Элестеткиле… Мбанк, Яндекс Такси, Mashina.kg, Cinematika.kg, Whasapp, Instagram, Facebook, Twitter, Google Maps, Амазон, Паспорт стол, Коопсуз шаар сыяктуу тиркемелердин баары БИР ТИРКЕМЕНИН ичинде!
WeChat дал ушундай СУПЕР ТИРКЕМЕ! Ичинде балакеттин баары бар. Ошондуктан колдонуучусу 1 миллиарддан ашкан

ВИЧАТ кантип ушул деңгээлге жетти?

1.Вирустук Функциялар

WeChat 2010-жылы Кытайда негизделген. Адегенде эле вирустук функциялар менен элдин көңүлүн буруп алат. Бири-бирин тааныбаган колдонуучулар телефондун титирөөсү менен кокустан эле таптакыр бейтааныш бирөөгө байланышып калат. Бул жаштарга аябай жагат, дагы кандай бирөө менен таанышып калат экемин деп бул функциясын улам колдоно беришет. Андан сырткары Кытайдын улуттук бир оюнун негизинде колдонуучулар майрам күндөрү бири-бирине акчалай белек жөнөтө алышат. Атайын группаларды ачышып, ошол жака акчалай белекти ыргытышат. Ким биринчи ачса акча ошонуку болот. Кыскасы кызыктуу оюндар аркылуу бат эле колдонуучулардын санын көбөйтүп алышат.

Анан WeChat Pay деп өздөрүнүн төлөө системасын түзөт. Дароо эле 30 миллиондон 100 миллионго өсүшөт жана Ali Payге атаандаш боло баштайт. Биздин Мбанк же О!Деньги сыяктуу бардык нерсени ВИЧАТ ПЭЙ аркылуу төлөөгө өтүшөт. Жөнөкөй чат-тиркемеден олуттуу каржы-тиркемеге айлана баштайт.

2.Timing

Туура жерде туура убакта түзүлдү. 2010-жылы Кытайда смартфондор эми гана өнүгө баштаган кез эле. Ал убакта 36 млн смартфон болсо 2012-жылы 214 млн смартфон сатылат. WeChat ошол ыргакка түшүп алып смартфондор менен чогуу өнүгө берет.

3.Big Boss

ВИЧАТТЫН ийгилигинин эң негизги сыры Кытай бийлиги менен болгон тыгыз мамилесинде. Бийлик эмнени талап кылса ошону аткарат. Кимдир бирөөнүн жеке маалыматы керек болсо дароо бере салат. Ватсапка окшоп шифрлөө деген темалардан алыс болушат. Кытай бийлиги буга ыраазычылык катары Фейсбук, Гугл сыяктуу гиганттарды өлкөгө киргизбей коет. Ушундан улам WeChat атаандашсыз чоңойууда. Кээ бирөөлөр муну Кытайдын “расмий” тиркемеси деп коюшат экен.

Дүйнөлүк чоң корпорациялар Кытайга кире албаса да WeChat’тын ийгилигин дайыма байкап турушат. Өзгөчө Фейсбук аябай кызыгат. Мен эмнеге ушундай супер-тиркеме боло албайм деп ойлонуп жүрөт. Фейсбук Мессенджерге улам жаңы оюндарды, төлөө мүмкүнчүлүктөрүн жана бизнес үчүн чат-ботторду киргизип жатканы да мына ушундан.
Азыркы учурда Кытайда “наличка” деген нерсе жок экен. Ошон үчүн кошелек колдонушпайт. Акчасы да, паспорту да телефондун ичинде. Жадагалса кайырчыга да акчаны QR-код аркылуу электрондук акча менен төлөшөт экен. Бирок телефонуң жоголуп кетсе жашооң токтойт экен.

Кыскасы WeChat азыр дүйнө жүзүнө үлгү болуп жаткан учуру. 2018-жылдан баштап Малазияда ишмердигин жүргүзүп жатат. Азыр Кыргызстанда да ушундай супер-тиркеме болом деген компаниялар бар. Балким болуп калаар, ким билет. 50 жылдан кийин дүйнөнү мамлекеттер эмес ири корпорациялар башкарып калат деген теория чындыкка айланып бара жаткандай

Негизи бардык нерсенин бир жерде болгону жакшыбы же жаманбы? Кокус тиркемеге бирдеме болсо жашооң токтоп калчудай го. Силердин оюңар кандай?

Сүйүн Өткеев