саясатында же бала тарбиялоодо болгондой эле, коомдук, саясий жана экономикалык жашоодо, б.а. да кеңири тарашы ыктымал. Социалдык өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр белгилүү бир эрежелерге ылайык жөнгө салынбаса, чоң кемчиликтерге себеп болушу мүмкүн. 
Мисалы, коомдун өнүгүшү жана алга жылышы үчүн “башынан аягына чейин” чыгаруу максатында кеңири реформа кылууга бел байлайсыз. Бирок, бул жерде эске ала турган өтө маанилүү негиздер бар. Коом мындай “толук” өзгөрүүгө даярбы? Жарандар өздөрүнө сунушталган же зордолгон өзгөрүүлөрдү кабыл ала турган абалдабы? Шарттар буга ылайыкпы жана ушул заманга ылайыкпы? Бул ишке күчүңөр жетеби? Киргизүүнү көздөгөн өзгөрүүлөргө жалпы адамдык баалуулуктар тарабынан көз салып көрдүңүздөрбү? Булардын баарын эске албай жолго чыксаңар ката кетиришиңер мүмкүн. Адамзатка кызмат кылуу максатында жолго чыкканыңар менен, тескерисинче, натыйжада анын башына жаңы балээлерди алып келесиңер. Бул жерде ыкыласыңар да, диний даражаңар да жалгыз өзү керкке жарабай калат. Эгерде бүтүндөй бул жагдайларды эсепке албастан, ойду-келди кете берсеңер, курам деп жатып чоң кыйроолорго себеп болосуңар.

Туура баалуулуктар жерилип калбасын

Биз, Алла Тааланын, пайгамбарлары аркылуу адамзатка билдирген акыйкаттарын аларга муктаж көңүлдөргө жеткирүү үчүн жолго чыккан болушубуз мүмкүн. Бирок, туура усул таба албасак, ниетибиздин тазалыгы максатыбызды жүзөгө ашырууга жетиштүү болбой калышы мүмкүн. Бир нерсе айтуудан мурда, маектешибиздин, айтылган акыйкаттарды кабыл алууга даяр же даяр эмес экендигине карап, айтылгандарды кандай кабыл ала тургандыгын эске алышыбыз керек. Антпесе, каш тартам деп жатып, көзүн чыгарып алабыз да, кишилерде биз ишенген баалуулуктарга карата иренжүү пайда болуп калышы мүмкүн. 

Биз кайрылып жаткан элдин эле гана абалы эмес, көйгөйлөрдү дарылоо ниетиндеги биздин абалыбыз да маанилүү. Өзүбүз көздөгөн долбоорлорду жүзөгө ашыра ала турган илим, эрк, тажрыйба жана күчкө ээ болушубуз шарт. Жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болбостон, жакшы план түзбөстөн жана себептерге көңүл бурбастан жолго шашылып чыксак, көздөгөн максаттан тескери натыйжа алашыбыз мүмкүн. Азирети Бедиуззаман сугалактык жоготууга себеп болорун айтат. Бул, бир гана дүйнөлүк пайдаларга тиешелүү эмес, руханий жана акыреттик иштерге карата суктук да жоготууга себеп болушу мүмкүн.

Мисалы силер, туура жолго баштоо жана акыйкатты жеткирүү, таалим-тарбия, сүйүү жана толеранттуулук үчүн жакшы ой-максаттарга ээ болушуңар жана ал ойлоруңарды жүзөгө ашыруу үчүн дүйнөнү кыдырышыңар мүмкүн. Эгерде максатыңарга ыкылас, берилгендик жана кызыгууңарга гана ишенип алып жетүүгө аракет кылсаңар, ага жетпей калышыңар мүмкүн. Анын ордуна, шашпастан, этияттап, себептерге кош көңүл болбой илгерилеш керек. 

Бир хадисте мындай деп айтылат: الأَنَاةُ مِنَ اللَّهِ وَالعَجَلَةُ مِنَ الشَّيْطَانِ “Этияттык менен аракет кылуу Алладан, шашкалактык шайттандан” (Тирмизи, Бирр 66) Эл арасында да “Шашкан шайтандын иши” деген белгилүү сөз бар. Анткени, жети өлчөп бир кеспестен шашкалактаган киши көп ката кетиртет. 

Ката кетирбеш үчүн этияттап, шашпоо керек. Бир акыйкатты айткыңар келсе, акырын көндүрүп айтышыңар керек. Эгерде адамзат силер суна турган акыйкаттарды болгонун болгондой кабыл алууга даяр эмес болсо, аны сиңире ала тургандай формага салышыңар зарыл. Айтыла турган сөздү алардын түшүнүү деңгээлин эске алып айтышыңар керек. 

Акыйкаттарды туура жеткирүүнүн жолу

Эгерде сунган план жана долбоорлоруңардын ийгиликке жетишин кааласаңар, көп жагдайды бир учурда эске алып, бирге талдоого тийишсиңер. Оболу өзүңөрдүн деңгээлиңерди, билимиңерди, күчүңөрдү, ышкыңарды, ыкыласыңарды бир сыдырып өтүп, экинчиден маектештериңердин абалын түшүнүүгө аракет кылып, үчүнчүдөн, жашаган чөйрөңөрдү, замандын шарттарын эске алып жана аягында кастык кылчуу топтордун чабуулун да эсепке алуу керек. 

Ошондуктан, өзүңөргө төмөнкүдөй соболдорду таштабастан жолго чыкпагыла: “Биз сунган нерселерди коомчулук кабыл алабы? Бул иштердин жыйынтыгы коомго кандай таасир этет? Биз жашап жаткан коом жана дүйнөнүн көз карашы кылына турган иштерге канчалык даяр? Максатыбыз жана идеалдарыбызга күч-кубатыбыз туура келеби? Жетишибиз ыктымал болгон ийгиликтерге жараша Жараткан Аллага мактоо, даңаза жана шүгүр келтире алабызбы?

Акыркы суроонун ичинен бул суроолор да чыгат: “Олуттуу ийгиликке себеп боло турган кишилер, жеткен ийгиликтерине мактанып, менменсип кетпей тургандай деңгээлдеби? Анткени, кандай өзгөрүү жана жетишкендиктерге себеп болсо да, эгерде муну кылган кишилер жыйынтыгында мактаныч, менменсинүү сезимине алдырып, өзгөрүүгө учурай турган болсо, андай ийгиликтин эч кереги жок. Биз, жасалган жакшы иштер менен менменсинип, Алладан жана Анын элчисинен алыстай турган болсок, диндеги ордубузду жоготсок, ишти жасабай эле коёлу. Келечекти жаңыдан кура турган ар бир киши Алладан айрылбоону көздөшү керек. 

Ооба, ыкыластуулук жана берилгендик, дурустук өтө маанилүү баалуулуктар болгондой эле, өз напсибиз менен бетме-бет келип, өзүбүздү таанышыбыз, чыныгы момундук сапатка ээ болушубуз, коом тууралуу кеңири маалымат алышыбыз, дүйнөнү таанышыбыз, алдыбыздан чыгышы ыктымал болгон душмандардан кабардар болушубуз да долбоорлорубуздун ийгиликке жетиши үчүн өтө маанилүү. Булардын баарын бир убакта ойлошубуз керек. 

Кээде Алла Таала күтүлбөгөн кошумча белектерин сунушу мүмкүн. Толгон-токой кемчиликтериңерге карабастан, силерди биринчи баскычтан түз эле онунчу баскычка чыгарып коёт. Шарттарды жасай турган иштерибизге ыңгайлаштырат. Жүрөктөрдү силерге бурат. Кымындай аракетибизге өтө чоң ийгиликтерди насип кылат. Ооба, булардын баары – Алланын мээрими катары жүзөгө ашышы мүмкүн. Бирок биз план жана долбоорлорубузду мындай күтүүсүз тартууларга негиздей албайбыз. Анткени, себептер дүйнөсүндө жашап жатабыз. Мына ошондуктан себептер менен эсептешүүгө милдеттүүбүз. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам), Алла аны коргоону убада кылганына карабастан, жетекчиликтин талабы катары Ухуд салгылашуусуна баратканда тулгасын менен эки кабат соот кийимин кийген. 

Эч бир гумандуу ой, биздин дүйнөбүздө адамзатка жана адамдык баалуулуктарга маани бергенчелик улуу даражага жете албайт. Эч бир феминисттик ой, аялзатына биздин системабызчалык баа бере албайт жана бул түшүнүктү жогору коё албайт. Учурда дүйнөдө адамдык баалуулук катары эмне бар болсо, биз булардан да бийигин кыялданабыз. Ким экендигине карабастан бүтүндөй адамзатка сүйүү тартуулайбыз. Эч кимге кордук көрсөтпөө, адилеттүү болуу биздин маданий баалуулуктарыбыздын негиздери. Биз, адамзаттын да бул баалуулуктарды таанып-билишин каалайбыз. Албетте, элдин баары эле биздей ойлой бербейт, бизге окшобойт. Жашоо чындыгы ушундай. Эч кимди өзүбүзгө окшотууга зордобойбуз, бирок жок эле дегенде өзүбүздү туура таанытып, дүйнө жүзүндө тынчтык жана сүйүү атмосферасынын пайда болушуна салым кошобуз. 

Эң негизгиси, муну ар кандай таңуулоодон, шовинизмден алыс болуп, элдин тынчын албастан, туура жол жана усулдар менен жүзөгө ашыруу. Бул болсо мүмкүн болушунча кылдат кадам таштоону талап кылат. 

Мындай ишти жүзөгө ашыруу үчүн кеңешүү өтө маанилүү. Анткени, бул жеке кишинин колунан келбейт. Эч кимди таарынычка жана көралбастыкка түртпөстөн кантип жүзөгө ашыруунун жолун издеш керек. Эл терең ой жүгүртүп, акыл калчап, дүйнө жүзүнүн жашоого ыңгайлуу абалга келиши үчүн ылайыктуу жол жана себептерди издеп, буш ишке жапа тырмак кирүүгө тийиш. Сүйүү менен адамзатка кучак жайып, бул дүйнөнүн урушуп-талашчу жай эмес экендигин көрсөтүш керек. Ой-сезимдерин жөнгө салып, системалуу иш жүргүзүп, мунун айланасында стратегия түзүп, ар дайым жаңы жолдорду таап, сезим жана үмүттөр менен бирге ой жүгүртүүгө да кайдыгер карабай, бардык кадамдарды ошого жараша таштоо зарыл.  

Акыйкатты бек тутуу

Акырында дагы бир жагдайга көңүлүңүздөрдү бурмакчымын. Эгерде кылган иштериңер акылга, чындыкка, шарттарга жана, эң негизгиси, дин эрежелерине ылайык болгонуна ишенсеңер, аны бекем тутунгула. Негизги принциптерди жана диндин өзгөргүс эрежелерин сактап, жолубуз менен багытыбызды белгилеп алган болсок, кайсалактап андан артка кайтпашыбыз керек. Моюнга алган жоопкерчиликти өзгөрбөстөн алга жылдырууга тийишпиз. Ар бир ийгиликсиздикке же түрдүү балээ жана сыноолорго дуушар болсок “Бул болбой калды, башка нерсе кылып көрөлү” дебейли. Булардын Алла тарабынан келгендигин унутпайлы. Биз өз милдетибизди аткарып, натыйжаны Аллага таштайлы. Негизги принциптерге ылайык пландалган иштерди “болбоду” деп, ар түрдүү жолго кире берсек, максатыбызга жете албайбыз. 

Форматын өзгөртүү, майда маселелерде заманга ылайык өзгөртүү киргизүү жогоруда айтылгандардан сырткаркы нерселер. Ошондой эле, кыйынчылыктар биздин катабыздан улам болсо, жаңылыштыктарыбызды оңдой билишибиз керек. Акылга сыярлык сунуштарга каяша айтып, көшөрө бербейли. Акыйкатты бек сактоо менен бирге, каталарыбызды оңдой билели. Анткени, туура жолду тутунуу кишиге канчалык сооп алып келсе, катадан кайтуу да ошончолук сооптуу. 
***
Фетхуллах Гүлендин 7-апрель, 2009-жылкы баянынан алынып даярдалды.

Которгон: Канатбек Аманбаев