Суроо: Бейиш “жагымсыз нерселер” менен, Тозок болсо “кумарланткан нерселер” менен курчалганы жөнүндө баяндаган куттуу хадисти кандай түшүнөбүз?

Жооп: Суроодо келген хадис Бухарий жана Муслим жыйнактарында баяндалган. Бул Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) “жавамиул-калим” деп аталган кыска-нуска учкул сөздөрүнүн да сонун өрнөгү. Тактап айтканда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) көпчүлүк хадистериндегидей эле, мында да эки ооз сөз менен өтө көп нерселерди түшүндүрүп, терең маанилерди баяндаган. Суроодо айтылып жаткан хадистин тексти мындай:

حُفَّتِ الْجَنَّةُ بِالْمَكَارِهِ وَحُفَّتِ النَّارُ بِالشَّهَوَاتِ 

“Бейиш – көңүлгө жакпаган нерселер менен, Тозок болсо пендени кумарланткан нерселер менен курчалган”[1].

Бул хадистин мааниси мындай:

Бейиштин айланасы кишинин көңүлүнө жакпаган, кишиге оор туюлган нерселер менен курчалуу. Адам баласы көңүлүнүн ыгы менен кете бербей, ошол кыйынчылыктарга каршы тура алса, тактап айтканда, Кудайга кулчулук кылуунун талаптары боюнча иш кыла алса гана Бейишке жете алат. Тозок болсо көңүлгө жаккан нерселер менен курчалып турат. Адам баласы көңүлүнө жаккан, кумарланткан нерселерди кууп кете берет да, акыры Тозоктун түбүнө кулап түшөт.

Бул хадисти тереңирээк түшүнүү үчүн, оболу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) иштин жайын түшүндүрүш үчүн колдонгон “макарих” жана “шахават” сөздөрүнүн маанилерине  кыскача токтолуп, буларды талдаганыбыз туура болот. Көпчүлүккө тааныш болгон демейки “макрух” сөзү менен уңгулаш, мааниси жагынан да окшош “макрах” сөзүнүн көптүк формасы болуп саналган “макарих” – демейде көңүлгө жага бербей турган, аткаруу оор туюлган, кыйынчылык менен гана жасала турган нерселерди билдирет. Мына бул аятта да ошол эле уңгудан чыккан этиш менен сын атоочтун жогоруда айтылганга жакыныраак мааниде келгенин көрөбүз:

كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ وَهُوَ كُرْهٌ لَّكُمْ وَعَسَى أَن تَكْرَهُواْ شَيْئًا وَهُوَ خَيْرٌ لَّكُمْ وَعَسَى أَن تُحِبُّواْ شَيْئًا وَهُوَ شَرٌّ لَّكُمْ وَاللّهُ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لاَ تَعْلَمُونَ “Силерге жакпаса да (зарыл болгондо) согуш силер үчүн парз кылынды. Балким өзүңөр үчүн жакшы нерсени да жактырбай калышыңар мүмкүн. Өзүңөр үчүн жаман нерсени да жакшы көрүшүңөр мүмкүн. (Эң жакшысы эмне экенин) Алла билет, силер билбейсиңер”[2].

Мына ушул маанинден алганда, пенде сабыр кылып чыдашы керек болгон нерселердин ар бири “макарих” түркүмүнө таандык. Тактап айтканда, адам баласынын ибадаттардагы кыйынчылыктарга чыдамдуулук көрсөтүүсү, дененин жана көңүлдүн талаптарына баш ийе бербей, күнөө иштерге каршы туруп кайраттуулук менен сабыр кылышы, башына келген кыйынчылыктар менен кырсыктарды да сабырдуулук жана Жаратканга ыраазычылыктын негизинде кабылдашы – аны Бейишке жеткире турган өтө маанилүү иштерден. Мындай кыйынчылыктар менен мүшкүл иштер пенденин көңүлүнө жакпайт. Кыйынчылыктарды көтөрө билүү, тоскоолдуктарды жеңүү ага оор келет. Демек, аталган хадисте Бейиштин дал ошондой көңүлгө жакпаган, пендеге оор келген кыйынчылыктар менен курчалып турары айтылган. Бейишке жеткиси келген ыймандуу пенделер да андай кыйынчылыктардын баарысын жеңиши керектиги кыйыр түрдө баяндалган.

Ар бир амалдын машакаты менен түйшүгү ар башка. Мисалы, күн суукта, шарттар төп келбей кыйынчылык жаралган учурларда даарат алып намаз окуу да демейки убактарга караганда көңүлгө жакпай, кишиге оор келет. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) машакат болуп турган кездерде жакшылап даарат алуу күнөөлөрду жууп, даражаларды бийиктете турган жакшы иштерден экенин эскерткен[3].

Ажылык парзын аткаруу ого бетер оор иш. Айрыкча, илгерки замандарда кишилер чоң машакаттар менен коркунучтарга карабай жөө басып, же атчан-төөчөн узак жол жүрүп ажылыкка барышчу. Кураны Каримде ажылыктын парздыгы кишинин материалдык жана ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү бар болушуна байланыштырылганы да[4] бул ибадатта машакат бар экенин көрсөтүп турат. Бирок, тарткан түйшүккө жараша ажылыктын сообу да абдан чоң. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Кимде-ким Алла үчүн ажылыка барып, жаман сөздөрдөн, кыймыл-аракетерден жана Аллага каршы иш кылуудан сактанса, энесинен төрөлгөн күндөгүдөй (күнөөлөрүнөн арылып) кайтат”[5].

Зарыл болгон учурда жихадка аттануунун машакаты дагы мындан алда канча зор. Мына ошол себептен бир топ аяттар менен хадистерде жихаддын сооптору менен артыкчылыктары тууралуу айтылган. Мисалы, бир аятта Алла Таала ыймандуу пенделеринен Бейиштин ордуна алардын жандары менен мал-мүлкүн сатып алганы айтылган[6]. Мындан башка да аткарылышы түйшүк жараткан дин буйруктары жөнүндө айтса болот. Демек, Бейиш кишинин көңүлүнө жакпаган жакшы иштер менен курчалган. Булардын жолун басып өтпөй туруп Бейишке жетүү мүмкүн эмес.

 Адам баласына кээ бир жакшы иштердин оор келип, көңүлүнө жакпашынын себеби – пенденин ырахат жашоого, оюн-зоокко берилүүсү, көз алдындагы утурумдук жыргалчылыкты жакшы көрүүсү, аягы кайда барарын ойлонбоосу, Жараткан Алладан буйрук болгон иштердин сырлары менен пайдаларын биле албастыгы өңдүү ар кандай факторлорго такалат. Негизи, даарат, намаз, орозо, зекет, ажылык өңдүү ибадаттардын ар биринин эле ушул дүйнөгө таандык сырлары да, акыретке тиешелүү натыйжалары да бар. Аалымдар булар жөнүндө көп нерселерди баяндап жазышкан. Ибадаттардын артында жаткан сырлардын эң маанилүүсү – алар бизди Аллага жакындаштырып, Анын ыраазычылыгына жеткирет. Ошондой эле бизди акыреттин түбөлүк жашоосуна даярдап, түбөлүк түгөнбөгөн сый-дөөлөттөргө татыктуу абалга апкелет. Мына ушуларды түшүнө алган киши үчүн ибадаттардын кыйынчылыгы менен түйшүгү деле калбайт. А бирок сыртынан караганыбызда, ибадаттарда машакаттардын барлыгына дагы көз жума албайбыз.

Анын үстүнө, кыйынчылык салыштырмалуу нерсе. Демек, ал ар бир кишиге жана ар кандай убакытка жараша ар башка болорун да эстен чыгарбашыбыз керек. Мисалы, ибадаттар адегенде оор туюлушу мүмкүн болсо да, дайыма кайталанган көнүгүүнүн натыйжасында киши ибадат кылгандан тажабай калат. Ошентип, ибадаттарды өз табиятына жуурулуштура алса, башында кыйын болуп сезилген нерселер ага жеңил боло баштайт. Атүгүл, дайым аткарып жүргөн ибадаттарынын бирин кокус чала калтырса эле өкүнүп, кайгы тартат. Ал гана эмес, белгилүү деңгээлге жеткенден кийин жеп-ичкенден, бала-бакырасы менен чогуу болуудан ырахат алгандай эле, ибадаттарынан да ырахат ала баштай. Ибадат маселесинде туу чокуда турган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) демейде биз тамак-аш жегенден ырахат алганыбыздай, намаздан да өзгөчө ырахат аларын айтканы бар. Албетте, бул руханияты туу чокуга жете бийиктеп өскөн пенделерге таандык иш. Ар бир киши мындайга жете бербесе керек.

Хадистеги экинчи сөз “шахават” деп айтылган. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Тозоктун “шахаваттар” менен курчалып турганын баса белгилеген. Шахават деген сөз – пендени кумарланткан, көңүлүнө майдай жаккан, көңүлү көксөп турган бардык нерселерди билдирет. Ошондуктан “макарих” жана “шахават” сөздөрү карама-каршы маанидеги (антоним) сөздөр болуп саналат.

Ислам дининде тыюу салынган, күнөө иштер пенденин көңүлүн өзүнө тартып турат. Напси балээ арам-адал деп ажыратпай каалашынча жеп-ичкенди, көңүл көксөгөндүн баарысын жасаганды, бул жашоодо мүмкүн болушунча көбүрөөк жыргап-куунаганды жактырат. Ушул максатка жетиш үчүн пендени артынан ээрчитип күнөө иштерди карай жетелейт. Адам пенде  күнөөнүн баткагына бир эле батса, кайра оңойчулук менен өз эркине ээ боло албай калат. Балга түшкөн чымын андан чыга албай калгандай, пенде да күнөөнүн сормо сазынан кутулуп кете албай калат.

Адам баласынын мына ошондой азгырык сезимдер менен көңүлү көксөгөн нерселерге карата өзүн тизгиндей алуусу – өз эркин толук ишке салуусуна байланыштуу маселе. Демек, адам баласы ибадаттарын аткарууга бекем тургандай эле, арам нерселерге каршы турууда да тормозун баса билсе, бул жаатта дайыма эркинен жана кайратынан жазбаса, убакыттын өтүшү  менен бул деле ал үчүн оңой маселеге айланат. Атүгүл “жээликтиргич напси” (нафси аммара) баскычынан өтүп, “өзүн айыптай билген напси” (нафси лаввама) жана андан аркы бийик деңгээлдерге чыга алгандар куу напсини толук башкара алышат. Белгилүү чектерден кийин напси да чөгөлөп бергенге аргасыз болот да, акыл-эс менен адам эркинин сыртына чыгып кете албайт.

Мына ушундан улам эгер Бейиштин айланасын курчаган коргондон ашып өтүп, түбөлүк бүтпөс бакытка жетүүнү кааласак, анда акырындап көнүгүп олтуруп, ибадаттарга бекемдикти жана күнөөлөрдөн алыс болууну өзүбүздүн ички табиятыбызга айлантышыбыз керек.  Жаман иштерге, күнөөгө каршы турууда кайраттуулугубузду сактап, позициябыз дайыма бекем болууга тийиш. Күнөөлөрдүн жаман акыбети бар экенин напсибизге кабыл алдырышыбыз зарыл. Кыскасы, күнөө ишке баруудан Тозокко түшкөндөй сезгенели. Албетте, ушундай деңгээлге жетүү жолунда напсибиз да оңой менен артка кетенчиктебей турганы эсте болсун. Тактап айтканда, куу напси бизге ибадаттарды жагымсыз, оор көрсөтүп, күнөөлөргө кызыктыра берери анык.

Улуу устат: “Айбанчалыш болбо, денеңдин талаптарын ташта! Жүрөк менен руханияттын тирүүлүк даражасына көтөрүл!” деп айтат. Албетте, мына ошондой тирүүлүктүн бийик даражасына канат кагып көтөрүлгөн пенде напсинин тартылуу күчүнөн алыстайт. Ошентип, ал шайтанга да бута болуп бербейт, куу напсиге да куурчак болуп калбайт.

Мухаммад Фетхуллах Гюлен

2023-жыл, 25-декабрь.

Которгон: Алмамбет Осмон уулу.

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев


[1] Бухарий, Рикак 28; Муслим, жаннат 1

[2] Бакара сүрөсү, 2/216

[3] Муслим, тахарат 41

[4] Аали-имран сүрөсү, 3/97

[5] Бухарий, хаж 4; Муслим, хаж 438

[6] Тауба сүрөсү, 9/111