Мерседес – БМВ, Кола – Пепси, Месси – Роналдо, Самсунг – Айфон, Мегаком – О! сыяктуу түбөлүктүү атаандаштар бар. Ушундай күчтүү атаандаштыктын болгону элге жакшы. Себеби сапат көтөрүлөт. Булардын катарына Android менен iOS системаларын да кошсок болот

Алгач булардын кандай система экенин түшүндүрүп кетейин. Орусча “опреационная система – ОС” деп коет. Жөнөкөй тил менен айтканда, машинанын мотору же адамдын мээси дегендей эле кеп. Андыктан булар аябай манилүү.

Эң кызыгы ушунчалык зор мааниге ээ Андроид системасы толук АКЫСЫЗ. 100% бекер. Эртең сиз бир телефон чыгарам деп калсаңыз Андроидди колдоно берсеңиз болот. Азыр дүйнө жүзүндөгү телефондордун 80% андроид менен иштейт. Андроид ГУГЛга таандык. Самсунгдан баштап LGге чейин, ортодо кытайдын телефондору да Андроидди колдонушат. ГУГЛга бир тыйын да төлөшпөйт. Бирок ГУГЛ дал ушул Андроидден жылына 31 миллиард доллар киреше табат. Кызык ээ, бекер товар таркат, бирок сага болбой эле жылына 31 млрд киреше түшүп турат.

Анда эмесе Андроиддин эмнеге бекер таркатылып жаткандыгынын сырын ачалы.

1) КОМИССИЯ: Биринчиден ГУГЛ бардык телефон чыгарган компанияларга эң биринчи беттерге өзүнө караштуу бардык программаларды жайгаштыруу шартын кошот. ГУГЛДУН издөө функциясы жана ПЛЕЙМАРКЕТ эң алгачкы саптарга коюлат. Элдер ПЛЕЙМАРКЕТ аркылуу ар кандай оюндарды, пайдалуу тиркемелерди жана ар түрдүү акысыз жана акылуу программаларды телефондоруна жүктөшөт. ГУГЛ ошол ар бир сатып алуулардан 30% акы кармап калат. ПЛЕЙМАРКЕТКЕ канчалык көп тиркеме жүктөлсө ГУГЛга ошончолук жакшы. Жылына ошол комиссиялардан эле 25 млрд доллар киреше табат экен.

2) ЖАРНАМА: Эл канчалык ГУГЛДУ көп колдонгон сайын, ошончолук көп өздүк маалымат чогултат. Ал маалымат аркылуу ГУГЛ реклама жөнөтөт. Андроид жөнеле кайырмак. Бирок Гуглдун тиши Айфонго өтпөйт. Айфонго ГУГЛДУН издөө функциясын киргизүү үчүн APPLE компаниясына жылына 12 млрд доллар төлөп турат экен. Андыктан ГУГЛ андроидди башка телефондорго бекер берүүгө аябай кызыкдар.

Дагы бир кызыктуу теманы кошо кетейин.

Баарыңар эле байкасаңар керек, телефондорубузда өмүрү колдонбой турган керексиз программалар бар. Же аларды өчүрө алсакчы… өчпөйт да. Бекер эле батарея менен память жеп отурушат. Көрсө мунун артында да чоң бизнес бар турбайбы.
Ошондой тиркемелерди чыгарган компаниялар телефон чыгаруучуга же мобилдик операторго укмуштай көп акча төлөшөт экен. Андыктан компаниялар колдонуучуга жагып жакпашын эске албай эле ушундай керексиз программаларды толтуруп салат экен. Кээде өздөрү да тиркеме иштеп чыгып, телефондоруна коюп салышат. Мисалы Самсунгдун эле канча программасы бар бирок дээрлик колдонулбайт.

Бирок Айфондо андай керексиз программалар жокко эсе. Себеби алардын негизги кирешеси программалар эмес. Өздөрүнүн телефондору жана аксессуарлары аркылуу акча табышат. Андыктан майда-чүйдө тиркемелер менен элдин башын ооруткусу келбейт. Жадагалса Американын чоң мобилдик операторлоруна да каршы чыккан экен. Алар өздөрүнүн керексиз тиркемелерин Айфонго орнотууга аракеттенишет. Бирок Apple “нараак ойногулачы” деп жооп берет. Apple менен иштешпей да кое алышпайт, себеби элдин баары Айфон колдонот. Муну билген Apple тигилердин сунушун четке кагып салат.

Жыйынтыктай турган болсок: Андроид элдин баарына керектүү жана пайдалуу программа чыгарып койду. Эл өзү бекер реклама кылып атат. Башкача айтканда берген да ыраазы алган да ыраазы.

Гуглдун кылганы: Шаркырап агып бараткан агын сууга кайыгын сала калып эле сүзүп бараткандай сезилип кетти…

Сүйүн Откеев