Орусиянын Украинага кол салуусунан кийинки, Госдуманын жазгы сессия бою демилгелеген жана чыгарган мыйзамдарына көз чаптырганда, орус бийлигинин репрессивдүү ниети менен аракети канчалык күчөгөнүн байкаса болот

Анын натыйжасында, чет элдик жаран же уюм менен кандай болбосун алакада болгон ар бир киши менен уюмду, же жөн эле бейформал топту “иноагент” деп жарыялаганга мүмкүнчүлүк ачылды.

Аны менен бирге, Госдума орус президентинин ыйгарым укуктарын эбегейсиз кеңейткен мыйзамдарды да кабыл алды. Алардын арасында, орус ажосуна валюта-каржы базарында тигил же бул аракеттерге уруксат берген же тыюу салганга укук таанылды. Ошондой эле, орусиялык өкмөткө да кошумча ыйгарым укуктар берилип, ага “атайын согуштук операция” үчүн эмгек күчү жана өндүрүш ресурстарын мобилизация кылууга уруксат берилди. Башкача айтканда, өкмөткө, менчиктин формасына карабай, бизнес-структуранын кишилери менен жабдыктарын каалагандай колдонууга жол ачылды.

Андан сырткары, Госдума “атайын согуштук операцияга” катышкандарга түрдүү каржы булактарын ачып берди. Мисалы, Украинага каршы баскынчылык согушка катышам деген жаранга 200 миң рублга чейин айлык каралды. Аны менен бирге, эгер тирүү кайтып келишсе, “ветеран” статусу берилип, алар түрдүү компенсацияларды да алмакчы.

Кызыгы, орусиялык чек арачылар да “басып алууга каршылык көрсөтчүлөр” деген формулировка менен ошол эле категорияга кирип, аларга да түрдүү каржы мүмкүнчүлүктөрү ачылмакчы. Демек, буга чейин, орус бийлигинин өлкөсүнүн сыртындагы “атайын согуштук операция” гана болот деген ою болсо, эми акылына “душман биздин өлкөгө кол салат” деген да чочулоо да келгени билинди.

Орус бийлигинин алдында, Украинанын быйылкы 24-февралдан кийин басып алынган аймактарын Орусияга кошуп алуу маселеси да турат. Болжол боюнча, ал аймактарда (Украинанын Херсон, Запорож облустары жана Харьков облусунун бир бөлүгү) быйылкы сентябрдын ортосуна чейин референдумдар өтмөкчү. Бул тууралуу ал аймактардын, орус бийлиги койгон, чиновниктери айтып баштады. Бирок Кремлдин лөктөрүнүн бирөө да бул теманы козгой элек.

Бул жарым жылда, Орусиянын учурдагы президенти Владимир Путиндин жеке бийлигине карата үч түрдүү аракеттер өтө кооптуу деп эсептелгени билинди. Алар: орус бийлигин элге угуза сындоо; оппозициялык талапкер же жактоочу катары жергиликтүү же федералдык шайлоого катышуу; оппозициялык массалык иш-чараларды жар салуу, аларды уюштурууга же өткөрүүгө аралашуу, аларга катышуу. Булар үчүн административдик жана кылмыштык мыйзамдары кабыл алынып, активдүү колдонула баштады.

2022-жылы эң көп колдонулган берене фейктерди же, чиновниктин тили менен айтканда, “атайын согуштук операция тууралуу жалган маалымат” таратуу болуп калды. Ушул убакка чейин орус армиясынын аброюна шек келтирүү боюнча 3033 протокол түзүлгөн. Бул, ар бир иш күнү 35 протокол түзүлүп жатат дегендик. Экинчи “модный” берене “тыюу салынган символиканы көрсөтүү” болуп калды. Мисалы, полистер Навальныйдын ишин жактырбаган бир оппозициялык саясатчынын машинесине Навальныйдын уюмунун логосун чапташып, анан ага административдик протокол түзүп коюшту.

Орус укук-коргоо органдарынын акыркы активдүүлүгү 11-сентябрда өтчү шайлоолорго байланыштуу экени билинди. Айрыкча, жергиликтүү шайлоолорго катышчу оппозициялык талапкердерди саясий талаадан жок кылуу операциясы кызуу жүрүп жатат. Орус бийлигине каяша айткан учурдагы депутаттар менен божомолдуу талапкердин баары административдик жаза тепкичинен өткөрүлүп, акыры, эгер “намекту” түшүнбөй, Орусиядан качып кетпесе, кадимки кылмыш иштери ачылып, капаска солонууда.

 Орусиянын Минюсту, алты апталык жайкы эс алуусунан кийин, “иноагент” деген айыптоосун кайра улантты. Өргүүдөн чыгары менен Илья Яшин жана Татьяна Лазарева сыяктуу оппозициялык саясатчы жана коомдук активисттердин он чактысын “иноагент” деп жар салды. Мыйзам боюнча алар менен кандайдыр бир алакаңыз болсо, сиз да, эң азы, ошондой доого жыгыласыз.

Минюст менен бирге өргүүдөн кайтып келген орусиялык Тышкы иштер министрлиги “Орусияга дос эмес мамлекеттердин” тизмесин узартууга киришти. Мындай статус орус мыйзамдарында 2021-жылы пайда болуп, алгачкы “дос эмес” мамлекет АКШ болгон. Согуш башталгандан кийин мындай кине дээрлик бардык батыш демократиялык мамлекеттерине ыйгарылды. Андан сырткары Жапония менен Түштүк Корея да оруска дос эмес деп табылган. Өргүүдөн кийин Орус ТИМи Греция, Дания, Словения, Хорватия жана Словакия оруска дос эмес деди.

Бул тизмеге кирген мамлекеттердин элчиликтерине орус жарандарын жалдоо жана аларга виза берүү чектелет. Кыскасы, орус бийлигинин бул санкциясынан орус жарандары гана жапа чекчүдөй көрүнөт. Орус президентинин атайын токтомуна ылайык, “дос эмес өлкөнүн” жарандары менен мекемелерине, орусиялык жарандар менен мекемелер валютанын ордуна рубль төлөп салууга укугу бар. Бирок орус рублун кайсыл чет өлкө кабыл алаары азырынча белгисиз.

Ошондой эле, Украина террордук мамлекет деп табылып, ага жардам берген мамлекеттин баары “террорчу мамлекетке кол-кабыш кылгандар” деп таанылды.

Таалайбек Маматов