Мартин Лернер кишилердин апачык адилетсиздикти кантип актап-жактап калаарын изилдеген социалдык-психолог. Учурда ал 94 жашта.

Адилетсиз коомдук система менен репрессиялык режимдерди коомчулук кантип колдоп калат? Эмне үчүн орто статистикалык жаран жакындарынын азап чегүүсүнө бара-бара мерездешип, тескерисинче жапа чеккен кишини күнөөлөй баштайт?

Мартин Лернер жүргүзгөн изилдөөлөрдө кишилерге, мисалы, пациентке оройлук жана зомбулук кылган персонал тууралуу сүрөт жана видеоматериалдар көрсөтүлгөн. Мында кишилер көргөн зомбулукка кандай баа берээри өлчөнгөн.

Эксперимент аркылуу, адам баласы, адилеттүүлүккө ишенгендиктен, адамкерчилик сезимдерине жетеленип, себеп-натыйжа байланыштарын издеп отуруп, бир нече логикалык ой-жүгүртүүдөн кийин жапа чеккен кишиден күнөө издегенге өтөөрү билинген.

Катышуучулар, а деп эксперимент башталганда, зулумдук кылган кишини күнөөлөйт. Бирок бул зулумдук уланып, заалымга карата эч кандай чара көрүлбөй, ал жазаланбаса, жапа чеккен киши болсо эч кандай компенсация албаса, карапайым кишинин аң-сезиминде “төнкөрүш” болуп, ал мындай зомбулуктун себебин жапа чеккен кишиден издей баштайт. Карап отурган адам акыры, балким, жапа чеккен киши ушундай мамилеге татыктуудур деген бүтүмгө келет. Социалдык жашоодо мындай “жапа чеккенди күнөөлөө” синдромунун мисалын байма-бай көрсө болот.

“Адилеттүү дүйнө бар экенине ишенүү”, айрыкча, катып калган жана критикалык ой жүгүртпөгөн диний аң-сезимде уялайт. Эгер сиз, дүйнө Жараткан тарабынан түзүлгөнүнө ишенсеңиз, бирок андагы адилеттүүлүк үчүн күрөшүү керек экенин кабыл албасаңыз, акыры бийликке түрдүү айла-амал менен келген заалымдын да ар бир иш-аракетин жактоого өтөсүз.

Мартин Лернер бул экспериментинин натыйжалары менен андан алган бүтүмдөрүн 1980-жылдары чыккан “Адилеттүү дүйнөгө ишенүү – фундаменталдык ката” деген китебине жазган. Ошентип, “дүйнөдө адилеттүүлүк бар” деген, түпкүрүнөн таза сезимдин негативдүү “жүзү” да бар экенин далилдеген.

Адам баласы, негизинен, жеке жетишкендиктерин өзүнүн кыйындыгына байлап, башкалардын жапа чеккенин “бир нерсе кылган да, өзү күнөөлүү” деп эсептегенге жакын. Ошондуктан адилетүүлүк үчүн күрөшүүнүн аркасы менен келчү жагымсыз жагдайлардан алдын ала качып, башын кумга тыгып алууга даяр. Карапайым аң-сезимге, кандай болбосун жолдор менен утушка жеткен киши адилеттүү, кең пейил, ыймандуу көрүнүп, жеңилген тарап болсо, жогорудагы сапаттардан өтө алыс сыяктуу көрүнө берет.

Бирок эксперимент учурунда жапа чегип аткан киши пассивдүү болбой, өз таламын талашса, катардагы жарандын, анын күнөөлүү экенине карата күмөнү пайда болоору байкалган. Ошондой эле, экспериментке катышкан кишилерге, жапа чеккен тарап кийинчерээк кандайдыр бир компенсация алаары да айтылса, элдин ага карата мамилеси позитивдүү жакка өзгөргөн.

САРЕСЕП