18 января 2016 г. 12:55 757

Ар бир элдин маданиятын, адабиятын, нарк-насилин алып жүргөндөр, аларды өнүктүргөндөр чыгармачыл адамдар эмеспи. Дал ошондой чыгармачылык чөйрөсүндө төбөсү көрүнгөн жаш акын, журналист, манасчы, тамада, ошол эле учурда айтыш өнөрүнүн устасы Жылдызбек Турсунбаев менен маек курдук

– Саламатсызбы, Жылдызбек байке. Убактыңызды бөлгөнүңүзгө ыраазычылык билдиребиз. Анда эмесе, дароо эле маегибизге өтсөк. Сизди көпчүлүк акын, журналист, тамада жана манасчы катары билет. Ал эми сиз бизге жөн гана Жылдызбек Турсунбаевди таанытып берсеңиз?

– Жылдызбек Турсунбаев чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн Кыргыз Республикасынын катардагы жараны. Бала кезинен бери атасы айткан “Манас” эпосуна, “Эр Табылды”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” санжырасына сугарылып өскөн жигит болгондуктан, көңүлү адабиятка аябай жакын. Эртең менен келгенге иши бар, кечинде үйүнө барса, тосуп алар киши бар дегендей, бир үй-бүлөнүн ээси, өтө сезимтал, өтө ойчул жана ошол эле учурда өтө аша чапкан тамашакөй жан.

– Бир нерсе ишке ашыш үчүн ага кандайдыр бир аракет, же кандайдыр бир таасир, же бир сырдуу күч түрткү берет эмеспи. Анын сыңарындай, сиздин акын болуп калышыңызга ким же болбосо эмне негизги түрткү болду?

– “Акын болуп жаралат” деген сөз бар. Эгерде аракет аркылуу акын болуу мүмкүн болсо, анда ар бир адам акын болуп кетмек. Анткени менен табияттан берилген артыкчылык ар инсанга ыроолонбойт. Өзүңдө бир таланттын учкуну болуш керек. Аны багып, андан ары өркүндөтүп кетүү ар адамдын өз колунда. Менин чоң атам – чоң санжырачы, атам манасчы-жамакчы болуптур. Бул да чоң таасир берди, албетте. Бирок беш бир туугандын ичинен ыр жазуу бир гана мага буюрган экен. Албетте, мен толук кандуу, мыкты акынмын дегенден алысмын. Ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн, кандайдыр бир жаңы уйкаштык таап алса ошого сүйүнгөн, ошол күндү ийгилик жаратып алгандай сүйүнүч менен, жылмайыңкы көз ирмемдер менен өткөргөн адаммын. Издениш керек, окуш керек, жазыш керек, талыкпаш керек. Коом сага “жаш акын” деген ысымды берип жаткандан кийин ошол “жаш акын” деген ысымды “Кыргыз эл акыны” деген наамга чейин өстүргөнгө күч жумшаш керек. Ал нерсе албетте, көп эмгекти талап кылат. Андан качпай, тескерисинче, ага карай түз багыт алып барыш керек.

– Бардык эле чыгармачыл адамдар чыгарма жаратуу үчүн “эргүү” керек деп айтып коюшат эмеспи. А бирок ошол эргүү каалаган убакта эле келе бербейт. Эргүү бир келет да кетет, жаза турган нерсени ошол учурда жазып калыш керек дешет. Ал эми сиздин илхам, чыгармачыл эргүүңүз качан, кандай учурларда келет?

– Кыйналганда, сүйүнгөндө, ойлонгондо, кыжалат болгондо келет, көбүнчө. Негизи, ыр жазган адам же жашап жазат, же жасап жазат. Экөө тең акынга керек нерсе… Жашап жазганда, башыңдан өткөн кандайдыр бир окуя жүрөгүңө таасир берип калса, ошону ойлонуп, толгонуп жүрүп акыры бир ыр, же чыгарма жаратасың. Ошондой эле жасап жазган да учурлар болот. Ал үчүн акындын кыялы, фантазиясы абдан күчтүү болуш керек. Көрбөгөн нерсени көргөндөй кылып жазыш керек. Мисалы, мага азыр Гренландия аралында жүргөнүңдү элестетип жаз десе, мен китепте окуган маалыматтарымды колдонуп, өзүмдүн фантазиямды кошуп элестетип жазам. Албетте чындап баргандай болбойт, бирок ошондой элестүү жаза билүү дагы керектүү нерсе. Көпчүлүк учурда “бул жашап жазбай эле, жасап жазат” деп сындай беришет. Деги, жасап жазуу ой-чабытты өстүрөт. Бирок, албетте колдон келишинче жашап, көз менен көрүп, мээ менен туюп жазганга жетпейт. Эргүү демекчи, мурда “Эргүү сөзсүз келет, ошол келгенде ыр жазам. Эргүү жок, ыр жазылбай жатат” деп ойлочумун. Көрсө, эргүүнү жаратса да, чакырса да болот экен. Мисалы, “менмин” деген кыйын акын-жазуучулар деле чыгармаларынын баарын басып-туруп жүрүп эле жазып коюшкан эмес. Алар да бир бөлмөгө камалып алып чыкпай, тамакты ордунан ичип, ашыкча көңүл ачууга, майда-барат нерселерге убакыт коротпой жазган. Камалып алып жазуу да, эргүү чакыруунун өзүнчө бир түрү.

– Кечээ жакында эле кыргыз тилин көтөрүүгө кошкон салымыӊыз үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйландыӊыз. Бүгүнкү күнгө чейинки жараткан ийгиликтериңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз жана кайсыл ийгилигиңизди өзүңүздүн эң чоң ийгилигим деп эсептейт элеңиз?

– Эң чоң ийгилигим – күндө эртең менен туруп, көзүмдү ачканда, тирүү экениме шүгүр кылуум, жасай турган жумушумдун бар экенине ишенип, ал ишке кечикпей барууга умтулуум, ошол жасаган ишимден канаат алуум. Аткарган жумушуңа карата ар кандай сыйлыктар ыйгарылчу кез болот. Ал сыйлыктардын ар бирине мен мындай сыйлык алдым, төмөнкүдөй ийгиликке жетиштим деп көөдөн кергендин өзү – нукура адамгерчиликке жатпайт. Чечен айтыштан баш байге алганым, “Дил чабыт”, “Жаралуу сезимдер” поэтикалык китептердин автору болгонум, “Маданияттын мыкты кызматкери” наамым, “Кыргыз тили” төш белгисинин берилиши, же “Мыкты тамада” даражасы – булар менин оюмча улам-улам жаңы бийиктикке көтөрүлүү үчүн шыктандыруучу баскычтар. Мен өзүм укмуш ийгилик жараттым дегенден алысмын. Бир гана келечекте жарала турган чоң ийгиликтердин изи, чыйыры мына ушулар деп баса белгилеп кетет элем.

– Cиз жазган ырларды эстрада ырчылары да ырдап жүрүшөт. Жакында эле Кундуз Качкынбаева менен биргеликте Нурлан Насипке “Ысык-Көлүм” аттуу ыр жазып берген экенсиз. Ошол ырыңыз КТРдин музыка каналында “Жылдын мыкты ыры” наамына ээ болуптур. Ушул ырдын жазылуу тарыхы тууралуу айтып берсеңиз.

– Мен өзүм кааласам да, каалабасам да коомдун бир бөлүгү болгондон кийин, учурдагы жаралып жаткан ырлардын тексттери жөнүндө азын-оолак өзүмдүн кайчы пикирлеримди айтып, сындаган учурлар кездешет. Анын аркасы менен жаш ырчылардын көбү: “Ушунчалык эле сындап жаткан болсоң, балким сен жакшыраак жазарсың” деген мамиле менен мага кайрылып обондорун берген учурлар болду. Чындыгында ошол обондорду угуп, көңүлүмө, жүрөгүмө жаккандарына сөз жазып берип, мамиле кура баштадык. Албетте ал ырчылардын арасынан ийгиликтүү долбоорлордун бири Нурлан Насип экөөбүздүн кызматташтыгыбыз деп ойлойм. Нурландын “Маякчы карындаш” деген ырын теледен катуу сындагандан кийин “Ал ким экен” деп тескери басып кетпей, тескерисинче, мага коңгуроо кылып, кеңсеге чейин издеп келип обонун таштап кетип, сөзүн жазуумду талап кылган. Нурландын жигиттик артыкчылыгы, чыгармачылыкта изденүүсү да дал ошол болду окшойт. Талабына жараша ыр жаздым. Аны Нурлан ырдап чыкты, коомчулук жакшы кабыл алды. Экөөбүздүн жараткан биринчи эмгегибиз “Туулган күн” деген ыр болду. Кийинкилери: “Эки жаш”, “Мейли”, “Сага сүйүүм түбөлүк”. Кыскасы, ар бир жазып берген ырым эл арасында сүймөнчүлүккө ээ болду. Ошондой ырлардын бирөө жайдын аптаптуу ысыгында жазылган “Ысык-Көл”. Нурлан биринчи обонун алып келген. Мен обонун жактырып сөзүн жазып бердим. Эми минтип ошол ыр жыл жыйынтыгында “Мыкты ыр” наамына татып олтурат.

– Чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү сахнага ар бир чыкканда сүрдөйт дейт. Сизде сүрдөө болобу, болсо аны кантип жеңесиз?

– Башында чыккандагыдай сүрдөбөйм. Адамдын көзү бышып, жетилип, каныгышы керек. Айтып жатпаймынбы, өнөр деген ар бир адамга ар кандай берилет. Мендеги өзүмө жаккан, өзүм да кээде таң калган жөндөм, бул турган жерден бир нерсени жаратып жиберүү. Жагдай тескери айланып кетсе да, алдастап өзүмдү жоготуп коюу деген жок. Болсо болгондур убагында, азыркы тапта жок. Бирок, албетте элдин алдына чыгып жатканда сүрдөйсүӊ. Кээ бирөөлөр: “Бул жерде аттуу-баштуулар отурат, кантип сүйлөйм, эми кантем?” деп өзүн жоготуп, калтырап-титиреп калышат. Мен тескерисинче, менден күчтүү, менден улуу, аты чыккан таанымал адамдар маңдайымда отурса алардан коркуп, сүрдөп, бүжүрөп калбай, ошолорго өзүмдү көрсөтүп, ачылып кетмей адатым бар. “Сен мындай жүргөндө башкача экенсиң, сахнага чыксаң эле ачылып кетет экенсиң”, – деп айланамдагылар да аябай таң калышат. Толкунданбаган адам чыгармачыл адам эмес. Ал эми толкунданууну колуна ала билген адам – ал профессионал!

– Убакыт таап, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем.