Адатта, учурдагы Туркиянын президенти Тайып Эрдоганга жеңилип келген негизги оппозициялык партиянын лидери Кемаль Кылычтароглу 2023-жылкы президенттик шайлоодо жеңилип калса, саясий келечеги эмне болот?

Кемаль Кылычтароглу утулса саясий келечеги бүтөт. Ошондуктан келечектеги шайлоодо жеңе алчу талапкерге ЖХП партиясын өткөрүп бериши керек болот. Мындан улам ал Эрдоганга каршы сөзсүз аттануусу зарыл. Учурдагы президентти жеңип чыкканга аныкынан да күчтүү мүмкүнчүлүтөрү бар Анкара менен Стамбулдун мэрлери, партиялаштары Мансур Яваш менен Экрем Имамоглунун жолун тосуп атканы да ушундан.

Ошондуктан Эрдогандан жеңилип калууну мындай кой, 2023-жылкы шайлоого жалпы оппозициялык күчтөрдүн талапкери боло албай калганда эле саясий келечеги аяктайт.

Оппозициянын талапкери Мансур Яваш, же башкасы деп айтылса, алар шайлоо компаниясын уюштурганга үлгүрөбү?

Бул суроого жооп бериш үчүн: биринчиден, шайлоо болобу же болбойбу, же Эрдоган шайлоону бир жылга жылдырабы; экинчиси, шайлоо кайсыл датага коюлат экенин билишибиз шарт. Убакыт барган сайып тарып бара жатат. Эгер Кылычтароглу, Яваш же Имамоглу, б.а. үчөнүн бири тандалса, алардын шайлоо компаниясын уюштурууга убактылары жетет.

Анткени бул үчөөнүн прогамма, бюджет менен ураандары даяр жана алар медиада таанымал. Эгер оппозиция төртүнчү талапкерди тандаса, ал саясатчы үчүн убакыт жетиштүү болбой калат. Эгер ЖХП партиясы Кемаль Кылычтароглуну тандабаса, өздөрүнүн идеологиясына жакыныраак болгон Экрем Имамоглу тандалат.

Бирок Эрдогандын системасы Экрем Имамоглуна каршы кылмыш ишин ачып, бугуп жатканын билебиз. Мансур Яваш тандалса, анын өтмүшү түрк ультра-улутчулдугуна байланыштуу болгондуктан, чечүүчү 10% добушу бар күрт шайлоочусу аны колдобойт. Эрдогандын болсо бул үч талапкердин эң алсызы – Кылычтароглу менен атаандашкысы келип жатканы маалым.

Чын эле бир да күрт Мансур Явашка добуш бербейби?

Курттөрдүн бир бөлүгү Мансур Явашка добуш берет. Анткени алар жыйырма жылдан бери бийликте отуруп, Түркиянын ички жана тышкы саясатын туңгуюкка кептеген, күрттөрдү бир нече жолу талаада калтырган Эрдогандын саясаттан кетишин каалайт. Бирок ультра-улутчул мөөрү басылган саясатчыга күрттүн баары добуш бербейт.

Күрттөр Мансур Явашты колдобосо, ал Эрдоганды биринчи турда жеңе албайт. Күрттөрдүн ХДП партиясынын жетекчилери ага добуш бербейбиз дегени деген.

Эрдоган “шайлоо кылбайм, Түркияны өзүм каалагандай башкарам” десе эмне болот?

Эгер Эрдоган “дүйнө саясаты чиелешип кетти, мен бул ызы-чуу бүткөнгө чейин башкарам, андан кийин каалаганыңарды кылгыла” десе, аны колдогон исламчылар энеси эркек төрөгөндөй сүйүнөт. Бирок мындай кадам өтө кооптуу. Анткени, түрк шайлоочунун эң аз дегенде 60%зы аны каалабайт.

Бир гана калк эмес, мамлекеттик мекемелерде, укук-коргоо менен аскерде ага каршы пикирдеги далай аткаминер бар. Эрдоган канча каракет кылса да, бардык тарапты көзөмөлдөй алган жок. Ансыз да айласы кетип турган экономика терске кетип, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Туркиядан миллиондогон киши сыртка качат. Эрдогандын мындай кадамга барганга духу жетпейт.

Эрдоган бир айласын таап, кайра шайланып алса эмне болот?

Эгер Эрдоган дагы бир мөөнөт президент болсо, түрк калкы шайлоо деген институттан көңүлү калат. Эң биринчи кезекте жергиликтүү шайлоолор жок кылынат. Бардык жетекчини президент атап калат.

Анткени буга чейин Түркияда аскерлерге гана таянган автократия болсо, учурда калктын үчтөн бири, б.а. исламчылар колдогон автократиялык режим пайда болду. Мындай режимди бийликтен кетирүү да, анын башкаруусунун кесепеттерин оңдоп кетүү да оор болуп калды.

Мурунку аскерий башкаруу демократияны колдобосо да, сот, укук-коргоо, аткаруу жана көзөмөлдөө сыяктуу мамлекеттик инситуттарды калыптаган. Учурдагы исламчыл элиталар мындай институттарга таптакыр маани бербей, баарын бир кишинин өкүмүнө байлап берди. Эрдоганды кудай ордуна коюп, этегине намаз окуп калышты.

Исламчылар мамлекеттик мекемелер менен чектелбестен, улуттук жана эл аралык принциптер менен баалуулуктарды жок кылуу аракетине киришти. Азыркы Туркияга көз салганда, өлкөнүн экономикасын басып алып тим болбостон, бардык фундаменталдуу акы жана укуктарды тебелеген “кырк каракчыны” көрөсүң.

Жансакта Сарбашов