Бишкектеги саммитке барары алдында Орусиянын президенти Владимир Путин ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлерине кайрылды. Аны менен бирге орус лидери Борбор Азияда уюштурулган бардык саммиттерге катышууда. Кечээ ал Бишкекке учуп келди

Москвада жолугуп жаткан Шанхай кызматташтыгы уюмунун (ШКУ) жана КМШнын коргоо министрлерине Путин видеокайрылуу кылды. Анысында Орусиянын Украинага каршы согушунда Батыш күнөөлүү деп: “Батыш менен анын сателлиттери күчкө басым жасап, ондогон жылдары курулуп келе жаткан эл аралык коопсуздук архитектурасын талкалап, согуштарды ачып атат”, – деген.

Мындай сөзгө саясий аналитиктер Путин 24-февралда Украинага кол салганда, жеңип аларына ишенгендиктен, согушту өзү ачканын ачык айткан. Азыр болсо, украин армиясынын чабуулдарынан запкы чегип калып, жоопкерчиликти Батышка түртө салуу кадамдарын күчөттү деген ойдо.

Учурда Орусия президентинин тегерегиндеги кишилер да, анын ШОС жана ШКУдагы өнөктөштөрү да орус-украин согушунда иштер Путин пландалгандай кетпей жатканын билип калышты. Барган сайын Путиндин риторикасы жалдырап актануу позициясына өтүп жатканын баары байкап турат.

Акатануу менен бирге, Путиндин Орусиянын гана эмес, Казакстан менен Борбор Азия мамлекеттери кирген Евразия чөлкөмүнүн ажолук позициясына чыгуу аракеттери байкалууда. Анын “Евразия императору” болуу дымагы тууралуу орус расмий каналдары да аз-аздан каңкуулай баштады.

Владимир Путин Евразия мамлекеттерине таптакыр кереги жок жана алар каалабаган күндемдерди таңуулагысы келип атат. Учурда БА мамлекеттери, айрыкча Казакстан жаалданган орус бийлигинин айынан көзкарандысыздыгын жоготуп албайлы деп баштары ооруп жаткан чак. Анткени аларды күн өткөн сайын алсырап бара жаткан Орусиянын фонунда Кытай экспансиясынын күчөп баратканы да чочутат.

Евразия лидерлери улам токсичный болуп бара жаткан Путин менен бирге иш-чараларга катышууга мажбур. Кандай болбосун мындай жолугушуулар Украинадан жарат алган орус бийлигин жоокалатып турууга жарайт. Анткени орус-украин согушу кантип бүтөрү белгисиз. Путин Орусияны дагы жылдар бою башкарып калса кантебиз деген күтүү да бар.

Ошого карабай мына кечээ эле Өзбекстан менен Казакстан Путиндин Батыш санкцияларынан качуу ниетинде сунуштаган, өздөрүнө пайдалуу “үчтүк газ биримдигинен” баш тартышы. Ошентип БА лидерлери Орусиядан айбыкса да, учурда андан алысыраак болуу аракетинде экени ачык билинди.

Жансакта Сарбашов